АР БИР ЭР-АЗАМАТТЫН ЫЙЫК МИЛДЕТИ

  • 24.02.2023
  • 0

АР БИР ЭР-АЗАМАТТЫН ЫЙЫК МИЛДЕТИ

Ата Мекенди коргоо жана аны көздүн карегиндей сактоо – ар бир жарандын, өзгөчө эр-азаматтардын мойнундагы ыйык милдет. Бирок акыркы учурларда жаштарда мекенчилдик сезимдер жоголуп, аскер кызматын өтөөдөн качып жатканы өкүндүрбөй койбойт.

Буга эмне себеп? Аскерге алгач келген жаш аскерлер менен ага аскерлердин ортосундагы жоюлбай келаткан катаал тартиппи (дедовщина)? Же акыркы жылдардагы аскер бөлүктөрүндө өз жанын кыйып алган жаш жоокерлердин окуялары чочутабы? Айтор аталарыбыз, агаларыбыз үчүн зор сыймык болгон Ата Мекенди коргоо милдети азыркы мезгилде бааланбай-баркталбай көз жаздымда калып бараткандай…

АСКЕРГЕ ЧЕЙИНКИ ДАЯРДЫК МЕКТЕПТЕН БАШТАЛУУГА ТИЙИШ

Учурда мектепте аскерге чакырууга чейинки даярдык сабагынан сабак берген Бердибек агай окуучуларга патриоттуулукту мектептен үйрөтүү керектигин айтат.

Негизи балдарды аскерге даярдоо мектептен башталышы керек. Биз балдарды  болушунча патриоттуулукка тарбиялап, ар бир эр-азамат Мекенди коргош керек деп үйрөтөбүз да. Окуучулар аскерге барып келген жигиттерден ар кандай окуяларды угуп алып, баргылары келбей калышат. Себеби баарыбызга эле белгилүү да, аскерге жаңы баргандарды өзүнөн улуулар ур-токмокко алат. Кээ бир жоокерлер өзүнө өзү кол салган учурлар да жашыруун эмес да. Ошондуктан аскер бөлүмдөрүндө тартипти катуу коюп, “дедовщина” дегенди азайтыш керек. Анан Кыргызстанда аскердик куракка жашы жеткен  бардык балдар, «байдын баласы», «кедейдин баласы» дебей милдеттүү түрдө аскерге чакырылууга тийиш. Ошондо гана армия чыңдалып, балдарыбыз чыныгы патриот болуп, аскерге чын дили менен бара баштайт, — дейт.

АСКЕРГЕ ЧЕЙИНКИ ДАЯРДЫК САБАГЫ ЖУМАСЫНА ЭКИ СААТТАН ӨТҮЛӨТ

Билим берүү жана илим министрлигинин мектеп жана мектептен тышкаркы билим берүү башкармалыгынын адиси Сыдыбаев Амангелди мектеп окуучуларын аскерге чейинки даярдоо боюнча буларга токтолду.

Аскерге чейинки даярдоо программасынын негизинде 10-11-класстагы окуучуларга, жумасына эки сааттан өтүлөт. Окуу жылына 136 саат бөлүнгөн. Бул сабакта аскердик кызматтын негиздери, жарандык коргонуу, медициналык жардам көрсөтүү, ар кандай кырсыктар учурунда калкты коргоо, эвакуациялоо иштери, коопсуз жайларга жайгаштыруу боюнча темалар камтылган.  Аскерге чакырууга чейинки даярдоо теориялык, практикалык, комплекстүү жана текшерүү сабактары аркылуу ишке ашырылат. Окуучулардын патриоттук аң-сезимин көтөрүү, келечек жаш муундарды патриоттуулукка тарбиялоо максатында  жыл сайын Коргоо министрлиги менен биргеликте  “Аскердик атуулдук ырлар” республикалык кароо-сынагы, мындан сырткары, “Окуучулар арасында спорттук аскердик колдонмо” түрлөрү боюнча республикалык спартакиада өткөрүлүп турат, — деди.

АР БИР ЭР-АЗАМАТТЫН ЫЙЫК МИЛДЕТИ

АСКЕРДЕГИ “ДЕДОВЩИНАНЫ” УГУП, БАРГЫМ КЕЛБЕЙ КАЛДЫ

Жогорку окуу жайдын биринде окуп жаткан 4-курстун студенти Нурдин, окуусун бүтсө, атайын акы төлөп, бир айлык аскердик кызматка барууну көздөп турат. Анын себебин ал бир жыл убактысын коротуп, ур-токмок жеп келгенден көрө 50 миң сом берип, аскердик билетин колуна алганын туура деп эсептейт.

– Өзүм барайын дегем, туугандарым, досторум аскерде “дедовщина” бар дегенден улам ойлонуп калдым. Мектепти бүтүп эле аскерге барып келген досторум бар. Алардын айтуусуна караганда, ал жакка чоң кызматта иштегендердин балдары барбайт, жалаң карапайым адамдардын гана балдары барат экен. Анан “дедовщина” дагы деле бар дешти. Чыдабай өзүнө өзү кол салган учурлар да болорун айтышкан. Ошондуктан оюм өзгөрдү, бир жылга барып ур-токмок жеп убактымды короткончо, бир айга барып милдетимди өтөп келгеним жакшы. Бирок бул мекениме кайдыгер карагандыктан эмес, өзүмдүн да коопсуздугумду эске алдым,- дейт Нурдин.

АР БИР ЭР-АЗАМАТТЫН ЫЙЫК МИЛДЕТИ

АСКЕРГЕ БАРБАЙ КАЛУУ ЖИГИТТЕР ҮЧҮН УЯТ ИШ ЭЛЕ

Акыркы убакта коңшу мамлекеттер менен болгон чек ара жаңжалы Кыргызстандын армиясына өзгөчө көңүл буруу керектигин көргөздү. Ушундай окуяларда тирүү чеп болуп берчү эр азаматтарыбыз бар экени кубандырбай койбойт. Бирок аскердик кызмат өтөөдөн баш тарткан жаштарыбыз көбөйүп баратканын, бул көйгөйдү тез арада чечүү керек экенин шаар тургуну Адылбек да баса белгиледи.

Илгери Советтер Союзу учурунда аскерге барбай коюу азыркыдай көнүмүш нерсе эмес, тескерисинче, эрезеге жеткен эркек балдар үчүн уят иш болчу. Ошон үчүн мектепти жаңы бүткөн жалындаган жаш жигиттер аскерге барууну аябай эңсеп, кызмат өтөө мөөнөтү эки жылдан ашык болсо да, жан дили менен барчу эле. Азыр болсо бир жыл Мекенге кызмат кылуудан качып, ар кандай шылтоо менен альтернативдик кылып бүтүрүп алгандар көбөйдү. Жаштарыбыз патриот болуп, Мекен үчүн бир жыл кызмат кылып коюшса, өздөрүнүн да, өлкөнүн да келечегине жакшы болмок. Бул маселени Өкмөт эске алып, альтернативдик кызматтын талаптарын күчөтүү менен бир айлык кызмат өтөөнүн баасын көтөрүп, чечкиндүү иштерди жасаш керек, — дейт
Адылбек.

Улуттун коопсуздугу күчтүү армиясынан көз каранды

Учурунда ички иштер кызматында иштеп, азыр ардактуу эс алууга чыккан Алтынбек Орозматов альтернативдик кызмат менен бир айлык кызмат өтөөнүн баасы арзан болгону үчүн аскерге барууну каалагандар азыраак болуп жатат деп эсептейт.

Ачык айтканда, мындан 10-15 жыл мурун армияны камсыздоого мамлекеттин толук кудурети жеткен эмес. Ошон үчүн запастагы офицерлердин санын көбөйтүү максатында жогорку окуу жайларда жоокерлерди даярдоочу аскердик кафедраларды ачкан. Бирок кийин ал кафедралар жоюлуп, альтернативдик кызмат калган. Эми азыр аскерлердин кем-карчысын толук камсыздоого мамлекеттин күчү жетет. Өлкө башчыбыз дагы бул жаатта алгылыктуу иштерди кылып жатканын көрүп жатабыз. Улуттун коопсуздугу күчтүү армиясынан көз каранды болот да. Ошондуктан альтернативдик кызмат дегенди жоюп салса деле болот. Ошондо атаандаштык жаралбай, бойго жеткен ар бир эр-азамат жоокер болуп, Мекенге кызмат өтөп берет эле, — дейт.

АР БИР ЭР-АЗАМАТТЫН ЫЙЫК МИЛДЕТИ

Мекенди коргоого салымыңарды кошкула

Учурда чек ара кызматында иштеп жаткан Эмил Мекен чегинде Ата Мекенге кызмат кылуу өзгөчө жагымдуу сезимдерди тартуулаарын айтат.

Учурда аскердик кызмат өтөөдөн качып, барбай жүргөн жигиттер да аз эмес. Өлкөгө кызмат кылуу чын жүрөктөн берилүү менен болуш керек. Мекен чегинде туруп эл-жерди коргоо өзгөчө, сөз менен жеткире алгыс сезимдерди тартуулайт. Кыргыздын ар бир жигити намыстуу болуп, эл-журтка кызмат кылам деген максаты болсо, бир жылдык аскердик кызмат көз ачып жумганча өтөт. Анан албетте, ар бир нерсенин өз кыйынчылыктары болот да. Болгону ошол убактылуу кыйынчылыктарга бир аз чыдап коюш керек. Элибизди, жерибизди биздей эр-азамат жигиттер коргобосок, эртеңки күнү душманга жеңилип калышыбыз мүмкүн. Буга жакында эле өлкөбүздө болуп өткөн окуялар далил болду. Ошондуктан ар бир жигитке патриот болуп, Ата Мекенди көздүн карегиндей сактап, Мекенди коргоого салымыңарды кошкула деп айтаар элем, — деди.

Фархат КАНЫБЕКОВ, «Кут Билим»

Бөлүшүү

Комментарийлер