«АЛТЫН ТҮЙҮНГӨ» ЖАҢЫ ЖЕТЕКЧИ КЕЛДИ

  • 21.01.2025
  • 0

«Алтын Түйүн» Улуттук балдар инженердик-техникалык академиясынын директорлугуна Айбек АЛМАСБЕКОВ дайындалды.

«АЛТЫН ТҮЙҮНГӨ» ЖАҢЫ ЖЕТЕКЧИ КЕЛДИ

Маалыматка ылайык, 2025-жылдын 10-январында Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин буйругу менен «Алтын Түйүн» Улуттук балдар инженердик-техникалык академиясынын директорлугуна Айбек Алмасбековдун бул кызматка дайындалышы Кыргызстандагы STEM билим берүү тармагын өнүктүрүүдө маанилүү кадам болуп саналат.

«АЛТЫН ТҮЙҮНГӨ» ЖАҢЫ ЖЕТЕКЧИ КЕЛДИАйбек Алмасбекович — техника жана технологиялар тармагында жогорку квалификацияга ээ адис, билим берүү жана илим тармагында кеңири тажрыйбага ээ. Ал Кыргыз мамлекеттик техникалык университетин (И. Раззаков атындагы КТУ) бүтүргөн, анда техника жана технология боюнча бакалавр жана магистрдик даражасын алган, ал техника илимдеринин кандидаты (2023).

Айбек Алмасбекович карьерасында өзүн ийгиликтүү лидер жана илимпоз катары көрсөттү, билим берүү программаларын жана илимий изилдөөлөрдү активдүү өнүктүрүп келет. Ал окуу куралдарынын автору, ондон ашык илимий макаласы жана бир патенти бар. Ошондой эле, ал Франция, Германия, Түркия жана башка өлкөлөрдөгү алдыңкы билим берүү жана илим мекемелеринде бир нече жолу стажировкадан өткөн.

Жаңы директорду жамаатка тааныштырып жатып, билим берүү жана илим министрлигинин адиси Аман Ыканов Айбек Алмасбековичти жаңы кызматка дайындалышы менен куттуктап, академиянын мурунку директору Жаркын Бапанованын улуттук академия статусун алган «Алтын Түйүн» академиясын жетектеген учурда жетишкен эң чоң жетишкендиктерин белгиледи. Анын жетекчилигинде академия 150 000ден ашуун инженерлерди жана техникалык адистерди даярдап чыгарды, Кыргызстандагы жети аймакта филиалдарды ачып, «Алтын Түйүн» улуттук академия статусун алган.

«АЛТЫН ТҮЙҮНГӨ» ЖАҢЫ ЖЕТЕКЧИ КЕЛДИ

Айбек Алмасбековичтин «Алтын Түйүн» Улуттук балдар инженердик-техникалык академиясынын директорлугуна дайындалышы академиянын келечектеги өнүгүүсүнө жана STEM билим берүү тармагында өлкөнүн позицияларын чыңдоого зор мүмкүнчүлүк берет. Бул чечим Кыргызстанды эл аралык билим берүү коомчулугуна дагы жакындатууга өбөлгө түзөт!

Гүлнара АЛЫБАЕВА, “Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер