АТА-ЭНЕЛЕРГЕ ПЕДАГОГИКАЛЫК БИЛИМДИН ЖОК ДЕГЕНДЕ БАШАТЫН БЕРҮҮБҮЗ КЕРЕК

  • 18.11.2022
  • 0

Быйылкы жылдан тартып мектепке чейинки мекемелерге жана жалпы билим берүүчү мектептерге ылайыкталган, алардын менчик түрүнө карабай «Ата-энелер мектеби» деген программа түзүлүп, колдонууга берилди. Мына ушул программанын талаптарын ишке ашыруу боюнча агартуучулардын жана ата-энелердин арасында көптөгөн суроолор пайда болууда. Андай суроолордун айрымдарына жооп алуу үчүн программаны түзүүчүлөрдүн бири, И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин профессору, педагогика илимдеринин доктору Абдыкерим МУРАТОВго кайрылдык.

АТА-ЭНЕЛЕРГЕ ПЕДАГОГИКАЛЫК БИЛИМДИН ЖОК ДЕГЕНДЕ БАШАТЫН БЕРҮҮБҮЗ КЕРЕК

— Абдыкерим Жаркынбаевич, жогоруда сөз кылган программа кандайча түзүлүп калды, анын түзүлүшүн ким демилгеледи жана түзүүгө кимдер тартылды?

— «Ата-энелер мектебинин» программасын түзүүнүн демилгечиси Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги болду. Министр өз карамагындагы эки окуу жайына – И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетине жана Ош мамлекеттик педагогикалык университетине бул ишти колго алууну тапшырды. Аталган окуу жайлардын тиешелүү кафедраларынан педагогика илимдеринин докторлору А.Калдыбаева, А.Муратов, К.Акматов, Кыргыз билим берүү академиясынан профессор С.Рысбаев, Ош мамлекеттик педагогикалык университетинин педагогика жана психология кафедрасынын башчысы, педагогика илимдеринин доктору И.Даминова жана практик катары педагогика илимдеринин кандидаты, Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген мугалими, Лейлек районундагы №3 эксперименталдык гимназия мектебинин директору Г.Мадаминов болуп ишти баштап, тез аранын ичинде бүтүрүп, эксперттер жактырып, Кыргыз билим берүү академиясынын Окумуштуулар кеңешинин 2022-жылдын 3-октябрындагы отурумунда бекитилген жана мектепке чейинки билим берүү жана жалпы билим берүү уюмдары үчүн сунушталган. Атайын китепче жана электрондук басылма таризинде керектөөчүлөргө жеткирилди.

— Ошондо ата-энелерге педагогикалык билим берүүчү бул программа алгачкы жолу түзүлүп жатабы?

— Муну эми шарттуу караш керек. Ата-энелердин мектеп менен байланышы, аларды окутуу өтө байыркы замандан башталат. Балдарды үй-бүлөдө тарбиялоого өзгөчө маани бергендеги Вавилон өкүмдары Хаммурапинин (б.з.ч. 1792-1750-жылдар) мыйзамдарында, иудий падышасы Соломондун (б.з.ч. 965-928-жылдар)  притчаларында, индиялык Бхагавадгитада (б.з.ч. 1-миң жылдыктын ортолору) айтылган учурлар бар. Бара-бара адамдар коому ар түрдүү катмарга ажырай баштайт: аскер башчылар, мамлекет башкаруучулар, жрецтер, брахмандар, көпөстөр, соодагерлер ж.б. жана алар балдарын атайын жайларда, атайын адамдардын көзөмөлдөрүндө тарбиялоону талап кылат.

Б.з.ч.  IV кылымдарда Байыркы Ассирия, Байыркы Финики, Тигр жана Ефрат деген эки суу арасындагы (Месопотамия) Шумер жана Аккад дөөлөттөрүндө балдарды билим берүү жайлары менен бирге эле үйдө тарбиялоону бирдей айкалыштыруу практикасы ишке ашырылган. Шумер жана Мисир цивилизациясы, Кытайдагы Конфуций (б.з.ч. 551-479-жылдар) философиясы, кийинки мусулман маданияты ата-энелердин педагогикалык минимум билимге ээ болушу керектиги тууралуу ойлорду айтып келген.

— Биздин элдик педагогикада да бул идея ишке ашырылган да?

— Албетте. Мисалы, «Манас» эпосун алып көрсөк, анын башкы каарманы Манас – кыргыздардын көптөгөн муунуна идеал болгон. Ошол идеалдуу инсан даражасына жеткирүү үчүн Жакып, Чыйырды, Бакай, Кошой, Ажыбай, Жамгырчы ж.б. элдик педагогдор ар кимиси болочок лидерге өз таалимин берет. Ал педагогдор баатыр болчу, эл башкарчу адам ушундай болушу керек деп кыргыздардын элдик педагогикасынын кодекстери менен тарбиялашкан. Андай адам эң биринчи кезекте – мекенчилдик идея менен сугарылышы зарыл, ал ошол эле кезде уруш стратегияларын жана тактикаларын терең өздөштүрүүсү керек, ошондо башка эл, биринчи кезекте аскерлер аны ээрчийт, ошолорго өрнөк-үлгү болот.

Манастын туура тарбияланышынан, баатырдыгынан улам «Ордо күтүп, кан болуп, олуя заада жан болуп, орунтуктуу эр болуп, он эки мүчө тең болуп, күйүттүү кыргыз кырк үйлүү, күтүп алар шер болуп, толкуган кара калмакка, тоодой кара сел болуп» чыга келет. Бул идеалдуу инсан тууралуу элдик педагогикалык философия.

— Эми бул программаны түзүүнүн зарылдыгы, б.а., ата-энелерди окутуу кандай муктаждыктан улам келип чыкты, ошол тууралуу кепке өтсөк?

— Анын орчундуу себептери булар болду: ааламдашуу процессинин тездешинен улам адамдардын ортосундагы байланыш, карым-катыш солгундап, бала бакча – мектеп – ата-эне мамилесинин пассивдешип кетиши: базар экономикасы шарттарынан, социалдык-турмуштук проблемалардан улам ата-энелердин бир топ бөлүгү эмгек мигранты катары чет өлкөлөргө кетип, ата-энелик милдетти балдардын туугандары аткарып калышы; мугалимдер, тарбиячылар үй-бүлөдөгү ата-энелердин бала тарбиялоодогу функцияларына анчалык баа бербей келиши; билим берүү уюмдарында кыргыз эл педагогикасынын, салттуу кыргыз үй-бүлөсүнүн бала тарбиялоо тажрыйбаларын өз деңгээлинде колдоно билбөөсү; нарктуу үй-бүлө түшүнүгүнө маани бербөөчүлүк; инсанды руханий, адеп-ахлактык жана дене-бой жактан гармониялуу тарбиялоонун эске алынбай келгендиги ж.б.

— «Ата-энелер мектебинин» максаттарын кандай түшүндүрүп бересиз?

— Биринчи максаты – ата-энелерге баштапкы педагогикалык билим берүү; билим берүү уюмдары менен ата-энелердин байланыш жолдорун, ыкмаларын үйрөтүү. Азыр көпчүлүк ата-энелер мектеп менен байланыш десе эле, класстык чогулушту элестетет, ал жерден баласы үчүн жеме угат экемин деп түшүнөт, кээ бир ата-энелер «сен барып койчу» деп чоң балдарын же туугандарын жумшап коёт. Ал эми бул программа андай эмес, ар бир класстагы балдардын курактык өзгөчөлүгү боюнча психология илиминин ачылыштарына негиздеп баштапкы билим берет, ата-энелерге балдардын инсан катары калыптануу процессинин өзгөчөлүктөрүн түшүндүрөт, бала тарбиялоодогу ата-энелердин милдеттери жана укуктары айтылат ж.б. Ата-эне мектепке баласы тууралуу уруш укканы эмес, өзүнүн педагогикалык багажын байытуу үчүн барат. Биз ата-энелерге педагогикалык билимдин жок дегенде башатын берүүбүз керек да.

— Бул өзүнчө предмет катары окутулабы, аны кимдер окутат?

— «Ата-энелер мектебинде» иш жүргүзүү үчүн азырынча атайын каражат бөлүнбөйт жана окуу жүгү катары кимдир бирөөгө берилбейт. Программа ар бир класста ондон темага бөлүнүп берилди, ага бөлүнгөн убакыт (бир саатпы, жарым саатпы) кырдаалга жараша чечилет. «Ата-энелер мектеби» программасын алып баруучу педагог же башка адис программага чыгармачылык менен мамиле кылууга ылайыкталды, башкача айтканда, айрым темаларды өзгөртүп алууга, ошол күндөр үчүн актуалдуу темаларды киргизип алууга мүмкүнчүлүк берилди.

Программанын материалдары сабактан тышкаркы учурда билим берүү уюмдарынын мугалимдери, класс жетекчилер, мектеп директорлору же алардын тарбиялык иштер боюнча орун басарлары тарабынан өтүлүүгө ылайыкташтырылды. Айрым ата-энелер, коомчулуктун өкүлдөрү да, илим адамдары, өзгөчө психологдор, этнопедагогдор, социологдор, физиологдор, медиктер ж.б. адистер өтсө да болот.

Ата-энелердин саны аз мектептер болсо иш-чараларды өтүүдө алардын балдары окуган класстары (жаш өзгөчөлүктөрү) боюнча топторго бөлүп алууга да мүмкүн, мисалы, 1-топ: балдары мектепке даярдалуучу ата-энелер; 2-топ: 1-2-класстын ата-энелери; 3-топ: 3-4-класстын окуучулары; 4-топ: 5-7-класстардын ата-энелери; 5-топ: 8-9-класстардын ата-энелери; 6-топ: 10-11-класстардын ата-энелери ж.б.

АТА-ЭНЕЛЕРГЕ ПЕДАГОГИКАЛЫК БИЛИМДИН ЖОК ДЕГЕНДЕ БАШАТЫН БЕРҮҮБҮЗ КЕРЕК

— Сабак кандай формаларда өтөт?

— Ал эми аны өтүүчүнүн чыгармачылыгына байланыштуу болот: мугалимдердин лекциялары; ата-энелер менен мугалимдердин баарлашуулары; диспут жана дискуссиялар; айрым үй-бүлөлөрдүн иш-чаралары менен таанышуу; конференциялар; семинарлар; тренингдер ж.б.

— Өткөрүлүүчү иштердин айрым бир темаларын же музмунун айта кетпейсизби?

— Жакшы болот. Мисалы, бала бакчага балдары барчу ата-энелер үчүн 1-тема 1-3 жашка чейинки балдардын психофизиологиялык өзгөчөлүктөрү жана аларды тарбиялоо жолдору тууралуу болсо, 2-тема өүч жашка чейинки балдарды тарбиялоонун багыттары, мааниси жана ыкмалары, 3-тема 3-7 жашка чейинки балдардын психофизиологиялык өзгөчөлүктөрү, бул жаштагы балдарды тарбиялап, өстүрүүнүн метод, ыкмалары жөнүндө. Ушинтип 11-класска чейин кете берет.

Бул маалыматтардан жана окуулардан ата-энелер балдарын үй-бүлөдө тарбиялоонун мазмунун, максатын, өзгөчөлүктөрүн билип, өз балдарынын курактык жана психологиялык жактан кандай болорлугу тууралуу баштапкы илимий маалыматтарга жетишет. Бул болсо мектеп менен ата-эне байланышынын чыңдалышына дагы бир мүмкүнчүлүк жаратат. Кайсыл билим берүү уюмдарында «Ата-энелер мектеби» майнаптуу иш жүргүзсө, ошол жерден билимдүү жана тарбиялуу балдар чыгат деп ишенебиз…

Маектешкен Жолдош ТУРДУБАЕВ,  «Кут Билим»

 

Бөлүшүү

Комментарийлер