АРАВАНДА МЕДИАСАБАТТУУЛУК БОЮНЧА ОБЛУСТУК СЕМИНАР ӨТТҮ

  • 11.12.2023
  • 0

Араванда «Санариптик мейкиндиктерде медиа жана маалыматтык сабаттуулук: жамааттык глобалдык күн тартиби» аттуу облустук семинар уюштурулду. Ош облусундагы медиасабаттуулук жаатында иш алып барган мугалимдер үчүн уюштурулган бул иш-чара тууралуу Ош билим берүү институтунун кызматкери, «МедиаСабак» коомдук фондунун Түштүк региону боюнча координатору Тынчтыкбек Досмуратов билдирди.

АРАВАНДА МЕДИАСАБАТТУУЛУК БОЮНЧА ОБЛУСТУК СЕМИНАР ӨТТҮ

Маалыматка ылайык, бул иш-чара Ош билим берүү институтунун жылдык планына ылайык өтүп, ага облустун райондорунан, ошондой эле Ош шаарынан мектептик медиа бурчтарды уюштуруп келаткан мугалимдер, райондук, шаардык билим берүү бөлүмдөрүндөгү медиасабаттуулук боюнча жооптуу усулчулар, Араван райондук билим берүү бөлүмүнүн кызматкерлери катышкан. Семинардын жүрүшүндө катышуучуларга № 3 Алишер Навои, № 19 Салижан Шарипов, № 21 Насирдин Исанов жана № 24 Базарбай Жээналиев атындагы орто мектебинин медиасабаттуулукту жайылтуу жаатындагы иш-тажрыйбалары көрсөтүлдү.

АРАВАНДА МЕДИАСАБАТТУУЛУК БОЮНЧА ОБЛУСТУК СЕМИНАР ӨТТҮ

Иш-чара облустук семинарды уюштурууга кошкон салымдары үчүн аталган мектептердин алдыңкы иш-тажрыйбасы жайылтылган мугалимдерин Ош билим берүү институтунун, ошондой эле Араван райондук билим берүү бөлүмүнүн Ардак грамоталары менен сыйлоо менен жыйынтыкталган.

АРАВАНДА МЕДИАСАБАТТУУЛУК БОЮНЧА ОБЛУСТУК СЕМИНАР ӨТТҮ

Эске сала кетсек, Ош облусундагы жана Ош шаарындагы мугалимдер медиасабаттуулук жаатындагы алдыңкы иш-тажрыйбаларды жайылтуу максатында кезектешип иш-чара өткөрүүнү адатка айлантышкан.

Айнагүл КАШЫБАЕВА,
“Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер