«АТА ЖУРТУМ — АСЫЛ МЕКЕНИМ!» (1-4-КЛАССТАР УЧУН)

  • 02.09.2021
  • 0

Сабактын максаты:

а) Кыргыз мамлекетинин символдору  жөнүндө билимдерин бекемдешет, улуттук жана маданий баалуулуктарды билишет, Кыргызстандын эгемендүүлүгүнүн 30 жыл аралыгындагы мамлекеттин өсүп -өнүгүүсү боюнча  маалымат алышат.

б) Кыргыз мамлекетинин улуттук жана маданий баалуулуктары жөнүндө тапшырмаларды оозеки жана графикалык формада презентациялашат. Берилген тапшырмаларды чечүүдө чыгармачылык менен иш алып барышат. Пикир алышуу көндүмдөрүн   бышыкташат, бирге иштөө көндүмдөрүн өнүктүрүшөт, өз ойлорун билдиришет.

в) Өз мекенин өнүктүрүүгө кандай салымын кошорун аныкташат. Мекен алдындагы жоопкерчилигин сезишет. Бири – бирине жылуу мамиле жасоо көндүмдөрүн бекемдешет. Өз Мекенин сүйүп, анда жашаган адамдарга урмат көрсөтүүнү үйрөнүшөт. Мекен алдындагы милдеттерин билишет.

Сабактын жүрүшү:

 Уюштуруу:

Мугалим окуучуларды окуу жылынын башталышы менен куттуктайт.(гимн ырдалат.)

Жагымдуу маанай түзүү:

Мугалим окуучуларды доскага чакырып алып бир, эки деген сөздөрдү айттыруу менен эки тегерекче түзүп алат. Сырткы тегеректеги окуучулар ички тегеректеги окуучуларга жакшы сөздөрдү айтуу менен сааттын жебеси аркылуу орундарын алмаштырышат.

Мээге чабуул

Мугалим балдарга Кыргызстан сен үчүн эмне?-деген суроо менен кайрылат.

Балдар: Кыргызстан менин….(мекеним, үйүм, өлкөм, жерим, байлыгым, сыймыгым, жашоом, келечегим, бактым, ата-энем, ата журтум)

Мугалим окуучулардын жообун угуу менен Кыргызстан биз үчүн  эмне экендигин чечмелеп, слайд аркылуу көрсөтөт.

Окуучуларды топторго бөлүү:

Мугалим кыргыздын улуттук баалуулуктары болгон: комуз, боз үй, көөкөрдүн сүрөтү тартылган түстүү кагаздардын жардамы менен окуучуларды үч топко бөлүп алат. Комуз, көөкөр, боз үйдүн сүрөттөрүн окуучулардын санына жараша алдын ала даярдап алат.

Топторго тапшырма берүү:

Мугалим доскадагы “Ата-Журтум –асыл Мекеним ”-деген сөздү балдарга окуп берүү менен доскадагы чапталган сөздөрдү үч топко таратып берет. Ар бир топ берилген сөздөрдү чечмелеп айтып беришет.

  • топко “ Ата Журтум”
  • топко “ асыл”
  • топко “ Мекеним”

Жаңы теманы өтүү:

-Демек, балдар силер айткандай  биздин бүгүнкү сабагыбыздын темасы “Ата-Журтум-асыл Мекеним”. Биздин бүгүнкү тарбиялык саат  Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаровдун 2021-жылдын 29-январь айындагы жарлыгына ылайык  “ Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгына арналат.

Мугалим ырды слайд аркылуу окуп берет:

Боз үйү түтүн булап түндүгүнөн,

Боорсогу ак тасмалдан үзүлбөгөн.

Комузу ар убакта күүгө келип,

Кыргызым улуктугун түшүндүргөн.

Бар болсун, Кыргыз элим! Кыргыз жерим!

Эч качан үзүлбөсүн үмүтүнөн!

 

Кандай гана мамлекет болбосун анын өзүнүн символдору болот. Символдор – ар бир мамлекеттин эмблемасы.

Биздин мамлекетибиздин кандай символдорун билесиңер?

Мамлекеттин символикалык белгилери: туу, герб, гимн.

Дүйнө жүзүндө жүздөгөн улуттар жана мамлекеттер бар. Кээ бири өз аймагында, өз жеринде, өз эли менен жашап жатса, кээ бири бирөөнүн жеринде баш калкалап, башка өлкөнүн мыйзамына баш ийип, күн кечирип келүүдө. Алардын өз аймагыбызда жашасак , көз карандысыз өлкө болсок дегенде эки көзү төрт.

Эмнеге? Аларда  эң маанилүү эгемендик деген нерсе жок.

Демек, аларда эркиндик жок. Бул жөн эле сөз болгону менен опол тоодой түшүнүктү алып жүрөт. Ушул түшүнүктөн алып караганда биздин мамлекет алда канча өнүккөн, ийгиликтүү деп айта алабыз. Себеби, эгемендик, баш мыйзам бар экенинен, өлкөнүн өз өнүгүү жолу бар, улуттун баалуулугу, жарандын укугу бар экендигинен кабар берет.

Кыргызстан 1991-жылы 31-августта өзүнүн тарыхый маанилүү чечимин – эгемендигин кабыл алган. Ошондон бери 30 жыл өтүптүр. Бул 30 жыл  Кыргызстандын 30 эле жыл өмүрү бар дегенди билдирбейт.

Кыргызстан, миңдеген жылдык бай жана маңыздуу тарыхы бар байыркы өлкө. Дүйнөдөгү мамлекеттердин ичинен алгачкылардан болуп, түптөлүп, өнүгүп, башкарып негизделген. Адеп- ахлактык баалуулуктарын, салтын, каадасын, тарыхын сыйлап, далай жолду баскан элбиз. 30 жылдык убакытта Кыргызстан расмий түрдө жер жүзүнүн картасынан орун алды. Ошол себептен, өлкөбүздүн өнүгүү деңгээли дал ушул убакыт ичинде талданып келет. Кыргызстан 30 жылдык жаңы кадамында жоготууларга дуушар болду, өнүктү, өнүгүү жолунда.

Кээ бир аспектте ( каралып жаткан обьект, тармак боюнча ) алдыга озуп чыкса, кээ биринде артта калып чалынып келет.

Канчалаган билимдүү жаштар билим алып, илимде өз ордун таап, Кыргызстандын атын таанытып жүргөн балдарыбыз көп. Демек, өлкөбүздүн өсүп-өнүгүшү  үчүн ар бир кыргыз жараны билим алсын, тил үйрөнсүн, жаңы адамдар менен таанышсын, саякаттасын, глобалдык маселелер тууралуу ой жүгүртсүн, жакшы досторду тапсын. Билимдүү, акыл-эстүү, адеп-ахлактуу коом  пайда болгондо гана Кыргызстанда өнүгүү, алдыга жылуу болот. Бул ар бир адамдын колунан келет.

Жаштайынан билимге сугарылган, тил үйрөнүп, музыкалык аспаптарда ойногон, илимий иш жасап, изилдеген, билимдүү чөйрөдө жашаган, дүйнө таанымы кеңири жана аң- сезими өнүккөн, жаңыча ой жүгүрткөн коом — өлкөнүн өнүгүшүнүн эң биринчи жана эң күчтүү куралы болуп саналат.

Мугалим ырды слайд аркылуу окуп берет:

Бийик нарктуу улуу кыргыз элим бар,

Береке мол, ажайып кооз жерим бар.

Бабалардын кылым кезген мурасы,

Ата-Мекен сенин ыйык демиң бар.

 

Балдар, жогорудагы ыр саптарында айтылгандай мекен- бул биздин туулуп-өскөн, таалим-тарбия көргөн, агарып- көгөргөн жергебиз. Мекен-бул дүйнөгө келишибизге себеп болгон ата- бабалардан  бизге калган мурас. Элибиз мындан 2200 жыл мурда Эне-Сайда жашаган, узун бойлуу, сары чач, көзү көк, чап жаак жарандар болгон. Бүгүнкү калкыбыздын түпкү башатындагы тагдыры татаал болгон.Бир заманда гүлдөп, өсүп,чоң өлкө болгон. Бирде бүлүнүп, жыйнаганы чачылып, улаганы үзүлүп, кээде башкаларга төбөлдүк кылып шарт өзгөрсө кайра баш ийип келген.  Ким мекенине ак ниеттүүлүк менен кызмат өтөсө ал мөмөлүү дарак сыяктуу кадырман улуу инсан болот. Ата-Мекенине пайдасыз жашаган киши өз бактысына өзү балта чабат, анткени ал келечекте мөмөсүз даракка окшошуп калат. Элине кызмат кылуу- бул ыймандуулуктун белгиси, атуулдук парз. Мекенге кызмат кылуу кичинеден башталат.

Балдар, силер билесиңерби  2021-жыл Кыргызстанда “Инсандын руханий-адеп-ахлактык өнүгүүсү жана дене тарбиясы” жылы деп жарыяланган.

Балдар, мекенге кызмат кылуу дегенди кандай түшүнөсүңөр? Мекенге кимдер кызмат кылат? (Окуучулар жооп беришет … билим аркылуу, өнөр аркылуу, талант аркылуу, спорттун түрлөрү аркылуу мекенге кызмат кылса болот.)

Азаматсыңар, спорт демекчи быйылкы жылы спорт аркылуу мекенибизге кимдер кызмат кылып сыймык алып келди? (Окуучулар өз ойлорун айтышат.)

Эң туура,  күрөш боюнча  Айсулуу Тыныбекова күмүш, Мээрим Жуманазарова коло жана Акжол Махмудов күмүш медалдын ээси болуу менен Кыргызстанга  эң чоң кызмат кыла алышты. (Мугалим слайд аркылуу спортчуларды көрсөтөт.)

Баса,быйылкы жайкы олимпиадалык оюндар кайсы өлкөдө болду? (Окуучулар өз ойлорун айтышат.)

Азаматсыңар, балдар, быйылкы олимпиада оюндары жай мезгилинде Япония өлкөсүнүн Токио шаарында болуп өттү. Мекенибиздин  спортчулары –биздин сыймыгыбыз. Алар Мекенге ак кызмат кылышты.

Топторго тапшырма берүү:

Топторго  конвертте салынган тапшырмалар таратылат. Конверттин ичиндеги баракта сүрөт тартылып, ыр жазылган  пазлдар берилет. Пазлдарда комуздун, боз үйдүн, көөкөрдүн сүрөттөрүнө ырлар жазылган. Ар бир топ пазлдарды курап, андагы жазылган ырды көркөм окуп, маанисин түшүндүрүп бериши керек. (Тапшырманы аткарууга 10 минута берилет)

 

1-топ Комуз

Эсепсиз Ала-Тоонун таш байлыгы,

Эт менен айран, кымыз — аш байлыгы.

Кыйчалыш доорлорду басып өткөн.

Кыргыздар — өлкөбүздүн баш байлыгы.

 

2-топ Боз үй

Мекенге байлык жыйган бар,

Мекен деп жанын кыйган бар.

Мыктылар сүйөт Мекенин

Мыктыда толук ыйман бар.

 

3-топ Көөкөр

Журт болсок да бүгүнкү турмуш кыскан,

Элдери тың, жыгылбаска тырмышышкан.

Баатыр Манас түптөгөн дөөлөт эле,

Бар болсун Мекенибиз-Кыргызстан!

 

Эс алуу мүнөтү:

Мекен тууралуу кандай обонддуу ырларды билесиңер? (окуучулар ойлорун айтышат)

Келгиле, балдар, элибиздин сыймыктуу ырчысы М. Атабековдун  “Ата Мекеним” деген ырын чогуу ырдайбыз.(караоке менен ырдашат)

 

Топторго тапшырма берүү:

Бүктөлгөн кагаздардын ичинде күтүлбөгөн суроолор берилген. Ар бир топ бирден баракты тандап алышат.  Мугалим суроолорду  үнүн чыгарып окуп берет, окуучулар эмне жөнүндө сөз болуп жаткандыгын табышат.

№1

Күтүлбөгөн суроолор

1 )  Тарбия башаты- (мектеп)

2 ) Суунун башы- (булак)

3)  Тептим, терекке (чыктым)

4 ) Манастын канча осуяты бар? (жети)

5 ) Жаз-жарыш күз- (күрөш)

6) Ат-адамдын (канаты)

№2

Күтүлбөгөн суроолор

1) Атаңдын атасы ким болот?  (чоң ата )

2) Кыргызстанда канча дубан бар? ( жети )

3) Уйдун баласын эмне дейт? (музоо)

4) Кырк күн суу ичпей жашаган жаныбар? (төө)

5) Манас айткандарды  ким дейбиз? (манасчы)

6) Кыргыздар жылкынын үй-бүлөсүн эмне дешет? (үйүр)

№3

Күтүлбөгөн суроолор

1 ) Күүнүн башы —  (камбаркан)

2 )  Түлкүнүн баласын эмне дейт? (бачики)

3 ) Кыргыздын суусундугу (кымыз, максым, чалап)

4) Улуттук баш кийим — (калпак)

5) Тамак ичкенден  кийин эмне кылат? (Бата кылат.)

6) Кыргыздын үч кылдуу музыкалык аспабы — (комуз )

Сабакты жыйынтыктоо:

Мугалимдин сөзү: Мекенге кызмат кылуу- бул кайрымдуулук, аскердик кызмат өтөө, алсызга камкордук. Эгер, биз мамлекетибиздин гүлдөп өсүп-өнүгүүсүн кааласак, кандай жакшы сапаттарга жана баалуулуктарга ээ болушубуз керек? Балдар, алдыңардагы кагаз жүрөкчөлөргө оюңарды жазып, доскага чаптагыла. (балдар доскага илинген Кыргызстандын картасынын четине өзүлөрүнүн ой-толгоолорун чаптап чыгышат, жүрөкчөнүн сүрөтү пайда болот.)

-Балдар эмне пайда болду?

-Жүрөкчө

-Бул жүрөкчө менен биз мекенибизди сүйөрүбүздү, аны көздүн карегиндей сактаарыбызды билдирип кеттик. Кыргызстан –биздин  Мекенибиз! Мекенибизди сүйөлү! Ушул жүрөкчөдө жазылган жакшы сапаттарга ээ болуп, өлкөбүздүн өсүп-өнүгүшүнө өз салымыңарды кошосуңар деген терең ишеничтемин.

Баалоо:

Доскага чапталган кичинекей жүрөкчөдө жазылган сөздөр аркылуу ар бир окуучу өзүн – өзү жекече баалайт.

Мугалим ар бир топту баалоо, шыктандыруу багытында боз үйдүн сүрөтү тартылган түстүү сүрөттөрдү белек катары берет.

Мугалим: Демек, балдар мамлекет кичинекей үй – бүлөдөн башталат. Үй – бүлө бекем болсо, мамлекет да бекем болот! Эгемендигибизди баалап, өз жоопкерчилигибизди алып, жакшы жашоого чакырам. Алдыда дагы баса турган кадамдарыбыз, жазыла турган тарыхыбыз, келечекке тапшыра турган аманаттарыбыз бар. Мамлекет биздики болгон соң  пайдабызды келтирип, зыяныбызды тийгизбей жашаганды үйрөнөлү. Кыргызстандын жаркын келечеги жана туруктуу эгемендиги биздин колубузда экендигин унутпайлы!

Даярдаган:

Бишкек шаарынын №69  ОТКГ мугалимдери:

  1. Мааткеримова Айнура Дуйшобаевна
    2. Ибираева Азия Карыбековна
    3. Акжолова Уулкан Палбановна
    4. Маткасымова Райла Шарипбековна

 

 

 

 

 

 

Бөлүшүү

Комментарийлер