АНЖЫЯНДАГЫ ТАЖРЫЙБА АЛМАШУУ

  • 02.09.2022
  • 0

Анжыянда кыргызстандык мугалимдер кыргыз тили жана адабияты мугалимдери менен тажрыйба бөлүштү.

АНЖЫЯНДАГЫ ТАЖРЫЙБА АЛМАШУУ

Өзбекстандын Анжыян облусунун Коргон-Төбө районунда жайгашкан №30 адистештирилген мектебинин базасында аталган облустун кыргыз тили жана адабияты мугалимдери үчүн атайын семинар уюштурулуп, анда кыргызстандык мугалимдер өз тажрыйбалары менен бөлүштү. Бул тууралуу кыргызстандык мугалимдерди жетектеп барган, Ош билим берүү институтунун кызматкери Тынчтыкбек Досмуратов билдирди.

Маалыматка ылайык, аталган семинарга Анжыян облустук билим берүү башкармалыгынын усулчусу Махфуза Камбарова, Коргон-Төбө райондук билим берүү бөлүмүнөн Колдошбай Умаров, Умидахан Юсупова, Анжыян облусунун райондорунан келген кыргыз тили жана адабияты мугалимдери катышкан.

Семинар Ч.Раимбекованын “Кыргыз тили сабагын окутууда текст менен иштөөнүн заманбап усулдары” (Ош билим берүү институтуту); Мадина Асилбек кызынын “Кыргыз орфографиясындагы энчилүү аттардын жазылуу эрежелери” (Ош шаары, № 33 мектеп); Нургүл Тайыр кызынын “Көркөм чыгармаларды талдоодо адабият теориясынын орду” (Ош шаарындагы “Олимп” мектеп-гимназиясы); Өскөнбай Дилишатовдун “Кыргыз тили жана адабияты мугалиминин сынчыл ойлом стратегиясы” (Кыргыз-Өзбек эл аралык университети);  Досмуратов Тынчтыкбектин “Медиа жана маалыматтык сабаттуулук элементтерин кыргыз тили жана адабияты сабагында пайдалануу” (Ош билим берүү институтуту) программаларынын коштоосунда өттү.

Агартуучулар Өзбекстан менен Кыргызстан өлкөлөр ортосундагы мамиле натыйжалуу жолго коюлгандан бери билим берүү тармагындагы тажрыйба алмашуу жараяны да бир топ жакшырып баратканын белгилешүүдө.

А.КАШЫБАЕВА,
“Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер