АРДАГЕР МУГАЛИМ, БААТЫР ЭНЕ

  • 18.11.2022
  • 0

Тоолуу өлкөбүздө өз кесибинин чыныгы устаттары арбын. Алардын бири – жети баланын апасы, 12 небере, эки чеберенин чоң энеси, ардагер мугалим Жумакан Исманалиева.

АРДАГЕР МУГАЛИМ, БААТЫР ЭНЕ

Ош мамлекеттик педагогикалык институтунун физика-математика факультетин жаңы эле аяктаган Жумакан мектептеги эң биринчи сабагына уктабай даярданды. Көргөзмө куралын да белендеди. Столундагы Василий Сухомлинскийдин «Мугалимге жүз насаат» китебин кайра-кайра барактайт. Улуу педагогдун «Бала баалуу таш болсо, мугалим чебер скульптор болушу керек» деген накыл сөзүн жүрөгүнө бекем түйүп сабагына жөнөдү…Азыр эстесе андан бери кырк жыл өтүптүр. Кара-Кулжа районундагы «Сагындык» орто мектебинде, андан соң ушул эле райондогу Бөжөк Бегиев атындагы орто мектебинде иштеди. Бирок мугалимдик кесипке болгон сүйүүсү эч бир бөксөрбөдү.

– Мен мектепте окуп жүргөндө эле мугалим болом деп кыялданчумун, анткени үйдө улуу эжелерим мугалим эле. Мен дагы ошолордой болгум келчү. Эжелериме таасирлендим окшойт. Азыр деле кайрадан «Мектепти бүтсөң, кайсыл кесипти тандайт элең?» — деп сураса, «Мугалим болом!» демекмин, — дейт агартуу ардагери, Билим берүүнүн мыктысы Жумакан Исманалиева.

Биздин каарманыбыз учурда ардактуу эс алууда. Билим берүү тармагында 40 жыл эмгектенди. Бош убактысында китеп окуп, тикмечилик кылат, кээде ыр жазат. Бирок айланып келип эле ойлору мектептеги өткөн күндөрүнө байланат.

– Мугалимдин эсинде эң мыкты окуучулары, анан сабагынан жетишпеген кыздар-балдар калат экен. Жаңыдан иштей баштаган учурум эле. Бир окуучум сабактан көп калып, тез-тез уруксат сурай берчү. Сабактан жетишүүсү да начар болчу. Бир жолу «Апам ооруп жатат» дегенинен уруксат берип, артынан үйүнө барсам, апасы оорубай эле, кир жууп отуруптур. Айтсам, «Ооба, күнүгө эрте келет. Сабак болгон жок деп айтат», — деди. Ошол окуучум менен класс жетекчи катары көп иштедим, 9-классты бүтүрдү, — деп эскерет эжей мурунку окуучусун.

Мыкты педагогдор айтып калгандай, негизи эле тарбиялык, окутуучулук иште мугалим менен окуучу тыгыз, жакындан иштешкен ушундай учурлар кимдин болбосун эсинде калат. Жумакан эже да өзү сабак берген математика предметинен окуучуларды далай ирет райондук, облустук олимпиадаларга даярдады. Окуучуларынын арасынан мугалиминин үмүтүн актап, ийгиликке жеткендери да болду.

Агартуучулук ишке болгон ак пейил мамилеси менен кесиптештеринин урмат-сыйына ээ болгон мугалим предметтик сабактан тышкары тарбиялык сааттарды өтүп, мектепте кыздар кеңешин жетектеди.

– Окуучулардын социалдык, психологиялык абалы ар кандай болот. Ошого жараша кыйын кырдаалга туш болгон окуучулар менен жекече иштегенге туура келет. Кийинчерек соцпедагог деген орун ачылды. Биздин убакта баарын класс жетекчилер өзүбүз аткарчубуз. Негизи кыйын кырдаалга туш болгон окуучуларга үмүт, багыт бергенге аракет кылчумун, — деп айтат ардагер мугалим.

Адамдын турмушу бир кылка болбойт эмеспи. Элеттик мугалимдин өмүрлүк жолдошу Апытаев Аматбек иш десе ишке тойбогон 39 жашында дүйнөдөн өттү. Андан беш жылдан кийин тун уулу Апытаев Мирланды жоготту. Бирок эже сынган жок, белди бекем бууп, эки эселенген кайрат менен эмгектене берди.

ЮСАИДдин «Сапаттуу билим» долбооруна катышып, өз ишинде бир топ ийгиликтерди жаратты.

– «Сапаттуу билим» уюштурган тренингдерден сабактын максатын окуучунун позициясында аныктоону, баалоо критерийлерин, топторго бөлүп иштөөнү, жаңы интерактивдүү усулдарды колдонуп, сабакты натыйжалуу өтүүнү үйрөндүм, — деди Жумакан эже.

«Аракет кылсаң, берекет» дегендей, чыгармачыл мугалим долбоор алкагындагы жаратман иштери, табылгалары аркылуу бир топ ийгиликтерге жетти. 2009-жылы «Жылдын мыкты мугалими» сынагында райондо «Мыкты класс жетекчи» номинациясын жеңип алды. 2012-жылы Ош облустук мугалимдердин кесиптик билимин жогорулатуу институтунун 50 жылдыгына карата уюштурулган педагогикалык конференцияда «Мугалимдердин билимин өркүндөтүүнүн кадамдары» аттуу мазмундуу докладын окуду. Республикалык «Кутбилим сабак» усулдук гезитине «Баалоо көндүмдөрүн кантип калыптандырууга болот?», «Мугалим-окуучу кызматташтыгы же топко бөлүп окутуунун артыкчылыгы» деген темада макаласы жарык көрдү. Бул эки усулдук макаласы тең ЮСАИДдин адистери тарабынан жактырылып, гезитке басууга сунуш кылынды. Ак эмгеги бааланып диплом, Ардак грамоталар менен сыйланды.

Мугалимдик кесипти жанындай көргөн нукура педагог өз бактысын сүйүктүү кесибинен, өзү тарбиялап өстүргөн уул-кыздарынан тапты. Улуу баласы Мирлан Түркиянын Анкара шаарынан билим алды. Кичүү кызы Каныкей Германиянын Гейдельберг шаарындагы медициналык окуу жайдан окуп, турмушка чыгып, 15 жылдан бери ошол жакта хирургияда иштейт. Калган балдары өз өлкөсүндө жогорку билимге ээ болушту.

Ардагер мугалим азыр да мектептен кол үзбөй, жаштарга акыл-насаатын айтып келет.

– Азыркы жаш мугалимдерге кесибиңерди сүйгүлө демекмин. Эгерде адамда каалоо күчтүү болсо, ийгиликке сөзсүз жетет, — деп айтат жаш педагогдордун насаатчысы Жумакан Исманалиева.

А.АЛИБЕКОВ,
«Кут Билим»

Бөлүшүү

Комментарийлер