АРАЛЫКТАН ОКУТУУГА ДАЯРСЫЗБЫ?

  • 07.04.2020
  • 0

Чүй  облустук усулдук билим берүү бөлүмү облустагы мектептердин IV чейректи аралыктан окутууга даярдык деңгээлин аныктоо үчүн мониторинг жүргүздү.

Усулдук билим берүү бөлүмүнүн башкы адиси Кундуз Абдраева 8-апрелде баштала турган аралыктан окутуу процессине мектептеги мугалимдер менен бирге окуучулардын жана алардын ата-энелеринин интернет, телефон жана ТВ жабдуулары менен кандай камсыз экендиги боюнча толук маалымат алышкандыгын билдирди.

— Бизге ар бир райондук билим берүү бөлүм башчылары окуучулардын жаңы чейректи аралыктан окууга даярдыгын иликтеген маалыматтарды жөнөтүштү. Ал маалыматтарга ылайык, айылдарда балдар интернетке “Мегаком” жана “О!” операторлорунун жардамы менен байланыша алаары маалым болду. Мобилдик телефону жок окуучулар ата-энелеринин телефондорун алып колдонушаары, канча бала үйдөгү сыналгылар аркылуу тиешелүү КТРКнын “Баластан”, “Илим-Билим” телеканалдарын көрө алышаары такталды.

Мугалимдер “Мегакомдун” сим карталары менен дээрлик камсыз болушту. Кээ бир аймактарда Мегаком тартпагандыгына байланыштуу, “О!” операторунун жардамын алышат. Мектептерге  электрондук жүгүртмө коюлуп, аны ТВ жүгүртмөсү менен дал келиштирүү кайрадан каралат. Мугалимдер видео сабактарын интернеттин жардамы менен слайдшоу түрүндө түзүшүүдө,-дейт Кундуз Мукашевна.

Чүй-Токмок билим берүү бөлүмүнүн методисттери билдиришкендей, PDF форматында ата-энелер үчүн эскертме иштеп чыгышып, мугалимдер жана окуучулар үчүн  Ютуб каналында орус жана кыргыз тилинде сабактарды жайгаштырышты. Шарты жок окуучулар «Классрум» сайтына кирип, үй тапшырмаларын аткара алышат. Чүй-Токмоктук мугалимдер даярдыктарды көрүү, кемчиликтерди четтетүү жана маалыматтар менен камсыздоо максатында 30-марттан 3-апрелге чейинки мөөнөттө беш онлайн конференция өткөрүшкөн.

Ал эми Сары-Өзөндүн батышынан кабарлашкандай, Панфилов районунда да үстүбүздөгү окуу жылынын акыркы чейрегин аралыктан окутуу үчүн ар бир класстар үчүн тайпалар ачылды. Телефону жок окуучулардын ата-энелери менен аралыктан окутуу боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп жатат. Акыркы маалымат боюнча 150 мугалим  “Мега-24” сим картасы менен камсыз болду. Окуучулардын жана ата-энелердин мүмкүнчүлүктөрүнө жараша, аралыктан окутуу жана окуучулар менен кайтарым байланыштар басымдуу түрдө WhatsApp тайпалары аркылуу жүргүзүлмөкчү. Ошондой эле ар бир предметтик  мугалимдер окуучуларды аралыктан окутууда телекөрсөтүүдөн көрсөтүлүүчү сабактардан тышкары, башталгыч класстардын мугалимдери www.iBilim.kg сайтын, ал эми ортоңку жана жогорку класстын окуучулары үчүн bandicam,YouTube, PowerPoint, inshot программаларын колдонуу менен керектүү видео материалдарды жүктөп даярданып жатышат. Айрым мугалимдер Zoom программасы менен иштөөнү үйрөнүштү. Бүгүнкү күндө ар бир мугалимге жана окуучуга жеткиликтүү болуш үчүн “О!” компаниясы менен да сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Себеби, Чүй өрөөнүнүн алыскы аймагына кирген бул райондун айрым айылдарында Мегаком тартпайт.

— Райондук билим берүү бөлүмүнүн кызматкерлери, методисттери ар бир мектеп жетекчилери жана көйгөйлүү суроолорго кептелген мугалимдер менен байланышып, алардын маселелерин четтетүү багытында иш-чараларды жүргүзүшүүдө. Кээ бир райондордун жайгашкан жер өзгөчөлүктөрүнө жана окуучулардын үй-бүлөлүк абалына жараша кошумча чаралар көрүлүп жатат. Мисалы, ушул эле Панфилов районунда учурда 9638 окуучу билим алса, алардын ичинен 715 окуучусунун мобилдик телефону жок экендиги такталган. Анын ичинен 15 окуучунун телевизору да, мобилдик телефону да жок болуп чыкты. Себеби 10 окуучунун ата-энеси мал багуу үчүн башка жактан келишип, тоо этегиндеги мал сарайда убактылуу жашап турушат. Ал жакта телевизор да, мобилдик телефон да тартпайт,-дейт Кундуз Абдраева.

Ушул кысталыш кырдаал кантсе да аймактарды санариптештирүүнү тездетүүгө өз салымын кошуп жатканы талашсыз. Балдарынын келечегине кам көргөн ата-энелер заман талабын туура кабыл алып, мугалимдердин аралыктан сабак өтүүсүнө өз салымдарын кошууга болгон аракеттерин жумшайт деп ишенгибиз келет.

Айнагүл Кашыбаева,
“Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер