“АРДАК БЕЛГИСИ” ОРДЕНДҮҮ “ЭЛ АГАРТУУ” ЖУРНАЛЫНА 95 ЖЫЛ

  • 10.04.2023
  • 0

“АРДАК БЕЛГИСИ” ОРДЕНДҮҮ “ЭЛ АГАРТУУ” ЖУРНАЛЫНА 95 ЖЫЛ

Өткөн кылымдын 1928-жылында негизделген кыргыз тилиндеги биринчи журнал “Жаңы маданият жолунда”, азыркы “Эл агартуу” журналына 95 жыл болду.  

Кыргыздын биринчи билим берүү комиссары Касым Тыныстанов баштаган Токчоро Жолдошев, Эшеналы Арабаев, Осмонкул Алиев, Төрөкул Айтматов сыяктуу алгачкы интеллигенттер кыргыз элине эне тилинде басылма керектигин түшүнүп, бирок андай журнал чыгаруу бир топ каражатты талап кылгандыктан ар бири өз чөнтөгүнөн 10 сомдон чыгарган. Ал каражат жетпегендиктен жалпы элге журнал чыгарууга көмөктөшүү үчүн жардам сурап, “Эркин Тоо” гезити аркылуу кайрылышкан. Каражат эки жылга жакын убакыт бою чогултулган. Ошентип, журналдын биринчи саны 1928-жылдын 5-майында “Жаңы маданият жолунда” деген ат менен жарыкка чыккан. Бул кыргыз тилинде жарык көргөн туңгуч журнал болуп саналат. Алгач журнал билим берүү, илим, маданият, адабият, аялдар теңсиздиги, айыл чарбасы, экономика ж.б. тармактарды камтыган энциклопедиялык маанидеги журнал болгон болсо, кийин негизинен билим берүү жана илим багытында ишин уланткан. Журналдын беттеринде окутуунун ыкмалары, сабак жүргүзүү боюнча зарыл сунуштар, кыргыздын жана орус акын-жазуучуларынын чыгармаларынын котормолору жарык көрүп турган.

“АРДАК БЕЛГИСИ” ОРДЕНДҮҮ “ЭЛ АГАРТУУ” ЖУРНАЛЫНА 95 ЖЫЛ

Журналдан алгачкы жооптуу редактору К.Тыныстанов, анын автордук курамы болуп ошол кездеги кыргыздын алгачкы интеллигенциясы, мугалимдик курстардын окутуучулары жана жогорку курстардын угуучулары саналган. Журналдын биринчи санына Касым Тыныстанов баш макала даярдап, анда өлкөнүн ошондогу социалдык абалына, маданият айдыңындагы абалга кенен токтолуп, канткенде улуттук маданиятыбыздын абалын калыптандыруу, телчиктирүү, өстүрүү маселелелерине карата өз ойлорун ортого салган.

“АРДАК БЕЛГИСИ” ОРДЕНДҮҮ “ЭЛ АГАРТУУ” ЖУРНАЛЫНА 95 ЖЫЛ

“Биздин маданиятыбыз, — дейт, ал, — жаңы маданият, мунун жаңылыгы ушунда – биздин маданиятыбыз жалчылардын талаптарына негизделген. Биздин маданиятыбыз келечектеги жалпы адам баласынын маданияты болушу керек. Биз эскиден калган маданияттын баарын эле таштап салбайбыз, эски маданияттын керектүүлөрүн, аны өзүбүздүн тап-талабыбызга мазмундап, өзүмдүк кылабыз, жарабагандарын таштамакпыз. Башкача айтканда, маданият жүзүндө биз өзгөрүш жасашыбыз керек”.

Мындай келечектүү, мазмундуу ой-тилектерин ошондо эле ишке ашырууга ниеттенишип, кыргыз интеллигенттери менен жапырт аракетте болуп, улуттук маданияттын калыптанышына өбөлгө болушуптур, муну тарых унутпайт.

“АРДАК БЕЛГИСИ” ОРДЕНДҮҮ “ЭЛ АГАРТУУ” ЖУРНАЛЫНА 95 ЖЫЛ

Мезгил өткөн сайын  коомдун талабына, учурдун шартына ылайык “ЖАҢЫ МАДАНИЯТ ЖОЛУНДА” өзүнүн көп тармактуу профилин кыскартып, мектепке чейинки билим-тарбия берүүчү мекемелердин, мектептердин, орто жана жогорку окуу жайларынын ишин, т.а. элге билим берүү тармагын чагылдырууга багыт алды. Ушундай шартта 1932-жылдан тартып “МАДАНИЙ МАЙДАН”, 1938-жылдан тартып “ОКУТУУЧУЛАРГА ЖАРДАМ”, Улуу ата мекендик согуштан кийин “МУГАЛИМДЕРГЕ ЖАРДАМ” деген аталышта жарык көрүп келген болсо, 1972-жылдан бери “Эл агартуу” деген аталышта чыгып келет.

“АРДАК БЕЛГИСИ” ОРДЕНДҮҮ “ЭЛ АГАРТУУ” ЖУРНАЛЫНА 95 ЖЫЛ

Жогоруда айтылгандай, журналдын алгачкы редактору болуп К.Тыныстанов  эсептелсе, кийин бул ардактуу милдетти А.Токомбаев, Т.Жолдошев, Б.М.Юнусалиев, К.Баялинов, Ж.Шүкүров, А.Элебесов, Б.Кулдашев, Б.Үмөталиева, Р.Шамурзина, Н.Кангелдиев, А.Токтосунов, А.Осмонкулов, Ш.Жамансариев, Т.Сагымбаев сыяктуу агай-эжейлерибиз аркалап келген.  Журналдын калыптанышында жана өсүп-өнүгүшүндө алардын ар биринин өзүнүн кошкон салымы  арбын. Тагыраак айтканда, журналдын тематикалык жактан кеңейишине, илимий-методикалык, педагогикалык жана идеялык жактан бышып жетилишинде аталган инсандардын аткарган эмгегин өзгөчө баса белгилебей коюуга болбойт.

“АРДАК БЕЛГИСИ” ОРДЕНДҮҮ “ЭЛ АГАРТУУ” ЖУРНАЛЫНА 95 ЖЫЛ

“Эл агартуу” журналынын узак тарыхында улуттук маданияттын, билим берүүнүн жана тил маданиятынын калыптанышына өбөлгө түзүлгөндүгү да белгилүү. Айталы, анын элүүнчү жылдардагы жооптуу редактору Болот Мураталиевич Юнусалиев айыл мектептеринде иштеп жаткан мугалимдердин жиберген макалаларын журнал беттеринде үзбөй жарыялап, ошол авторлор менен тыгыз байланыш түзүүнү приоритеттүү маселе катары көргөн экен. Ал авторлордун далайы ушул журнал аркылуу илимий-педагогикалык тармакка активдүү тартылыптыр. Улуттук билим берүүнүн, кыргыз педагогика жана методика илиминин учурдагы абалына мына ошондо эле кам көрүлө баштаган экен…

“АРДАК БЕЛГИСИ” ОРДЕНДҮҮ “ЭЛ АГАРТУУ” ЖУРНАЛЫНА 95 ЖЫЛ

“Өткөндөр даңкталмайын, тирүүлөр бакталбайт”. Бул инсандардын аркалаган жүгү, аткарган милдети чындыгында кыргыз билим берүүсүнүн, илиминин тарыхы менен тыгыз байланыштуу жана өз учурунда коомдун күзгүсү катары аларды чагылдырып турган. Демек, педагогдор коомчулугунун сүйүктүү журналы өзүнүн алгачкы тушоосу кесилген күндөн тартып эле кыргыз элинин жаңы маданиятын өнүктүрүү, элге билим берүү ишинин сапатын ар тараптуу арттыруу жана өркүндөтүү, жаш муундарга билим-тарбия берүү менен элге ак кызмат кылууга үйрөтүү, мугалимдердин билим деңгээлин жогорулатуу, өлкөдөгү алдыңкы педагогдордун үйрөнүүгө татыктуу тажрыйбаларын кеңири жайылтуу, педагогика  илиминдеги жаңылыктарды пропагандалоо сыяктуу маселелерди козгогон материалдарды тартуулап келе жаткандыгы мугалимдердин күнүмдүк ишине практикалык эбегейсиз көмөк көрсөтүп келгендигин тануу кыйын.

“АРДАК БЕЛГИСИ” ОРДЕНДҮҮ “ЭЛ АГАРТУУ” ЖУРНАЛЫНА 95 ЖЫЛ

“Эр эмгегин жер жебейт”, 1978-жылы 5-майда СССР Жогорку Советинин Президиумунун Указы менен “Эл агартуу” журналынын “Ардак белгиси” ордени менен сыйланышы элге билим берүү ишин өнүктүрүүдө жана жаштарды өлкөнүн татыктуу жараны кылып тарбиялоодо анын сиңирген эмгегин тааныгандык болду десек жаңылышпайбыз. Аталган сыйлыкты алуу чындыгында эле журналдын эмгек жамаатынын шыгына-шык кошуп, жоопкерчилигин арттырып, жаңы дем, өзгөчө жигер менен эмгектенүүгө түрткү болду. Ошентип, жетимишинчи жылдардан кийин журналдын беттеринде “Элге билим берүү ишин уюштуруу”, “Жогорку жана атайын орто окуу жайлары”, “Методика жана тажрыйба” анын ичинде ар бир предметти натыйжалуу окутуу боюнча макалалар, “Мектеп, үй-бүлө, коомчулук”, “Башталгыч мектеп”, “Мектептен, класстан тышкаркы иштер”, “Педагогика жана психология” деген сыяктуу жаңы рубрикалар ачылып, журналдын тематикалык багытын кеңейтүүгө шарт түздү.

“АРДАК БЕЛГИСИ” ОРДЕНДҮҮ “ЭЛ АГАРТУУ” ЖУРНАЛЫНА 95 ЖЫЛ

“Эл агартуу” алгач адабий-педагогикалык журнал катары реалдуу социалдык-турмуштук зарылдыктан конкреттүү улуу инсандардын демилгеси, каражаты менен басылып чыгып, азыркы мезгилге чейин элине, билим берүүгө, улуттук маданиятты жайылтууга ак кызматын кылып келе жатат. Тарыхый-маданий мааниге ээ болгон мындай журналдын келечегинен күмөн саноого болбойт. Экинчи жагынан, “Эл агартуу” – улуттук жазма адабиятынын, тилинин, маданиятынын жана билим берүү тармагынын калыптанышына, телчигүүсүнө жана өсүп-өнүгүшүнө эбегейсиз салым кошуп келе жаткан элдик журнал, бул тарыхта кала турган факт.

“АРДАК БЕЛГИСИ” ОРДЕНДҮҮ “ЭЛ АГАРТУУ” ЖУРНАЛЫНА 95 ЖЫЛ

“Эл агартуу” журналынын улуттук турмуштан ээлеген орду, анын системалуу жарык көрүп келиши кыргыз билим берүү системасынын, кыргыз педагогика илиминин теориясы менен практикасы эриш-аркак аракетке келип, бир бүтүндүктү түзүп, бүгүнкү абалына жетишине өбөлгө болду. Аталган тармактар ичиндеги элдик, мамлекеттик иш аракеттер мына ушул журналдын ишмердүүлүгү менен биримдикте карала турган табигый көрүнүшкө айланды. Журнал мындай максат-милдеттерин Кыргызстандын эгемендүүлүк жылдарында да аткарып келет, аткарып гана чектелбей, ал улуттук тилдин (мамлекеттик тил катары), адабияттын, маданияттын, эл агартуу тармагынын, билим берүү жана илимий-педагогикалык тармактарынын соңку жетишкендиктери менен окурмандарын камсыз кылып келет.

Соңку жылдар аралыгында журнал өз окурмандарын таап, кыргыз мугалимдеринин колдон түшкүс жардамчысына айланды. Себеби журналдын беттеринде сабакты окутуунун методикасынан тартып бүгүнкү күндөгү илимий жетишкендиктерге чейинки ар кыл багыттагы материалдар жарык көрүп, мектепке чейинки тарбия берүүчү мекемелердин тарбиячыларына, мектеп мугалимдерине, жогорку жана орто окуу жайларынын окутуучуларына аздыр-көптүр  методикалык көмөк көрсөтүп, жаш адистерди өз кесибинин татыктуу адистери катары тарбиялоодогу ак милдетин адал өтөп келет.

 

 

Бөлүшүү

Комментарийлер