АТА-ЭНЕЛЕРГЕ ЖАРДАМЧЫ «КӨЧМӨ БАЛА БАКЧА”

  • 26.05.2023
  • 0

АТА-ЭНЕЛЕРГЕ ЖАРДАМЧЫ  «КӨЧМӨ БАЛА БАКЧА”

9-мартта Билим берүү жана илим министрлигинин демилгеси, Кыргыз мамлекеттик университетинин, Ленин администрациялык району боюнча Бишкек шаарынын мэриясынын муниципалдык администрациясынын колдоосу менен Арча-Бешик конушундагы №93, №97, №79 орто мектебинин базасында ачылган көчмө бала бакча 23-майда салтанаттуу түрдө жыйынтыкталды.

Аталган долбоор 2021-2040-жылдарга Кыргыз Республикасынын билим берүүнү өнүктүрүү программасын жүзөгө ашыруу боюнча 2021-2023-жылдарга иш-аракеттер планын аткаруу максатында иштелип чыккан. Долбоор ылайыктуу шарттары бар айыл өкмөттөрдүн жана башка социалдык объектилердин базасында уюштурулган. Анда балдарды өнүктүрүү борборлорунда 6-7 жаштагы балдардын кыска мөөнөткө келүү модели сунушталган. Бул модель  инсанга багытталган мамиленин принциптерин ишке ашырууну камсыз кылат.

Көчмө бала бакча долбоорун пилоттук негизде ишке ашырууга Ишеналы Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин мектепке чейинки билим берүү технологиясы кафедрасынын башчысы Назгүл Абдраева жетектеген окутуучулар жардам беришти. Педагогика факультетинин 4-курсунун студенттери, б.а. быйылкы бүтүрүүчүлөр окутуучулардын көзөмөлүнүн астында практикасын көчмө балдар бакчасында ийгиликтүү өтүштү. Сабактар жүгүртмө боюнча оюн түрүндө болуп, ата-энелерге да методикалык жардам көрсөтүлдү.

Балдарды тарбиялоого, өнүктүрүүгө жана окутууга, ошону менен бирге алардын ата-энелери менен иш алып барууга багытталган көчмө бала бакчада түрдүү себептер менен бакчага тартылбай калган 5-7 жаштагы 56 бала окуду. Балдар күнүнө бир сааттан беш күн бою барып, кыска мөөнөттүн ичинде жазганды, сөздөрдү кошуп окуганды, кошуп, кемиткенди үйрөнүштү.

Арча-Бешиктин тургуну төрт баланын энеси Айгерим Эркебаева бул долбоор тууралуу жаңылыкты кубануу менен кабыл алып, дароо эле алты жашар уулун алып барууну туура көргөн. Долбоордун жардамы менен уулу жазганды өздөштүрүп, таланты ачылып, коомго аралашууну үйрөндү.

-Арча-Бешикке көчүп келгенде бул райондо мамлекеттик бала бакча жоктугун билип, үчүнчү балабызды бакчага алып бара албай калганбыз. Ал эми жеке менчик бакча берүүгө капчыгыбыз туура келбейт. Албетте, бакча ачылуусун абдан калаап, күтүп жүргөнбүз. Долбоор тууралуу укканда, жок дегенде үйдө  отуруп, телефон кармагандан алыс болсун деп алып келгем. Уулум тартынчаак, түнт болчу. Мектепке барса кантип көнөт деп ойлоно берчүмүн. Бакчага барган биринчи күндөн баштап «апа, качан барам?» деп күнүгө күтүп, үзгүлтүксүз эки ай бою барды. Уулум кадимкидей ачылды. Буга чейин ырдаганын уккан  эмес элем, азыр ырдоо баламдын хоббисине айланды. Минтип таланты гана ачылбастан, жазганды үйрөндү. Сүрөттөрдү инструкциясы менен боёгонду өздөштүрдү. Чындыгында, биздин райондо мага окшоп балдарын мамлекеттик бакчага берүүнү каалаган ата-энелер абдан көп. Себеби көпчүлүгү батирде турушат. Эртеден-кечке жумушта жүргөндүктөн, мектепке чейинки билимди алмак турсун, балдары кароосуз калууда. Мындай долбоорлор дагы да жүргүзүлсө, эки саат болсо да алып барып, билим берип турганга абдан жакшы экен, — дейт Айгерим.

Чындыгында, мындай долбоорлор каражаттын жетишсиздигинен баласын бакчага бере албай жаткан ата-энелердин чөнтөгүнө гана жеңилдик бербестен, убактылуу батирде жашап жаткан үй-бүлөлөргө да пайдалуу. Маселен, Арча-Бешик конушунда убактылуу каттоодо турган үч балалуу Асель Таранчиева мамлекеттик бакчада кезек күтүү көп убакытты талап кыларын айтат.

— Бала бакча тууралуу кечирээк кабардар болуп калгандыктан, балам бир ай эле барып калды. Ошентсе да азыр тамгаларды ажыратып айтып, жазганды үйрөнүп калды. Эртерээк уксам  алфавитти толук билип калмак экен деп кейип калдым. Өзүбүз батирде жашагандыктан,  жеке менчик бакчага берүүгө чындыгында шартыбыз туура келбейт. Мамлекеттик бакчада кезек күтүү көп убакытты талап кылат. Ошондуктан уулум үйдө эжелеринин кароосунда эле болуп,  бакчага барган жок. Азыр алты жашта, эми даярдоо классына беребиз. Долбоор уулумдун мектепке болгон кызыгуусун ойготту,  — дейт Асель Таранчиева.

Айгерим ТОКТОБАЕВА, «Кут Билим»

Бөлүшүү

Комментарийлер