АТА-ЭНЕ, МУГАЛИМ ЖАНА АРАЛЫКТАН ОКУТУУ

  • 20.04.2020
  • 0

Талас облусунун Бакай-Ата районундагы Кызыл-Сай айылындагы Шаршенбай атындагы орто мектептин окуучуларынын ата-энелери балдарын үйдө кандай окутуп жаткандыгы тууралуу ой-пикирлери менен бөлүштү.

Отуз жылдан ашык мектепте эмгектенип келаткан мектептин директору Нурайым Донбаева, балдарын үйдө окутуп жатышкан ата-энелердин көбү аз да болсо тажрыйбалуу болуп калышканын, ата-энелери эле эмес, чоң эне, чоң аталары да четте калышпай, аралыктан окутууга активдүү аралашып жатышканын билдирди. Анын айтымында, мугалимдер балдарга түзүлгөн үйдөгү шарттарды канааттандырарлык деп баалашууда.

АТА-ЭНЕ, МУГАЛИМ ЖАНА АРАЛЫКТАН ОКУТУУ

“Неберелерим менен бирге көп нерселерди окуп-үйрөнүп жатам”

Кызыл-Сай айылынын тургуну Күлсара Кулубаеванын төрт небереси бар. Улуусу 7-класс болсо, эң кенжеси 4-класс. Ал адегенде телевизордон сабактарды көргөнгө үлгүрбөй калып жатышканын айтты.

— Дистанттык окуу жаңы башталганда, баарыбыз чуруу-чуу түштүк. Бала багуу менен аны окутуунун айырмасы асман менен жердей экенин эми түшүндүк. Анын үстүнө, “Бөдөнөнү сойсо да, касапчы сойсун” дейт эмеспи, элибизде. Биз баарыбыз эле мугалим эмеспиз да, мугалим баланы окутуу үчүн атайын билим алган дегендей. Бир чети бул азыркы кырдаал балдарга эле эмес, баарыбызга сабак болду. Көпчүлүгүбүз мугалимдин эмгегин чын эле баалабай жүрүптүрбүз. Эми болсо, мугалимдердин жардамы менен бир жолго түшүп калдык окшойт. Эң биринчи, телевизор менен телефонду туура колдонгонду үйрөндүк.

АТА-ЭНЕ, МУГАЛИМ ЖАНА АРАЛЫКТАН ОКУТУУ

Неберелерим менен чогуу окуп, өзүм да көп нерселерди үйрөнүп жатам. Балдар сабак жүгүртмөлөрү боюнча сабагын окушуп, мугалимдерине үй тапшырмаларын кандай айтып берип жатышканын көзөмөлдөйбүз. Балдарыбызга үйдө бардык шарттарды түзүп бердик. Балдар менен мугалимдин ортосунда эле эмес, биздин – ата-энелер менен мугалимдердин ортосунда да кайтарым байланыш түзүлүп жатканына кубанып жатабыз,-дейт төрт неберенин чоң энеси Күлсара Кулубаева.

“Биз эң биринчи бири-бирибизди баалаганы үйрөндүк”

Мурда, азыр биз айтып жаткандай, жай турмушта, ата-энелер балдарды мугалим өзү гана окутушу керек деген туура эмес түшүнүктө жүрүшкөнүн мойнуна алган айылдын дагы бир тургуну Бактыбек Атабековдун төрт баласы бар. Мектептеги жыйналышка ата-энелерди чакырыш канчалык кыйын болсо, аталарды алып барыш андан беш бетер кыйын экенин бардык мугалимдер жакшы билишсе керек. Балдарды окутууда минтип аталары да активдүү киришип жатышканы кубандырбай койбойт.

АТА-ЭНЕ, МУГАЛИМ ЖАНА АРАЛЫКТАН ОКУТУУ

— Менин төрт балам бар. Анын үчөө мектеп жашында. Бүгүнкү күндө дүйнөнү дүрбөлөңгө салган короновирустун айынан минтип үйдө карантинде камалып отурганыбыз менен, балдарыбыздын окуулары үзгүлтүккө учурабай, аралыктан окуп жатышканы бизди кубандырат. Биз ырас эле мурда балдарыбыздын кантип окуп жатышканына көңүл бурчу эмес экенбиз. Аралыктан окуу башталганда, кайсынысынан баштаарын билишпей балдарым кыйналды, аларга кошулуп биз да кыйналып, туманда эле адашып жүргөндөй болдук. Азыр болсо, мугалимдердин жардамы менен бир нукка келип калдык десем болот. Балдарыбыздын аркасынан мурда маани бербей жүргөн нерселерге көңүл бура баштадык. Биз эң биринчи, убакытты туура пайдаланганды, бири-бирибизге ачык маанай тартуулаганды, көңүл көтөргөн жакшы сөздөрдү айтканды, кыскасы, бири-бирибизди баалаганды үйрөндүк. Билим берүү жана илим министрлиги окуучулар үчүн телесабактарды дайындап, телевизордон көрсөтүп жатат. Мугалим эжей-агайлар да өздөрүнүн сабактарын өз убактысы менен өтүп, тапшырмаларды берип, балдардын жооп бергенине жараша баа коюп жатышат. Аралыктан окууда мектеп менен мугалимдердин баркын билип жатабыз. Мугалимдерге аябай ыраазыбыз, себеби түшүнбөгөн нерселерди кайсы убакта сурабагын, өз убактыларын аябай жооп берип жатышат. Мугалимдерге кажыбас кайрат, ачык көңүл, ден соолук жана чыгармачылык ийгилик каалайбыз,-деп Бактыбек мырза өзүнүн каалоо-тилектерин билдирди.

АТА-ЭНЕ, МУГАЛИМ ЖАНА АРАЛЫКТАН ОКУТУУ

“Мектеп-окуучу-ата-эне” биримдиги

Жогоруда аталган мектептин кыргыз тили жана адабияты мугалими Жылдыз Жусупбаева

ата-энелердин оюн тастыктап, ушул кырдаал көптөн бери эңсеп жетпей жүргөн “Мектеп-окуучу-ата-эне” биримдигин түзгөнгө түрткү болуп, аны бекемдеди деген ойдо.

— Аралыктан окутуу жаңы башталганда, ата-энелерге да, аны менен катар окуучуларга да татаал кырдаал жаралды. Анткени аралыктан окуу менен мектептен окуунун айырмасы өтө чоң. Ата-энелер менен бирдикте окуучуларга талаптагыдай шарт түзүп, бир жолго түштүк. Албетте, үйдө ата-энелер балдарын, аны менен катар бизди колдобосо, сабак өтүүгө тиешелүү техника менен жабдып бербесе, биздин аракеттерибиз текке кетмек. Андыктан бизди туура түшүнгөн, колдогон ата-энелерге рахмат. Азыр “Мугалим, окуучу жана ата-эне” деген үч биримдиктин байланышы бекемделип, ата-энелердин мектепке, мугалимдерге эле эмес, өздөрүнүн балдарына да мамилелери, көз караштары өзгөрүлгөндөй болду.

Мен ушул учурдан пайдаланып, Билим берүү жана илим министрлигине ыраазычылык билдирип кетким келет. Себеби, окуучулар үчүн атайын видеосабактарды даярдап, телеберүүдөн берип жатат. Бул бизге, мугалимдерге өтө чоң жардам болууда,-дейт Жылдыз Кубанычбековна.

Биз жогоруда айткандай, мугалимдердин түйшүгүн өз жонунан сезген ата-энелер мугалимдерге ыраазычылыктарын билдиришип, минтип ыр да жазышкан:

Мектеп деген алтын уя — үй экен,

Баасын бизге түшүндүрдү карантин.

Мугалимге шек келтирбей жүрөлү,

Ансыз даана түшөт экен, карантүн…

Эне-аталар эки-экиден уруштук,

Эркелеген уул-кызды тыя албай,

Баккан оңой болгон менен балдарды,

Билим берүү татаал тура аябай!-дешип, мугалимдерге ыраазычылыктары менен бирге, чын жүрөктөн чыккан ырларын арнашкан.

Айнагүл Кашыбаева,

“Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер