АЛТЫН-ОРДОДО МЕКТЕП КУРУЛУП ЖАТАТ

  • 25.08.2021
  • 0

Алтын-Ордо конушунда 480 окуучуга ылайыкталган мектептин курулушу жүрүп жатат.

Маалыматка ылайык, жаңы мектеп үч кабат жана үч блоктон туруп, 480 окуучуга, ал эми бир класс 30 окуучуга ылайыкталган.

— Мектепти куруу үчүн 1,38 гектар жер бөлүнгөн. Учурда пайдубалын түптөө иштери жүргүзүлүп, кирпич кынаптоо иштерине даярдык көрүлүп жатат, — деп айтылат маалыматта.

Алтын-Ордо конушунун тургуну Гулина Мукашеванын айтуусуна караганда, балдар үчүн абдан ыңгайлуу.

Учурда Алтын-Ордо конушунда 6 миң 400 адам жашайт, анын ичинен 2 миң 280и мектеп курагындагылар.

Г.А., “КБ”

Бөлүшүү

Комментарийлер