АСТАНАДАГЫ V ДҮЙНӨЛҮК КӨЧМӨНДӨР ОЮНДАРЫ: БАШАТКА КАЙТЫП КЕЛҮҮ
- 19.09.2024
- 0
Биз жана дүйнө
Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын эң башкы табылгасы, бул — башатка кайтып келүү. Ошондой экенин буга чейин үч ирет көл жээгиндеги Чолпон-Ата шаарында, Түркиянын «ачык асман алдындагы музей» деп аталган байыркы Изник шаарында, бул ирет Казакстандын борбору Астанада өткөн көчмөндөр таймашы айдан ачык көрсөттү.
Азыркы ааламдашуу доорунда биз сыяктуу саны жактан көп эмес элдерге улуттук бөтөнчөлүктү сактап калуу жеңил болбой турганын күнүмдүк жашоодон көрүп жатабыз. Эгемендүүлүк алганыбызга отуз жылдан ашса да, эне тилибиз толук өлчөмдө өзүнүн мамлекеттик макамына ээ болбой келет. Эне тилибизде билим алсам деген жаштардын саны жылдан-жылга азайып баратат. Ата-энелердин каалоосу менен айыл мектептеринде да орус класстары ачылууда. Англис тилинин арааны жүрүп турган убак. Жумуш издеген жаштардын корей, немис тилине болгон кызыгуусу зор. Диний тааным жагына келсек, улуттук тамырдан, нукура ислам ишениминен алыс, ата-бабаларыбыздын бизге калтырган акыл-насаатына карама-каршы келген ар кандай диний агымдардын жаштарга таасири күчөгөндөн күчөп баратат. Мазмундук азгыруу форма жагына ооп, улуттук маданияттан алыс кийимдер көбөйдү. Жесир калган аялга окшоп кара жоолук салынган кыздар көбөйдү…
Ушундай шартта Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары — улуттук мурастарга кайтып келүүнүн эң бир көрүнүктүү аянтчасына айланды. Астанада жүрүп, биз, дүйнөнүн төрт бурчунан барган журналисттер, ушуга өз көзүбүз менен күбө болдук. Бул жердеги маданий иш-чаралардын чордону — Этноаулда улуттук кийимдин, элдик кол өнөрчүлүктүн, элдик ыр-күүнүн зор майрамы жогорку деңгээлде уюштурулду. Бир күн эмес бир нече күн катары менен Этноаулда ыр-күү жаңырып, мында агылып келген элдин маанайын көтөрүп турду. Уюштуруучулар көп жагынан Кырчын жайлоосундагы көрүнүштү көрсөтүүгө далалат кылышканын байкадык. Мисалы, Казакстандын бардык облустары этномаданияттын күзгүсү болгон боз үйлөрүн ушул жерге каз катар тигиптир. Кызыгы казактар аны «кыргыз үй» дешет экен. Эми биринен бири кооз. Бирөөсүнүн алдында көчмөндөргө көп жакшылык кылган кадимки ирандык падыша аял Томиристин керемет айкели бой керет, аны көрүп тээ илгертен эле көчмөндөр менен отурукташкан элдер камыр-жумур болуп, ынтымакта жашап келгенине ишендик.
Баса, айтылуу Томиристен кем калбаган казактын жоо кийимчен кыздарын Этноаулдан арбын жолуктуруп, айрымдарын сүрөткө да тартып алдык. Казактын чыйрак кыздары, шамдагай, жигиттери ат үстүндө не бир өнөрлөрүн көрсөтүп, ат жалына казан аскан элдин тукуму экенин жардап турган элге дагы бир ирет даңазалады. Көчмөндөрдүн байыркы жашоосун чагылдырган Этноаулда ат чабыш, жаа атуу жарыштары байма-бай өтүп жатты. Бул оюндардын ажарын ачкан өзгөчөлүк — дагы эле улуттук кийимдер болду десем жаңылышпайм.
Улуттук кийимдин энергетикасы бөтөнчө болорун ушундан билиңиз, эми көргөн адамды өзүнө магниттей эле тартып турат! Ушундан улам Павлодардан келген Сергей аттуу баатыр жигит бир эле күндө Көчмөндөр оюндарынын эң таанымал адамына айланды. Улуттук кийимчен бул алп жигит казакча таптаза сүйлөп баарыбызды таң калтырды. Аны менен сүрөткө түшпөгөн адам калбады окшойт. Мен болсо апаппак кимешек кийген апаларды сүрөткө тартып алдым. Алар «Астанадан келдик» дешти.
Этноаулда эмнелер гана жок! Элдик уздардын, чеберлердин, саймачы, тикмечилердин, жыгач уста, темир усталардын колунан чыккан не бир сонун буюмдар жармаңкеге коюлган. Чет элдик туристтер ошолорду айланчыктап эле жатышты. Тамырынан эбак алыстап кеткен элдерге ушунун баары кызык көрүнсө керек. Анткен менен аларың деле өз улуттук кийимдерин кийгенге көп далалат кылышыптыр. Бул жагынан эзелки мажарлар, азыркы венгерлер айырмаланганын айта кетейин. Улуттук кийимдерин даңазалоо жагынан арабдар, түрктөр, монголдор башкалардан алдыда болушту. «Кыргыздын паспорту — анын ак калпагы» демекчи, калпакчан кишини көрсөк эле, бир туугандай болуп учурашып жаттык.
Эми Астанадагы дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын биз байкаган артыкчылыктарына токтолсок. Эң биринчиден, бул оюндарга казак өкмөтү астейдил мамиле кылганы бардык жерден көрүнүп турат. Чет жерден келген спортчуларды, журналисттерди тосуп алуу, жайгаштыруу, үч маал ысык тамак менен камсыз кылуу, спорттук, илимий жана маданий иш-чаралар өтүүчү аянтчаларга жеткирүү, кайра алып келүү эң жогорку деңгээлде уюштурулду. Санариптешүү жакшы жолдо баратканын Астанадагы оюндар жарнамалады окшойт, мурда ипподромго кирүү үчүн паспортубузду колго кармап, биз, журналисттер, түртүшкөн адамдардын катарында кезекте турсак, бул жолу полиция текшерүүсүнөн мойнубуздагы бейджик менен эле опоңой өтүп жаттык. Бул бизге абдан ыңгайлуу болду. Бейджик менен шаардык автобуста жүрсөк, жол кире алынбады.
Ар кайсы өлкөдөн келген конокторду, спортчуларды күтүп алууда мындагы 1600 ыктыярчынын эмгеги зор болгонун айтып койбосок болбойт. Бирок алардын ишинде бир катар ийгиликтер менен катар алашемдиктер да болбой койбоду. Өзүнө бөлүнгөн жерде гана кызмат өтөп, кол кабыш сурасаң, «Убактым бүттү» деп шашыла үйүнө бараткан ыктыярчыларды да жолуктурдук. Жардам бермек тургай айрым конокторду башка автобуска салып жибергендери да учурап жатты. Менимче, бул иш шашылыш уюштурулган көрүнөт. Чын-чынына келгенде, ыктыярчылык дүйнөлүк масштабдагы спорттук, маданий иш-чараларды уюштурууда эң зор күч болуп саналат. Ыктыярчылардын көмөгү көрүнүктүү болушу үчүн тандоо этабына олуттуу мамиле талап кылынат. Баарынан мурун бул жооптуу ишке ыктыярчылыктын түпкү маанисин жетик түшүнгөн коомдук активдүү позициядагы жарандарды жаш курагына карабай тартуу зарыл.
Ишеналы Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин чет тилдер факультетинин 3-курсунун студенти Бегимай Абылкасиева — V Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын өткөрүүгө көмөктөшүп жаткан кыргызстандык 10 студенттин бири.
Ал буга чейин эле эл аралык долбоордо ыктыярчы болгонун айтат.
— Мурда ыктыярчы болуп иштеп калган үчүн ыктыярчыларга сынак жарыяланганда дароо катыштым. Резюмем жактырылып, аңгемелешүүгө чакырышты. Англис тилин билгеним да мага чоң жардам болду, — дейт Бегимай.
Кыргызстандык ыктыярчы кыздын айтымында, Астанада алар үч күндүк даярдыктан өтүшкөн
— Биз Астанага 5-сентябрда келдик. Үч күн даярдыктан өттүк. Конок үйүндө туруп, ар кимибиз өзүбүзгө бөлүнгөн жерде бул иш-чараны өткөрүүгө көмөктөшүп жатабыз, — деди ыктыярчы.
Дагы бир байкаганым, биз баш баккан боз үйлөрдө көчмөндөр тамагы көрүнбөдү. Кырчында болсо, боз үйгө кирген ар бир адам сөзсүз нан ооз тийип жаткан эле. Көчмөндөрдүн ушул улуу салтын ар убак сактасак дейм…
А.АЛИБЕКОВ, «Кут Билим», (Бишкек-Алма-Ата-Астана -Бишкек)
Комментарийлер