АТТЕСТАЦИЯДАН КИЙИН ЖОГОРКУ КАТЕГОРИЯДАГЫ МУГАЛИМДЕРДИН АЙЛЫГЫ ЖОГОРУЛАЙТ

  • 23.08.2022
  • 0

23-августта борборубузда өткөн мугалимдердин август педагогикалык конференциясында агартуучулардын үй-бүлөлүк материалдык абалын чыңдоо өкмөттүн эң приоритеттүү багыттарынын бири экени баса белгиленди.

Конференцияда сүйлөгөн сөзүндө Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров быйыл апрель айында мугалимдердин айлыгы дээрлик үч эсе жогорулаганын, эми мектеп директорлору менен окуу бөлүмүнүн башчыларынын айлыгы жогоруларын, күзүндөгү аттестациядан кийин жогорку категориядагы мугалимдердин маянасы 5 миң сомго көтөрүлөрүн билдирди.
— Биз былтыр бюджетти 332 млрд сомго жеткирдик. Быйыл андан да көп болот. Азыр Кум-Төр эл үчүн иштеп жатат. Эми мугалимдер да чыгармачылык менен изденип иштөөгө тийиш. Мындан ары алар класстагы окуучулардын билим сапаты үчүн түздөн-түз жооп берет, — деп айтты Акылбек Жапаров.

А.АЛИБЕКОВ, «Кут Билим»

Бөлүшүү

Комментарийлер