АРАЛЫК БИЗДИ АЛЫСТАТПАСЫН

  • 28.04.2020
  • 5

Онлайн сабактар башталгандан бери иштин кандай жүрүп жатканына көпчүлүк кызыгып, көӊүл буруп келет. Айрыкча мугалимдердин көз карашы алардын кесиптештери менен ата-энелер үчүн баалуу болору бышык. Төмөндөгү ой-пикирлерди жарыялап жатып, ушул маселе боюнча кызыктуу сунуштарды, байкоолорду жазып тургула деп өтүнөбүз. 

АРАЛЫК БИЗДИ АЛЫСТАТПАСЫН

Замандын чаӊында калбайлы

Учурда кооптуу кырдаалга байланыштуу окуучуларыбыз аралыктан окутуп жатабыз. Мугалимдерибизге чын жүрөктөн терең ыраазычылык билдерем. Жаңы технологияны өздөшүрө албаймын, интернет колдонгонду билбеймин деген ойдон алыс болушуп, кары-жаш дебей, өз билимдерин өркүндөтүп, санариптик окутууну өздөштүрүп, заманбап технологияларды колдонуп, аралыктан окутуп жатышат. Азыр XXI кылым, технологиянын заманы. Өлкөбүздө 2020-жыл – “Аймактарды өнүктүрүү, өлкөнү санариптештирүү жана балдарды колдоо жылы”. Демек, ушундай кыйын учурларда Президентибиздин саясатын колдоп, бир жакадан баш, бир жеңден кол чыгарып ынтымакта үйдө отуруп эле өз билимибизди үйрөтүп мамлекетке чоң жардам көрсөтсөк болот.

Мен мугалим болгонума, сооптуу жана жоопкерчиликтүү кесипти аркалаганыма сыймыктанам!

Бектурган Низамидин уулу,

Ош шаарындагы №°52 «Кыргыз-Түрк достугу»

мектеп-лицейинин мугалими.

Азыр Кара-Кулжа районунун Ой-Тал айылында

жатып алып түрдүү сабактарды даярдап жөнөтүп жатат.

 “Кут Билимдин” жигердүү авторлорунун бири.

 

Онлайн окутуу – баарыбыз үчүн сабак

АРАЛЫК БИЗДИ АЛЫСТАТПАСЫН

Ош шаарындагы Барпы Алыкулов атындагы N38 мектеп-гимназиянын социалдык педагогу Наргиза Эркебай кызы менен маек.

— Саламатсызбы, Наргиза. Онлайн сабактар кандай өтүп жатат?

— Саламатчылык. Аябай жакшы суроо болду. Башында мындай болот деп эч ким ойлогон эмес. Элибизге келген бул илдеттин айынан мугалимдер, окуучулар мектепке бара албай калдык. Мектеп биздин экинчи үйүбүз эле. Ал эми окуучулар мугалимдерге өз баласындай же бир тууган инидей, сиңдидей болуп калган. Чынын айтсам, биз үчүн эт менен тырмакты ажыраткандай эле болду. Окуучуларымды, берилип сабак өткөнүмдү аябай сагындым. Окуучулар менен жүзмө-жүз сабак өткөндө, алар менен пикир алышып, өткөн сабагымдан,окуучуларымдын сүйлөгөн сөздөрүнөн ырахат алат элем. Кесибим башталгыч класстын мугалими болгону үчүнбү, айтор балдарга баладай сүйлөп, эркелешип, жан дүйнөм жаш баланыкындай кадимкидей тазарат болчу.

Буга чейин эле мугалимдер сабактарыбыз кызыктуу, көргөзмөлүү, жандуу өтүшү үчүн темаларыбызга байланышкан видеослайддарды колдонуп, проектор жана акылдуу тактанын жардамы менен сабактарды өтүп келгенбиз. Ошондуктан бул онлайн системасын таң калып, эмне кылабыз, кантебиз дебестен, туура кабыл алдык. Ар бир нерсенин жакшы жагы болот эмеспи. Эгерде бул илдеттин айынан карантин деп баарыбыз үйдө кол кабыштырып отура бергенибизде, окуучулар да билим албай, биз мугалимдер да өнүкпөй калмакпыз. Бул замандын талабы, ага баш ийишибиз керек. Ким эле мындай болушун каалады дейсиз, эч ким каалаган жок.

Ушул онлайн системаны уюштурган Билим берүү жана илим министрлигине ыраазычылык билдирем. Бизди санариптештирген заманыбызга ырахмат. Андан сырткары Мегаком, Билайн, О компанияларына да ыраазычылык. Анткени алар да кайдыгер карабастан, Мегаком “Мега 24” тиркемесин, Билайн жана О компаниялары “Окуучу» жана “Мугалим 200” деген тарифтерин мугалимдерге, окуучуларга жана студенттерге интернет түйүндөрүн акысыз сунуштады. Учурда мугалимдер окуучуларыма кандай кылсам жагат, дагы кантип кызыктуураак окутам деп изденүү менен өз билимдерин өнүктүрүүдө. Дагы жакшы жагы Билим берүү жана илим министрлиги “Баластан”, “ЭлТР”, “Санат», “Илим‐Билим» телеканалдарынан негизги сабактарды берип, мугалимдерге жардам кылып жатат. Окуучуларга кайтарым байланыш жасап, калган сабактарды өзүбүз WhatsApp, Zoom, Jitsi Meet ж.б программалар менен телефон же ноутбук аркылуу өтүп жатабыз.

Кыргызстанда эки жылдан бери медиасабаттуулук жайылтылып жана ар бир мектептин Медиа борборлору техниканы, программаларды колдонуу, ошондой эле маалыматтарды туура жазуу боюнча иш алып барууда. ЖМКны колдоо борбору “Медиа сабаттуулук” долбоору боюнча мугалимдерди жана окуучуларды окутуп, бизге көптөгөн жаңы программаларды үйрөткөн болчу.

Учурда онлайн сабактарды өтүүдө медиасабакта үйрөнгөн РowerPoint, Plicers, Google, WordCloud, Kahoot, Zoom ж.б. жаңы программаларды колдонуп, онлайн жана видеосабактарды өтүп жатабыз. Азыр заман өнүккөн сайын биринен бири оңой, кызыктуу жана ыңгайлуу программалар чыгып жатат. Мугалимдер онлайн сабак деп үйдө ичкен чайыбызды, жеген ашыбызды да билбей, телефондон башыбыз көтөрүлбөй изденүү менен алекпиз. Мектепте окуткан кезде дептерлерди текшерсек, эми минтип көздөр ооруп, талып, мурда телефонду бир күндө 1-2 саат кармасак, эми 24 саат бою колубуздан түшпөй калды. Мугалимдердин баарында ноутбук бар деп айта албайм. Ашып барса 10го жакын мугалимде бар. Калган мугалимдер кол телефон менен видео сабактарды өтүп келе жатат. Онлайн сабакты кантип окутам, мен техникага түшүнбөйм деген мугалим болгон жок. Билбесе да билем деп, билбегенин үйрөнүп, элдин балдарын окутам деп, күнү-түнү уктабай видеосабактарды даярдап эки смен иштеп жатышат.

Ал эми окуучулар жөнүндө сөз көп… Буга чейин окуучуларды телефон көтөрбөгүлө, мектепке алып келбегиле, зарыл нерсеге гана иштеткиле, интернетти туура пайдалангыла деп сайрап келген болсок, эми телефондон тапшырмаларды көрүп аткаргыла, сабактарды телевизордон калтырбай көргүлө деп калдык. Бирок окуучулардын баарында эле телефону жок. Барында бар, жогунда жок, 4-5 балалуу үй-бүлөлөрдө жетишсиз. Кээ бир окуучулар телевизордон гана көрүп жатышат. Телевизору жокторго телефондон ватсап аркылуу видео сабактарыбызды жиберип жатабыз. Окуучулар тынбай чалып жатышат.

— «Эжеке мектеп качан ачылат, мектепти сагындык, сиздерди сагындык” деп…

— Менин оюмча бул онлайн система айрыкча башталгыч класстын окуучуларына терс таасирин тийгизет деп ойлойм. Анткени алар азыртан телефонго үйрөнүп калып, кийин мектеп ачылса сабактарга жакшы көңүл бурбай калабы дейм. Мындан сырткары окуучулардын кол жазмалары да начарлайт. Телефон эле карай берип, пикир алышуу аз болуп, сөз байлыктары өспөй калабы деген коркунуч. Телевизор көрүп жатышат. Телевизор алардын ой жүгүртүүсүн, кругозорун гана өстүрүп, дүйнө таанымын кеңейтиши мүмкүн. Бирок алар кем сөз болуп, аз сүйлөп калышат. Мектепте сабакка жакшы көңүл бурбаган балдар бар эле, ошол балдар мектепте жакшы окубаган, менимче телевизордогу сабакты көрсө көрүп, көрбөсө жок, “ооба, көрдүм” деп коюп жаткандыр. Көзүң менен көрбөгөндөн кийин билбейсиӊ. Бирок айтканыӊды жерде калтырбай, үй тапшырмаларды өз убагында аткарган, сабактарга активдүү катышкан окуучуларыбыз да арбын.

Ата-энелерге келсек, билимдүүлөрү да көп. Арасында сабатсыздары да бар. Алар үчүн жакшы жагы учурда онлайн сабак деп балдарына кошулуп, өздөрү да окуп жатышат. Бул, албетте, өздөрү үчүн да, балдарынын келечеги үчүн да жакшы. Үйдө балдарына шарт түзүп берген, аларды түшүнгөн, балдарына кошулуп сабак даярдашкан ата-энелерге ырахмат айтам. Ватсапта ата-энелер группасында уят болуп калбайын деп, баласынын тапшырмасын окшоштуруп өзү жазып жибергендер да бар. Андай ата-энелерге айтаарым: “Балаңызды жаман үйрөтпөңүз. Ал азыртан сизге жөлөнүп калбасын. Өзү аракет кылып жазып үйрөнсүн”.

Азыркы кырдаал бир эле бизге эмес, жалпы журтка оор болуп, терс таасирин тийгизүүдө. Айрыкча ата-энелер мугалимдердин кадырын эми билишти окшойт, ойлору өзгөрүп калыптыр (күлүп).

Баарыбыз биргеликте бир жакадан баш, бир жеңден кол чыгарсак, баардык кыйынчылыктарды жеңебиз. Бул да болсо бизге берилген сыноо. Мындан баарыбыз – мугалимдер да, ата-энелер да, окуучулар да сабак алышыбыз керек.

Заманыбыз тынч, элибиз аман болсун. Тезирээк бул сыноону жеңип, баарыбыз өз ишибизге кайтайлы.

Даярдаган Чолпон Кийизбаева, «Кут Билим»

Бөлүшүү

Комментарийлер

Диларамхан / 29.04.2020 10:13
Азаматсын,Наргиза! Ар бир баланын конулунон тунок тапкан, оз кесибин суйуп,кадырлаган педагогдордун алдынкы сабында болушуна тилектешмин.Иштерине ийгилик! Бардык мугалимдерге таазим!
Диларам / 29.04.2020 10:05
Азаматсын,Наргиза! Ар бир баланын журогунон тунок тапкан, оз кесибин сыйлаган педагогдордун алдынкы сабында болушуна тилектешмин.Ишине ийгилик!
Елена Турапбаева / 29.04.2020 01:25
Сабак жуктоонун эрежелери кандай?
Каипова Тамара / 28.04.2020 15:46
Саламатсыздарбы? Бүгүнкү өлкөдөгү, деги эле жер жүзүндө болуп жаткан кырдаал баарыбызга кыйынчылык жаратып, кооптоонуу менен бирге, жашоого болгон коз карашын өзгөртүүгө багыт берди. Буга чейин дарегине ар кандай пикирлер айтылып, көбүнчө жеме угуп жаткан мугалимдер да окуучулары менен онлайын байланышып, аралыктан окутуу түйшүгүно кабылды. Ар бир мугалимде компьютер, ноутбук. ал турмак сенсордук телефону болбосо да, келечек муундар билимден өксүп калбасын деген максатка жетеленген асыл адамдар кун-тунү изденүүнүн устүндө. Мурда айрымдар балким тааныш болгондур, бирок көпчүлүк билбеген заманбап программалар менен иштөөгө бел байлап. тез аранын ичинде дээрлик бардык мугалимдер Pover Point, kahoot,Zoom, Classroom,Goodle Forms,Wandicam ж.б. программаларды колдонууну үйрөнүп. видеосабактарды сабаттуу даярдоонун түйшүгүндө десем жаңылышпайм. Ата-энелер да болгон мүмкүнчүлүктөрүн колдонуп, мугалимдерге жардамга келишти. Баягы терс пикирдегилер да билим берүунүн түйшүгүн сезишүүдө. Балдары менен бирге окуп, кошо түйшүктөнүп жаткан ата-энелерге (тескерисинче көңүл бурбагандар да жок эмес) ыраазычылык билдирип кетем. Ал эми сабактарга, тапшырманы аткарууга кадимки мектептегидей маани берип жаткан окуучуларыма, аракетинерге баракелде, алган билиминер жемиштүү болсун, келечекке кереги тийсин дегим келет. Билим берүү жана илим Министрлиги аралыктан окутуунун түйшүгүн жеңилдетип, тез арада туура багыт жана көрсөтмөлөрдү берүүгө үлгүрду. Алардын чагылгандай тез аракетинин натыйжасында тажрыйбалуу мугалимдер топтолуп, бардык багыттар боюнча телесабактар даярдалып, телеканалдардан үзгүлтүксүз атайын жарыяланган расписаниелер боюнча берилип жатат. Бардык аралыктан окутууну уюштурууга катышкан инсандарга, албетте биринчиден кесиптештериме ыраазычылык билдирүү менен, ден соолук жана чыгармачылык жигер каалап кетем. Ушул түзүлгөн кырдаалдан тезирээк чыгалы! "Өзгөрүүнү көргүң келсе, өзүңдөн башта" дегендей ар бир замандашымдын ички сезимдери тазаланып, өзгөргөн. өнүккөн деңгээлге жетебиз деген ишеничтемин.
Наргиза Эркебай кызы / 28.04.2020 13:13
Кут Билим сайтынын жамаатына ыраазылык билдирем. Ишиңиздерге ийгилик каалайм.