АРЧА-БЕШИКТЕГИ БИЛИМ ОЧОГУНА 20 ЖЫЛ ТОЛДУ

  • 15.11.2017
  • 0

Бишкек шаарындагы Арча-Бешик конушунда жайгашкан №79 мектептин ачылышына быйыл 20 жылдын жүзү болду. Бул жылдар ичинде бир топ кыйынчылыктар менен кошо ийгиликтер да жаралды. Учурда мектепте 1661 окуучу билим алып жатат. 1997-жылдан бери жылбай бир жерде агарып-көгөрүп иштеп келатышкан алдыңкы мугалимдер 20 жылдык мааракеде шаардык, райондук сыйлыктарга татышты. Мектептин жетекчиси Чынаркүл Уметалиева Кыргыз тили коомунун «Ыйык тил» медалы менен сыйланды. Ал эми мектепке Бишкек шаардык билим берүү башкармалыгы  бир класс комплект партаны, ал эми Ленин райондук администрациясы 30 миң сомго компьютер,  экран  белек кылышса, ата-энелер мектептин  «Мурас»  бий ийримине  улуттук  кийимдерди белекке тартуулашты.

АРЧА-БЕШИКТЕГИ БИЛИМ ОЧОГУНА 20 ЖЫЛ ТОЛДУ

№79 мектеп 1997-жылы алгач 100 орундуу башталгыч класс  болуп ачылган. Алгачкы жылы  400 бала кабыл алынып, алар 2002-жылга чейин окушту. Ал эми 2002-жылы  үч кабаттуу 700 балага эсептелген жаңы мектеп ачылган. Бала көп болгондуктан учурда үч сменде окушат. Жыл сайын 1600 баладан кемибейт экен, класс комплектиси 48 же 50. Быйыл 47 класс комплектиси менен ачылыптыр. Учурда 1661 бала окуйт, айрым класстарда 35 баладан отурса, кээ бир класстарда 42ге чейин жетет. Өзгөчө 1-класстарда 42-44 баладан отурушат. Мектепке тиешелүү микроучастоктун негизинде кабыл алынат. Бул деген миграция толкуну азайбастан, тескерисинче, жыл сайын көбөйүп жатканынан кабар берет. Анан дагы бул конуштагы мектептердин ичинен бул билим уясында орус класстары дагы бар, ошого карап тургундар жалаң №79 мектептен билим алганга кызыкдар.

— Бир класста 44 баладан окуса, бир сабак 45 мүнөт, анда билим сапаты тууралуу кантип кеп кылабыз?

— Туура. Сабактан сырткары кошумча сабак өткөнгө аракет кылып атабыз. Азыр беш күндүк эмеспи. Ошондуктан  мугалимдер методикалык кабинеттин башчысы менен биргеликте сабакта жетишпей калган окуучулардын аты, жөнүн тактап, план түзүп алып, ошол күнгө ата-энелер менен макулдашып туруп,  сабак коюлат. Бир жыл бою башталгыч класстын мугалимдери балдар менен ушундай планда иштешет. Мындан тышкары башталгыч класстын бардык мугалимдери «Бирге окуйбуз» долбоорунун негизинде кошумча билим алып, долбоор менен иштеп жатышат. Ошондой эле 480 сааттык даярдоо тайпасы иштеп жатат. Жалпы эле мектептин мугалимдерин  тынымсыз  квалификациясын жогорулатуу курстарына жиберип турабыз. Ай сайын бардык мектептер сыяктуу эле  предмет боюнча декадалар  өтүлүп, мугалимдердин сабактарына  анализ жасалып, билим сапаты боюнча мониторинг жүргүзлөт.

— Ата-эне деп калдыңыз. Алар менен мектептин байланышы кандай?

— Аларга мен даттана албайм, себеби кайсы убакта кайрылбайлы ата-энелерибиз бизге колдоо көрсөтүп турушат. Кээде өздөрү жардамдарын сунушташат: мектепке окуу китептерин, дептерлерди алып бергенге аракет кылышат. Балдардын баарына эле китеп жетише бербейт, өзгөчө башталгыч класстын балдарынын жазуу дептерлерин (пропись) ата-энелердин макулдугун менен албасак окута албайбыз. Белгилеп кетким келет, бул мектепти ата-энелердин жардамысыз кармай алмак эмеспи. Бул чындык. Билим берүү системасына, өзгөчө балдарынын татыктуу билим алышына кайдигер карабаган ата-энелер дайыма мектепке жардам берип келишет. Албетте, арасында нааразы болгондор жок эмес. Бирок алар мектепке бир дагы салым кошпогондор, каражат төлөгүсү келбегендер.

— 20 жылдын ичинде кандай кыйынчылыктар болду. Ушул жылдары эмне ийгиликтерди жарата алдыңыздар?

— Биринчи ачылганда бир топ эле кыйын болду. Себеби ал кезде Арча-Бешик боюнча жалгыз эле биздин мектеп болчу. Ачылгандан бери иштеп келатам. №4 шаардык бейтепканадан баштап түндүк көрүстөнгө чейин, бул жагы Сокулуктун селекциясына чейинки ээн талаа- эрме чөлдө ар кайсы жерде бирден үй болгон үчүн балдарды үйүнөн барып, жетелеп келип окутчубуз. Анткени мектеп алгачкы жылдары төрт жылдык болуп иштедик. Ошол кезде абдан кыйналдык. Кичинекей мектепте үч сменде окуп жаттык, балдар мектепке батпайт, суук.  Батпай калган балдарды №72, №55 шаардык  мектептерге кайрылып,  жардам сурадык, Кийин төртүнчү класска чейин окутуп, анан башка мектептерге өткөрүп берип жаттык. Жаңы мектеп ачылгандан кийин деле балдар батпайт. Жогоруда айтып кетпедимби, биздин мектепте орус класстар бар деп. Ошого байланыштуу конуштагы башка мектептерге салыштырмалуу ата-энелер биздин мектепке киргенге аракет кылышат.

Ар бир класстан бирден, жалпы 12 орус класс бар. Кээ бир класстар экиден ачылган.  Негизи  орус класстын окуучулары  9-класска чейин эле окушат. Бүтүп кеткен орус класстын балдары күчтүү. Себеби былтыркы, мурдагы жылкы конкурстарга катышып, республикалык  «Милициянын жаш достору» сынагында алар гран-при  жеңип  алышкан. Кыргыз класстарынан болсо кызыл аттестат менен бүткөн балдарыбыз бар. Жыл сайын  бирден-экиден бала артыкчылык аттестат менен бүтүргөндөр бар, 9-класстан кийин эле ар кайсы окуу жайларга өтүп кетип жатышат, жалпы республикалык тестирлөөнүн жыйынтыгынын негизинде  республиканын жана КМШнын жогорку окуу жайларында окуп жатышат.

Ушул жылдар ичинде сегиз окуучубуз мектепти артыкчылык аттестат менен,  9-классты 20 ашык окуучу мыкты көрсөткүчтөр менен аякташты. Усманова  Барно деген ата-энебиз бар, мектепке дайыма колдоо көрсөтүп турат. Анын кызы  Роза  мектепти жакшы аяктап, учурда Пекинде окуйт.

— Тарбия маселеси кандай жолго коюлган?

— Бизде аксакалдар соту айыл өкмөтү менен бирдикте иштешет. Тартиби начар же болбосо начар үй-бүлөнүн балдары болсо, мектептин соцпедагогу менен бирге иш алып барышат. Мисалы, ар бир класста он бештен баланын ата-энелери жумуш издеп Россияга, Казакстанга кетип калышкан. Бул балдар же чоң ата, чоң энелеринин колунда, же жакын туугандарынын колунда калгандар. Албетте, жаштайынан ата-эненин мээриминен кур калган балдардан эмнени күтсө болот?..

Жаңы шаарга келген балдар айлана-чөйрөгө көнүшкөнчө бир топ убакытты талап кылат. Алар жамаатка тез эле жуурулушуп кеталбайт, тил табыша албаган учурда ошол тарбиялаганга, окутканга милдеттенме алган туугандарын чакырып жардам сурайбыз. Эгерде алар келбей коюшса, кыйналып-кысталсак айыл өкмөтүбүздү, аксакалдар сотун жардамга чакырабыз. Айыл өкмөтүнүн атынан  аксакалдар сотунун мүчөсү Сабира Кадыралиева «Энелер мектебин» ачуу аракетин көрүп жүрөт. Менимче, таалим-тарбияга эненин эмгеги зор. Андыктан конушта «Энелер мектеби» ачылса, анда бардык мектептерге жеңилдик болот эле.

— Заманбап технология менен камсыз болгонсуздарбы?

—  Мектепте жаңы  усулдук  кабинет ачылган. Учурда проектор, эки  интерактивдүү такта, интерактивдүү  система, 26 компьютер, принтерлер, ксерокстор  бар. Андан тышкары инновациялык методдор  менен иш жүргүзүү үчүн усулдук кабинетти ачтык. Усулдук кабинет заманбап техникалар менен жабдылган.  Ушунун баары мамлекеттин,  ата-энелердин, демөөрчүлөрдүн жардамы менен болгон иштер.

— Ошондо ата-энелер жылына канча сом мектепке төлөшөт? Класстык фонд барбы?

— Өкмөттүн токтомунун негизинде жан башына каржылоо принцибинде жылына бир жолу тендер аркылуу мектептин ремонтуна деп анча-мынча краска берилет. Ата-энелердин көмөгү болбосо мектепти  кармай алмак эмесмин. Ленин райондук финансы бөлүмүндө ачылган атайын эсепке  ата-энелер өз каалоосу менен бир жылга 1000 сом төгүшөт.  Бир жылга түзүлгөн сметанын негизинде  мектепке керектүү нерселер тендер аркылуу акча которулуп алынат. 1600 баланын ичинен 600кө  жетпеген окуучу ар кандай суммада мүмкүнчүлүгүнө жараша төлөшөт, калгандары жарым-жартылай жетим, социалдык абалы начар үй-бүлөлөр. Бир жылга биздин мектептин оңдоп-түзөөсүнө 350 миң сом кетет. Ошого смета түзүлгөн. Мисалы, мектеп толук парта, эмеректер менен камсыз болгон. Ооба, класстык фонд деген бар. Класстарды ата-энелер акча төлөп жуудурушат. Анткени мектеп үч смендүү болгонуна байланыштуу класстарды дезинфекциялап, тазалап туруу керек. Негизи көп нерсени ата-энелер өздөрү сүйлөшүп чечишет. 50 сом полду жууганга, 50 сом класстык фондго ай сайын беришет. Ага мектеп жетекчилиги кийлигишпейт. Менимче, акчаларды үнөмдөсө баарына жетет.  Мен өкмөткө кайрылат элем, жанагы коомдук бирикме, уюм ж.б.у.с. ордуна мектепке эле атайын эсеп ачып койсо, ошол ыңгайлуу болот экен. Илгерки 160 сом деген ата-энелер төлөмү бар эмес беле, ошол эле сумманы киргизип койсо, бизге дагы жеңил болмок жаман, жакшы аттуу болбой, өкмөткө да жакшы болмок. Биздин балдар көп, бирок ошого карабастан аз эле сумма чогултулат. Ошого болбой эле арыздангандар да  жок эмес. Биринчи жылы мен атайын эсеп ачканда 35, 25 сомдон төккөн ата-энелер деле болду.

— Кайсы мугалимдериңиз менен сыймыктана аласыз?

— Мектепте 70 мугалим иштейт.  Биология мугалими эл агартуунун мыктысы Садырова Ширин окуучуларын олимпиадага алып чыгып, байгелүү орундарга ээ болуп келатат. Информатика мугалими Темирбаева Назгүл, кыргыз тили жана адабияты мугалими Турусбаева Айнура, математиктерден Дуйшеналиева Күлүйпа, физиктерден Абдиллаева Айнагүл, башталгыч класстарда эл агартуунун мыктылары Мамбеталиева Роза, Абдылдаева Айдаш, Орозобекова Астра, орус класстарда Таирова Гүлжамал, Жолдошова Аида деген устат мугалимдерибиз бар. Орус класстын мугалимдери окуучуларды абдан жакшы даярдашат. Ашып кетсе алар он эле мугалим, бирок баары тең семинарлардан  калышпайт.  Алар өз алдынча кеңеш сыяктуу ачып алып, бири-бирине «Устат-шакирт» деп жардам беришет. Былтыркы окуу жылында Бөөнбаева  Наргиза деген жаш мугалимибиз «Мыкты мугалим» сынагына катышып,  райондон экинчи орунду, шаардан төртүнчү орунга ээ болду. Ага чейин Абдылдаева Айдаш, Сатылганова Кенже, Темирбаева Назгүл деген мугалимдерибиз  “Жүрөгүм менин балдарда” шаардык конкурсунда  биринчи- экинчи орунду камсыздашкан. Мыкты алдыңкы мугалимдерибизди профсоюз аркылуу санаторийге, жайкы эс алуу пансионаттарына  жиберип турабыз.  2015-жылы профсоюз уюму уюштурган шаардык конкурста 1-орунду жеңип алып, 40 миң сомго мугалимдер үчүн эс алганда отура турган жумшак эмеректерди  алдык.

— Канча жаш мугалим иштейт? Алардын билим деңгээли кандай?

— Былтыр беш, быйыл алты, жалпы жонунан 11 жаш мугалим бар. И.Арабаев атындагы КМУУ, ИПК менен тыгыз байланыштабыз, ошондуктан ушул окуу жайынын педколледжинен келишет. Мисалы, башталгыч класстын мугалими, атайын орто билими менен келишсе, кайра жогорку окуу жайларга тапшырып, экинчи дипломдуу болушат. Ошондуктан мугалимдерибиз мектептен кетишпейт. Келген жаш мугалимдерди насаатчылар практика жүзүндө тарбиялап, мыкты мугалим кылып чыгарышат. Бишкектеги музыкалык-педагогикалык колледжинен келген студенттер күчтүү болот. Келгенде эле мыкты сабактарды бере башташат. Себеби  алар окуп жүргөн кезде бизге практикага келгенде эле кураторлору тынбай келип сабактарга кирип, катышып, көзөмөлгө алып турушат. Жыл сайын алар 20-30 студентти практикага алып келишет.

— Окуучулар сынактарга катышып турушабы?

— «Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык фонду тарабынан уюштурулган «Жашыл шаарым» деген проектиге окуучуларыбыз катышып, лидер балдарыбыз  мектептин тегерегине шагыл төктүрүп беришти. Өздөрүнө бир кабинет бөлүп бергенбиз, мектептин уюштуруучусу Исраил кызы Жазгүл менен бирдикте иш алып барып жатышат. Ошол проектиден алар төрт компьютер принтер, ксероксу менен жеңип алышкан. Лидерлердин иштерине  кийлигишпейбиз, колдон келсе   алга сүрөөгө жардам көрсөтөбүз. Жаңы конушта сугат  суусу жок, ошол лидерлерибиздин  жардамы  менен айлана-чөйрөнү жашылдандырып алдык. Кээ бир ата-энелер машинеси менен суу ташып келип,  дарактарды, гүлдөрдү сугарып кетишет.

Окуучулардын коопсуздугун сактоо үчүн дагы кандай иш-аракеттер бар?

— Мектеп ичинде 16 камера  коюлган. Ар бир кабатта бар. Сыртка дагы коюлган, керек болсо дааратканага кирип чыккандар көрүнүп турат. Ашканага да коюлган, балдарга кандай тамак берилип жатканын көрүп турам.  760  бала башталгыч класстын окуучулары жана 11 бала 5-7- класстардагы  жетишпеген үй-бүлөнүн балдары  тамактанат. Ар бир класс регламент боюнча киришет.  14 сомго тамактанышат: 7 сом өкмөттүн эсебинен, 7 сом мэриянын эсебинен кетет. Ата-энелер төлөшпөйт. Кээ бир кыйналган үй-бүлөнүн балдары тамак үчүн келишет.

— Мектепте канча ийрим иштейт? Илим менен алектенген мугалимдер, окуучулар барбы?

— Мектепке өткөндүгүмө байланыштуу 2006-жылы  токтоп калган илимдик ишимди улантып, «Мал чарбачылыгын механизациялаштыруу боюнча» кандидаттык ишимди жактагам.  Доцент, техника илимдеринин кандидатымын. Кесибим — инженер-механик. Кийин И.Арабаев атындагы КМУУдан сырттан окуп, “кыргыз тили жана адабияты” мугалими кесибин алып чыктым.  Бизде иштеген Темирбаева Назгүл” мыкты ойлоп табуучу” катары 2016-жылы   ВОИСтин алтын медалын алды, кандидаттык ишин  жазып жатат. Усейинова Махабат, Айжан  Абдырахманова, Тургунаалы кызы Алия  магистратурада окуп жатышат.  Ооба, техника менен алектенген окуучуларым да  жок эмес. Келгенбаев Бекзат деген окуучу 4-ж классынын окуучусу ручканын саптары менен фонтан жасап, лампочка күйгөндө айлана- чөйрөсүнө эс алып жүргөндөй кылып бак-дарактарды орнотуптур, тим эле карап эле тургуң  эле келет. Мектепте  “Аман“ бий ийрими, «Мурас» комузчулар  ийрими, “Манасчылар”,  кол өнөрчүлөр, хор, вокал, англис тили, сөз өстүрүү, математика, адабий окуу,  спорт  ийримдери иштейт.

 Гүлнара Алыбаева, “Кутбилим”

 

 

Бөлүшүү

Комментарийлер