АТУУЛДУК АР-НАМЫСЫ ЖОГОРУ ИНСАН

  • 18.11.2022
  • 0

География илимдеринин кандидаты, профессор, КР География коомунун президенти, «Даңк» медалынын ээси Саламат Аламанов 75 жашта

АТУУЛДУК  АР-НАМЫСЫ ЖОГОРУ ИНСАН

Орус география коомунун президенти С.К. Шойгу менен кыргыз география коомунун ортосундагы кызматташтык боюнча түзүлгєн документке кол коюу учуру

Адамдар инсандык насили, жашоодогу максат-мүдөөлөрүнүн, реалдуу активдүү ишмердүүлүгүнүн масштабы жана натыйжалары менен айырмаланат. Кыргыз коомунун табият таануу илимдеринин соңку тарыхындагы ушундай инсандардын көч башында М. Ломоносов атындагы Москва мамлекеттик университетинин бүтүрүүчүсү, география илимдеринин кандидаты, профессор, Кыргыз Республикасынын Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчиси, Кыргыз улуттук академиясына эмгек сиңирген кызматкер, Ысык-Көл районунун ардактуу атуулу, Кыргыз Республикасынын география коомунун президенти, «Даңк» медалынын ээси Аламанов Саламат турат.

Саламат агайдын көп кырдуу ишмердүүлүгүн бир тармактын же бир мекеменин чегиндеги адис катары кароого болбойт. Ал өзүнүн кесиптик ишмердүүлүгүнөн сырткары коомдун, улуттун бүгүнкүсү менен эртеңине таандык татаал маселелерге такай сереп салып, орун алган олуттуу көйгөйлөрдү башкалардан мурда туюп, ишке ашырууга активдүү катышып, башкаларды да шыктандырып келген атуулдук ар-намысы жогору инсан. Ошондуктан Саламат агайды Кыргызстанда географтар бекеринен кумир тутпаса керек.

Бардыгыбызга белгилүү болгондой, республиканын көптөгөн калктуу пункттарында борборлоштурулган суу менен камсыз кылуучу түтүктөрдүн иштебей калышынан же жоктугунан мекендештерибиз дарыялардагы же көлмөлөрдөгү сууларды ичүүчү суу катары пайдаланып келишет. Ал жерлердеги суунун сапатына же химиялык курамына көзөмөл жүргүзүлгөн эмес. Санитардык абалы да тийиштүү талаптарга жооп бербейт. Мына ушундай жагдайларда Саламат агай жашы 75ке чыгып калса да таза суу көйгөйүн козгоп, Кыргызстанды кыдырып, агын сууларынын сапатын, химиялык курамын иликтеп, айылдарды таза суу менен камсыз кылуу боюнча илимий иштер менен алектенип келет. Натыйжада, Кытайдын Илимдер академиясынын Шынжаң бөлүмүнүн География жана экология, Чунциндеги Жашыл жана алдыңкы технологиялар институттары менен кызматташтыкта, Илимий коомдордун эл аралык Альянсынын демөөрчүлүгү астында Кыргызстанда ичүүчү суусу абдан кооптуу делген 11 айылга суу тазалоочу жабдыктар коюлду. Мындан сырткары Бишкек – Ош альтернативалуу жолу топографиялык изилдөө иштерисиз курулуп калгандыктан, учурда Жумгал – Тогуз-Торо аралыгындагы жолдо таш, шагыл аралаш кулап, жол жүрүү абдан кооптуу. Аталган аймакты Саламат агай жетектеген география бөлүмүнүн, Борбордук Азиянын экологиясын жана айлана-чөйрөсүн изилдөө борборунун кызматкерлери экспедицияга чыгып, илимий иштерди жүргүзүүдө. Демек, илимий изилдөө институттар аткара турган иштерди Саламат Аламанов жалгыз өзү демилге көтөрүп, иштеп жүргөнү анын илимий дараметинин күчтүүлүгүнөн кабар берет.

Алтын медалга татыган алтын эмгектер

Саламат Аламановдун жетекчилиги астында «Физическая география Кыргызстана» деген аталыштагы, көлөмү 73,5 басма табактан турган монография 2013-жылы жарык көргөн. 2015-жылы аталган эмгек Москва шаарында өткөн ВДНХнын бүткүл дүйнөлүк китептер көргөзмөсүндө алтын медалга, Лондон, Париж шаарларында өткөн бүткүл дүйнөлүк китептер көргөзмөсүндө да алтын медалга татыган. Чет өлкөлөрдө алтын медалдарга татыган бул монография биздин өлкөдө бааланбай жатышы бизди өкүндүрөт. Чындыгында эле бул эмгек табият таануу илиминде жана республикабыздын жаратылышына кызыккан окурмандар үчүн баа жеткис окуу курал болуп эсептелет.

Адамгерчиликтүү, ары адилеттүү Саламат агай жашоодо өтө жөнөкөй, кең пейил, айкөл адам. Ал кишиге жолугуп сүйлөшүп, кеп-кеңештерин угуп, илимий темада же заман көйгөйлөрү болобу талкуулап калганда, анын жакшылыкка жанашкан кеңӊ пейил жүрөгү адамдарга ар дайым ачык экендигин билүүгө болот. Чындыгында эле, Саламат агай ошондой айкөл аалым, таалимчи, тарбиячы — устат. Студенттерге, магистранттарга, аспиранттарга, окутуучуларга жана окумуштууларга окуган лекцияларынын илимий деңгээли жогору жана практикалык баалуулугу терең.

Даңкка жеткирген талбас эмгек

Саламат агай 1971-жылдан баштап азыркы Ж.Баласагын атындагы Улуттук университеттин география факультетинде окутуучу, доцент, кафедра башчысы, декандын орун басары болуп иштеген. 1989-жылдан Улуттук илимдер академиясынын М.Адышев атындагы Геология институтунда директордун илим боюнча орун басары, гидрология жана климатология лабораториясынын башчысы, азыркы учурда аталган институттун Садыбакас Умурзаков атындагы география бөлүмүн жетектейт. 1995-2010-жылдар аралыгында Тышкы иштер министрлигинде чек ара маселелери боюнча сүйлөшүүлөр тобунун жетекчиси, КР Премьер-министринин аппаратында аймактык проблемалар бөлүмүнүн башчысы кызматтарында иштеди.

Азыркы мезгилде И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинде, Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинде,  К.Дикамбаев атындагы Дипломатиялык академиясында география, гидрология, экология жана дипломатия багытында студенттерге жана магистрлерге сабак берип келет. Студенттердин билимин баалоодогу калыстыгы, боорукерлиги жана айкөлдүгү ар бир эле адамда, окутуучуда боло бербеген касиет экенин баарыбыз байкап жүрөбүз. Аспиранттарга, изденүүчүлөргө, жаш мугалимдерге өзүнүн илимпоздук, педагогдук жана тажрыйбалуу адамдык кеп-кеңештерин берүүдөн эч качан тажабайт. Алардын өсүп-өнүгүүсү, илимий даража жана илимий наамдарга ээ болуусу үчүн ар дайым камкордук көрүп келет.

Саламат Күлөмбекович 130дан ашуун илимий эмгектин, анын ичинде сегиз монографиянын, жети илимий методикалык китептин жана окуу куралдардын автору. Көптөгөн эмгектери Россия, Кытай, Бельгия, Түркия, Германия, Казакстан, Өзбекстан сыяктуу чет өлкөлөрдө жарык көргөн. Анын илимий жетекчилиги астында илимдин беш кандидаты даярдалган.

2016-жылы Пекинде өткөн 33-Эл аралык географиялык конгрессте «Кыргызстандын табигый жана социалдык-экономикалык потенциалы» деген темада баяндама жасаган.

Саламат Аламанов көп жылдардан бери география илимин жана билим берүүсүн жайылтуу максатында түзүлгөн республикадагы география багыты боюнча алектенген окумуштууларды, географ мугалимдерди, студенттерди бириктирген Кыргызстандын география коомунда төрагалык милдетти аркалап келет. Төрага катары көптөгөн иш-чараларды, студенттердин география боюнча республикалык олимпиадасын, илимий-практикалык конференцияларды уюштурууда жетекчилик кылып, аларды ийгиликтүү өткөрүп жаткандыгын да баса белгилеп кетсек болот.

АТУУЛДУК  АР-НАМЫСЫ ЖОГОРУ ИНСАН

Сүйүктүү жар, камкор ата

Сүйүктүү жар, камкор ата катары Саламат Аламанов өмүрлүк жары Калбү эже менен бир уул, үч кызды тарбиялап, турмуш жолуна узатышты. Ата жолун жолдоп уул-кыздарыңыз, Сиздин атыңызга татыктуу болушуп, эл жүгүн аркалап, журтуна татыктуу кызмат өтөөдө.

Элибиздин көөнөрбөс каада-салттарын, ыймандык-маданий нарктарын жана гумандуулук принциптерин бекем сактап, жаштардын демократиялык жолдо өнүгүүсүнө өз үлүшүңүздү кошуп келе жаткандыгыңызга географтар жамааты тереңӊ кубануу менен күбө болуп келет. Сиз басып өткөн жол адамдык асыл сапаттар менен коштолуп, өз ишиңизге берилгениңиз, адам катары жөнөкөйлүгүңүз кесиптештериңизге, студенттериңизге үлгү болуп келгендигин ыраазычылык менен белгилейбиз.

Урматтуу Саламат Күлөмбекович, Ишеналы Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин география, экология жана туризм факультетинин эмгек жамааты Сизди 75 жылдык кутман курагыңыз менен чын ыкластан куттуктап, дагы да албан-албан иштердин түптөөчүсү, демилгечиси жана багыт берүүчүсү катары илим менен турмуштун айдыңында ийгиликтүү эмгектенип, дагы чоң жетишкендиктерге жетишиңизге тилектеш экендигин билдирет. Үй-бүлөңүз менен аман болуп, республикабызда  билим берүү системасынын өнүгүшүнө өз салымыңызды кошуп, бакубат турмушта узак өмүр сүрүшүңүздү каалайбыз.

Айгүл  Абдраева,  И. Арабаев атындагы КМУнун ректору, профессор

Темирбек Чодураев, география,  экология жана туризм факультетинин деканы, география илимдеринин доктору, профессор

Руслан Акматов, география, экология жана туризм факультетинин деканынын орун басары, география илимдеринин кандидаты, доцент

Бөлүшүү

Комментарийлер