АНГЛИС ТИЛЧИЛЕР КВАЛИФИКАЦИЯСЫН ЖОГОРУЛАТТЫ

  • 08.04.2024
  • 0

Билим берүү жана илим министрлигине караштуу Педагогикалык кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу жана кайра даярдоо республикалык институту менен «Балажан» эстетикалык тарбия берүүнүн республикалык окуу-методикалык борбору биргеликте англис тилчи мугалимдердин квалификациясын жогорулатуу боюнча республикалык бир айлык курс өткөрдү.

АНГЛИС ТИЛЧИЛЕР КВАЛИФИКАЦИЯСЫН ЖОГОРУЛАТТЫ

Азыркы билим берүү чөйрөсүндө педагогдор үчүн үзгүлтүксүз профессионалдык өнүгүү маанилүү.  Айрыкча, англис тили мугалимдери үчүн бул дайыма өзгөрүп турган тил тенденцияларын, окутуу ыкмаларын жана окутуу технологияларын эске алганда өзгөчө маанилүү. Мугалимдердин бул категориясы үчүн квалификацияны жогорулатуу курстарын өткөрүү заманбап билимдерди жана көндүмдөрдү гана бербестен, жалпысынан англис тилин окутуунун сапатын жогорулатуудагы маанилүү кадам болуп саналат.

«Балажан» борбору мугалимдер үчүн  стажировка аянтчасы катары иштеп, мугалимдер педагогика тармагында жаңы билимдерди гана алып тим болбостон, алган билимдерин практикада сынап көрүүгө мүмкүнчүлүк алды. Бул курста мугалимдер заманбап окутуу ыкмалары: сабактарды кызыктуу жана эффективдүү өткөрүүгө жардам бере турган окутуунун жаңы ыкмаларын, инновациялык технологияларды колдонууну үйрөндү. Билим берүүдөгү акыркы тенденцияларды талкуулады.

АНГЛИС ТИЛЧИЛЕР КВАЛИФИКАЦИЯСЫН ЖОГОРУЛАТТЫ

Андан сырткары, Talking club» англис тили студиясынын жетекчиси Осмонбекова Айзада,  «Step by step» англис тили студиясынын жетекчиси Эльвира Осмонкулова, «Easy English» балдар үчүн англис тили студиясынын жетекчиси Рахат Кыдралиева, English time» англис тили студиясынын жетекчиси Мадина Расулова өз тажрыйбалары менен бөлүштү.

Мугалимдерге англис тилиндеги спектаклдерди коюу тапшырмасы берилип, алардын сөз байлыгын колдонуу менен импровизациялоо жөндөмүн Америкадагы англис тили мугалими, Нью-Йорк шаарынан келген конок Луиза Колон баалады.

АНГЛИС ТИЛЧИЛЕР КВАЛИФИКАЦИЯСЫН ЖОГОРУЛАТТЫ

Курстун катышуучуларынын бири Кемин шаарынын Балдар жана өспүрүмдөр борборунун “англис тили” ийриминин жетекчиси Айгерим Үсөн кызы  квалификацияны жогорулатуу курсунан көп пайдалуу, актуалдуу маалыматтарды алганын, буга чейин программа түзүү жана календарлык план түзүүдө кыйналып келгенин билдирди.

  •  Менин профессионалдык деңгээлимди жогорулатууда “Балажан” борборунда өткөн сабактар жана стажировкалар чон роль ойноду. Инклюзивдик билим берүү формасында балдар менен иштөөнү үйрөндүм. Өткөрүлгөн мастер-класстар аркылуу окутуунун жаны ыкмаларын өздөштүрдүм.  Дария Мусинанын кошумча билим берүүнү мектептен тышкары уюштуруунун типтүү жобосу тууралуу лекциясынан өзүм үчүн жаңы маалыматтарды алдым. Мындан кийин  каталарымды оңдоп, ишимди туура пландаштырам. Лекцияларда алган маалыматтардын бардыгын мугалимдик ишмердүүлүгүмдө сөзсүз колдоном, — дейт Айгерим Үсөн кызы.

Ак-Талаа райондук балдардын билим берүү борборунун  англис тили ийриминин жетекчиси Чынара Калматованын айтымында, «Балажан» борборунун жогорку билимдүү, кесипкѳй, чыгармачыл мугалимдери лекция окуп, мастер класстарды практикалык, кѳрсѳтмѳлүү сабактарды ѳтүштү. Сабактар ѳтѳ кызыктуу, таасирдүү, маалыматка бай жана жаӊыча ыкмалар, техникалар менен колдонуп ѳтүлгөндүгү менен эсте калды. Англис тили сабагын балдарга жеткиликтүү, кызыктуу кылыш үчүн ар кандай оюндарды, заманбап тиркемелерди колдонушту. Мугалимдин иши менен тыгыз байланышта болгон педагогика, психология, тарых жана  инклюзивдик билим берүү боюнча лекцияларды угуп эле тим болбостон, талкуулап, ѳз ойлорун ортого салды.

Айгерим Токтобаева, “Кут Билим”  

 

Бөлүшүү

Комментарийлер