АТА ЖУРТТУ АЛЫСКА ТААНЫТКАН ЭМГЕК

  • 13.07.2023
  • 0

Билим берүү жана илим министри Каныбек Иманалиевди кыргыз коомчулугу коомдук жана саясий ишмер эле эмес, таланттуу акын, публицист катары да жакшы тааныйт. Анын “Кыргызстан” аттуу китебине мазмуну жагынан энциклопедиялык, стили, көркөм иштелиши жагынан абдан таасирдүү эсселер камтылган. Буга чейин эле дүйнөнүн орус, англис, немис, кытай, араб, азербайжан жана түрк тилдерине которулган бул эмгек эми корей тилинде жарык көрдү. Жаңы китептин бет ачаары 13-июлда Улуттук китепканада болду.

Улуттук уӊгулуу маданияттын эӊ негизги баалуулуктарын абдан жеткиликтүү тил менен сыпаттаган бул китепте комуз, калпак, боз үй, жылкы, тоолор, Ысык-Көл баш болгон ажайып жер-сууларыбыз жөнүндө өтө таасирдүү баяндар бар. Автор өнөр алды – кызыл тил деп рухий дөөлөттөрдү аздектеген элибиздин бешик ыры, макал-лакап, ак батадан тартып Манаска чейинки түркүн берметтерин ырааттуу сөз кылыптыр.

«Гамзатовдун бир сөзү бар: «Эгерде өз элиңди даңктасаң, ошол китеп сени даңктайт». Бул китепте жазылгандар жөнөкөй эле силер билген эле кыргыздын кийими, комузу болуп калат. Мен орусча мактап жазсам, ал өзүнөн өзү жол таап, сексенден ашык өлкөнүн китеп текчелеринде турат»,-дейт Каныбек Иманалиев.

Автордун өзүнүн айтымында, «Кыргызстан» китебинин орусчасы беш жолу, англис тилиндегиси төрт жолу жарык көрдү. Иран тилине которулуп бүттү. Ноябрь айында француз тилине которулуп бүтөт. Андан кийин испан тилине которулат. Кытай тилиндеги котормосу китеп болуп чыкканда убагында Кытайдын президенти Цзи Цзинпиндин өз колуна тапышырылган экен.

«Мен бир да жолу ушул китепти чыгарайын деп бөлөк жактан адам издеген жокмун. Китеп мага досторду таап берип жатат. Китеп мен барбаган өлкөлөргө барып жатат. Биздин элчилик жок дүйнөдө 150 дөй өлкө бар да. Ошол өлкөлөрдө элчи болуп жүрөт ушул китеп».

Бул китеп дүйнөнүн бир канча тилине которулса дагы. ага кыргыз бюджетинен акча кеткен жок. Аны ар бир өлкөнүн өзү жана кызыкдар уюмдар каржылап чыгарууда. «Кыргызстан» китебинин корейче котормосун үч уюм биргелешип чыгарышты: Кореядагы маданият борбору, ЮНЕСКОнун колдоосундагы Азия эл аралык тармактык борбору жана Материалдык эмес маданий мурас маалымат борбору.

«Бул кыргыз элинин маданияты жөнүндө корей тилинде чыгып жаткан биринчи китеп жана корей элине белек»,-деди китепти чыгарууга колдоо көрсөткөн ICHCAP материалдык эмес маданий мурастын маалымат борборунун директору Гюри Бак.

Кыргыздын каада-салттары, кол өнөрчүлүгү, улуттук оюндары, кийим-кечеси, табият менен шайкеш жашаган айкөл мүнөзү, деӊиздей чалкыган пейили, тарыхтагы басып өткөн татаал да, мазмундуу да жолу, азыркы кездеги изденүүлөрү, баарынан бийик баалаган эркиндик үчүн күрөшү, чыгармачыл, жаратман изденүүсү тууралуу жазылган бул китеп — биздин өлкөнү эл аралык деӊгээлде татыктуу деӊгээлде тааныта турган эмгектердин бири. Анда кыргыздын атактуу адамдарынын беш жүздөй сүрөтү кирген. 2017-жылы КМШнын көргөзмөсү болгондо «Кыргызстан» китеби эң чоң байгеге татыктуу болгон.

«Бул котормодо автордун оюн, духун бердик, анын кооз стилин сактоого аракет кылдык. Мыкты команда менен иштедик. Бул көп студенттерге жана окуучуларга кыргыздын маданиятын окуп үйрөнүүгө жардам берет. Мен өзүм антропология адисимин, менин ишимде да керек болот»,-деди ЮНЕСКОнун эл аралык тармактар борборунун өкүлү Ханхи Хам.

Бул китеп дүйнөнүн башка тилдеринде жарык көрүп жаткан менен кыргыз тилинде чыга элек. Автор китептеги маалыматтар кыргыз элине жаңылык деле эмес, анын максаты кыргыз улуттук маданиятын, нарк-дөөлөтүн башка элдерге таанытуу дейт. Ошондой болсо да бул китепти кыргыз тилинде чыгаруу зарыл дейт башка окумуштуулар.

«Дүйнө тилдеринде чыгып атканы жакшы. Бирок бул китеп Кыргызстан үчүн, кыргыз эли үчүн керек»,-деди тарых илимдеринин доктору Өскөн Осмонов. «Биринчи кезекте өзүбүздүн элге керек, айрым окуу жайларда жок, ушуну гранттардын эсебинен чыгарсаңыз кыргыз таануу илимине чоң салым кошот элеңиз».

Бөлүшүү

Комментарийлер