АРТЫКЧЫЛЫК АТТЕСТАТКА 149 ГАНА БҮТҮРҮҮЧҮ ТАТЫКТУУ БОЛДУ

  • 21.05.2024
  • 0

Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин 2024-жылдын 9-майындагы буйругу менен «Алтын тамга» мамлекеттик жыйынтыктоочу аттестациясы өткөрүлүп, жыйынтыгы чыгарылды. 2211 окуучунун ичинен 149 гана окуучу мыкты экендерин тастыкташты.

АРТЫКЧЫЛЫК АТТЕСТАТКА 149 ГАНА БҮТҮРҮҮЧҮ ТАТЫКТУУ БОЛДУ

Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин Билим берүүнүн сапатын баалоо жана маалыматтык технологиялардын улуттук борборунун директору Б.Шамшидинованын айтуусунда, окуудагы жалпы жетишкендиктердин стандартташтырылган тесттери билим берүү программаларын өздөштүрүүнүн жыйынтыгын баалоо үчүн иштелип чыккан.

— Предметтик тесттер окуу жетишкендиктеринин мамлекеттик стандартка ылайык келүүсүн аныктоого багытталган. Тесттер кесипкөй тест түзүүчүлөр тарабынан иштелип чыгып, тапшырмалар сыноодон, ал эми жыйынтыгы атайын талдоодон өткөрүлгөн. Натыйжада, мындай курал абдан ишенимдүү болуп саналат, — дейт жетекчиси.

«Алтын тамга» жыйынтыктары

2023-2024-окуу жылындагы «Алтын тамга» ЖМАга 2278 талапкер катталса, анын ичинен 2211 окуучу катышты. Республика боюнча орто жалпы билими тууралуу артыкчылык аттестатын алуу укугун 149 талапкер тастыктады, бул тестке катышкандардын 6, 7% ын түздү.

“Алтын тамга 2024” жыйынтыгы региондор боюнча:

Жалпы катышуучулардын ичинен % боюнча

1          Бишкек шаары          375      68       19%

2          Чуй облусу               191       20        10,5%

3          Ош облусу                527       17        4%

4          Ош шаары                153       6           4%

5          Жалал-Абад облусу 332      9          3%

6          Баткен облусу           221      9          4%

7          Ысык-Көл облусу     193      6         4%

8          Талас облусу             81        8          10%

9          Нарын облусу           138      6          5%

Республика                2211    149      7%

Жыйынтыгында, «Алтын тамга» ЖМАга талапкерлердин 6,7% гана артыкчылык аттестат алуу укугун тастыктады. Артыкчылык аттестатына талапкерлерде мектептин  педагогикалык кеңештин рекомендациясынын болушу бүтүрүүчүлөрдүн предметтер боюнча даярдыгынын жогорку деңгээлин дайыма эле тастыктай бербейт. Бул жагдай окуучулардын эки жылдын ичиндеги алган эң жакшы бааларынын сапатына күмөн ой жаратат жана мектеп бүтүрүүчүлөрдүн жыйынтыгына жана педагогикалык кеңештин чечиминин объективдүүлүгүнө ички көзөмөл жүргүзүүнү талап кылат. Бул кырдаалдан чыгуунун конструктивдүү жолун табуу керек: мектеп администрациясы окуучулардын окуудагы жетишкендиктерин баалоонун объективдүүлүгү боюнча педагогдор менен ишти уюштурууга көңүл буруп, ал эми региондук билим берүү органдары кырдаалды өз көзөмөлүнө алышы зарыл.

«Алтын тамга» ЖМАсынын негизги максаттары — артыкчылыгы менен орто жалпы билими жөнүндө документти алууга талапкердин билим деңгээлин аныктоо, көз карандысыз баалоону жүргүзүү; «Билим берүү жөнүндө» Мыйзамынын аткарылышына көзөмөл кылуу жана мектептик билим берүүнү, мектептик жалпы  билим берүүнүн мамлекеттик билим берүү  стандартын жакшыртуу боюнча сунуштарды иштеп чыгуу.

— Педагогикалык кеңештин сунушу жана мектептин буйругунун негизинде X жана XI класстарда бардык окуу дисциплиналары боюнча жалпы орто билим берүүнүн окуу программаларын чейректик, жарым жылдык жана жылдык бааларын «5» тен кем эмес (эң жакшы) баага өздөштүрүп, ийгиликтүү аяктаган окуучулар “Алтын тамга” ЖМАсына катышууга жиберилет. Министрликтин техникалык тапшырмасына ылайык, Билим берүүнүн сапатын баалоо жана маалыматтык технологиялардын улуттук борбору «Алтын тамга» ЖМАсына катышуучу бардык талапкерлер үчүн бирдиктүү шарттарды түзүүнү камсыздады. Өткөрүлгөн тесттин талашсыз артыкчылыктары болуп төмөнкүлөр саналат: алынган баалоонун калыстыгы, окуучуларга көзөмөл жүргүзүү мезгилиндеги “теңчилик”, тестте окуу материалдарынын олуттуу көлөмү камтылганы, тест тапшыруучулар үчүн бирдей шарттардын өткөрүү учурунда да, натыйжаларды иштеп чыгуу жана маалыматтарды чечмелөө этабында да түзүлгөнү, — деди Б.Шамшидинова.

 Артыкчылык аттестатын алуу мектепте маанилүү стимул бойдон калууда. Анткени, мыкты болууга умтулуу балалык кезде түптөлөт жана бойго жеткен кезде ийгиликке жетүүгө жардам бере турган амбицияны калыптандырат.

 Гүлнара АЛЫБАЕВА, “Кут Билим”

 

 

Бөлүшүү

Комментарийлер