“АЛТЫН БЕШИК” БАЛАЛЫКТЫН КЕРЕМЕТ ӨЛКӨСҮ

  • 15.03.2024
  • 0

“АЛТЫН БЕШИК”  БАЛАЛЫКТЫН КЕРЕМЕТ ӨЛКӨСҮАк-Суу районунун Октябрь айыл өкмөтүнүн Маман айылындагы “Алтын Бешик”  бала бакчасынын башчысы, билим берүүнүн мыктысы Эркингүл Урманбетова бакча, баланы тарбиялоонун усулдары тууралуу айтып отурду.

Маман айылында  союз тараганча бир кабат бала бакча иштеп келген.1990-1991-жылдары ошол бакчанын жанына типтүү, эки кабат бакчанын имараты курула баштап, бирок кайра куруу мезгилине туш болуп, бала бакча болуп ачылбай калат. Бош турган имаратка эки жыл айылдагы Жекшен Ашубаев атындагы мектептин башталгыч класстары окуп, жылыбагандыктан суук түшкөнгө чейин эле колдонгон. Андан кийин имартаттын 1-кабатынын күн батыш тарабындагы канатына айылдык ФАП  жайгашат. Кароосуз калган ээн бөлмөлөр акырындап тонолуп, жылытуу системасы мештери менен, эшиктер кашектери менен таланып кеткен. Короосуна коңшулары  жашылча айдап, мал жайып, балдардын үйү аталган бакчанын кунарын качырат. 2007- жылы АРИСтин  айылдагы социалдык имараттарды оңдоп түзөө боюнча программасы иштеп жаткан. Ошол кезде айыл тургуну Бактыбек Асангазиев долбоор жазып, Чолпон-Атага барып жактап келет. 2008-жылы оңдоп түзөө иштери башталган. Ошентип Асангазиев үй бүлөсү менен эки жыл ремонт иштерин жүргүзүп,2010-жылы 1- июнда ачылыш жасалып, ошол жылдын сентябрында “Алтын-Бешик” бала бакчасы болуп, юстициядан күбөлүк алып өз ишмердүүлүгүн жүргүзүп баштаган.

       -“Алтын Бешик”  балдар бакчасында канча бала таалим-тарбия алып, канча тарбиячы иштейт?

-Алгач долбоор 40 балага ылайыкташса, ачылганда эле 60 бала катталган. Башында ишсиз калган мугалимдер тарбиячы болуп, жалпы кенже кызматкерлерди кошкондо 10 адам иш менен камсыз болгон. 2015-жылы имараттын биринчи кабатынын күн чыгыш тарабындагы бош турган бир тайпага ылайык бөлмөлөр” МЕРСИКО” компаниясы  жана Ысык-Көл өнүктүрүү фонду тарабынан каржыланып заманбап үлгүдө жасалып,2016-жылы 1-сентябрда дагы 30 бала жана кошумча кызматкерлер  кабыл алынган.

Учурда үч тайпада 110 тарбиялануучу жана 15 кызматкер эмгектенет. Ушул мезгилге чейин сырттан ар кандай долбоорлорду тартуу менен имарат заманбап  бала бакчага айланды. Атап айтасам  2017 — жылы Түрк кызматташтык агентиги (ТИКА) менен бакчанын алды жагы жаңы үлгүдөгү тосмолор менен курчалды. 2019-2020- жылдары имараттын терезелери жергиликтүү бюджеттен каржыланып толук алмашылды. Чатырды алмаштыруу үчүн  Ысык-Көл өнүктүрү фондунун  каржылоосу менен 1 миллион 600 миң сомго чатыры толук алмаштырылды. 2023 -жылы  АРИСтин жардамы менен үч миллион үч жүз элүү миң сомго имараттын сыртын жана шыпты жылуулап,негизги эшиктер алмаштырылды.

“АЛТЫН БЕШИК”  БАЛАЛЫКТЫН КЕРЕМЕТ ӨЛКӨСҮ-Бала бакчанын босогосун аттаганда эле кыргыз руху, духу сезилип турат экен? Бул идея кимге таандык?

— Баланы тарбиялоо элдик педагогикага көбүрөөк  басым жасап келебиз. Бала бакчага  эки жарым жаштан беш жарым жашка чейинки балдар келет. Алгачкы түшүнүктөр, дүйнө таануусу, ой жүгүртүүсү, турмуштук жөнөкөй көндүмдөр ушул жашында калыптанат. Жаңыдан калыптанып келе жаткан балага өзүнүн улутун таанытып, кийген кийимин,колдонгон буюмдарын, нарк- насилин, жөрөлгөсүн, үрп-адатын, жашоо шарты тууралуу толук маалымат алуусу үчүн алгач  2014-жылы “Мурас улуттук каада-салт” – деген аталышта автордук иш жазылды. Ушул автордук иштин үстүндө иштеп жатып, элибиздин колдонуудан чыгып калган буюмдарын чогултуп ,балдарга тааныштырып,өз колдору менен кармап көрсө,ички туюму менен сезсе кыргыз деген улуу журттун урпагы экенин билет беле деген ой пайда болду. Ошентип музей ачууну максат кылып,издене баштадым. Көл кылаасынан чогулган жүздөй буюмдардан бала бакчанын базасында “Мурас” улуттук-этнографиялык музей түзүлдү.  Андан кийин автордук  иш балдардын аткаруусунда  театрлашкан сабак болуп өтүлдү. Балдар бул сабакта кыргыздын көчмөн калк экени,негизги ишмердүүлүгү мал чарбачылыгы болгонун,турагы боз үй жана балдар оюндары,бешик ыры ,эмгек ырлары жөнүндө кеңири көрсөтүп беришти. Ар жылы бакчада мекенди коргоочулар күнүнө карата спорттук мелдеш өткөрүү салтка айланган. Себеби бүгүнкү наристелер эртеңки мекен коргоочулары эмеспи. Жакында быйылкы майрамга карата “Мен кыргыздын уулумун”- аттуу балдар үчүн элдик оюндарынын спорттук таймашы болду. Бул мелдеш командалар арасында бүйүр кызыткан атаандаштык болуп, балдарга гана эмес ата-энелерге да жакты.                                                                                                                                                                                                           -Балдарды тарбиялоодо эмнеге өзгөчө көңүл буруу керек?

-Тарбиячы өзү тарбиялуу болууга тийиш деп бекеринен айтылбаса керек.              Себеби бала улуу туурагыч, тарбия билимиңди айтып жеткирүү эле эмес,турганың, мамилең, жасаганыңдын баарын бала тарбия катары кабылдайт. Ал эми бала бакчада өтүлүүчү сабагың болобу же тарбиялык саатпы баардыгын көрсөтмө курал менен өтүшүң керек. Азыркы ааламдашкан замандын муундарын “ зет, альфа” муун дейбизби булар жан дүйнөсүнө сиңирип,тулкусун менен сезет. Ошондуктан бала бакчадагы ар бир жасалга, иш-аракеттер балага жеткиликтүү болушу шарт.

“АЛТЫН БЕШИК”  БАЛАЛЫКТЫН КЕРЕМЕТ ӨЛКӨСҮ— Ата-энелер менен иштөөдө кандай ыкмаларды колдоносуздар?

—  Ата-эне менен иштөөдө бала бакчада пландалган иш чаралар өткөрүлүп турат. Ачык эшиктер күнү,тегерек үстөл,ачык сабактар. Анда баланын өсүүсү, өзү курдуу бала менен салыштырганда активдүүлүгү кандай,кабыл алуу жөндөмүнүн өнүгүүсү тууралуу ар бир ата-эне кызыгып, жүргүзүлгөн мониторинг менен таанышып, кийинки сабакта кандай өзгөрүүлөр болгонун байкап турушат. Балдар бакчадан иштеген иштерин үйгө беребиз, ата-эне баалап,баасын коюп берип жиберишет.  Бул ыкма  бала бакча менен ата-эне баланы тарбиялоодо бир багытта болууга чакырат деп ойлойм. Бакчанын базасында “Энелер мектеби” уюшулган. Жаш энелерге  “Туура тамактанууну уюштуруу”, “Өздүк гигиена” ,”Кенже курактагы баланын өсүп өнүгүүсү” жана башка темаларда семинар- тренингдер өтүлдү.Муну энелер кызыгуу менен кабыл алышты. Бакчада элдик педогогиканы жайылтуу максатында “Термел,бешик”- аттуу чоң энелердин катышуусунда бешик ырынын сынагын өткөрдүк. Азыр бешикке салуу,бешик ырын ырдоо деле суюлуп баратат.  Жаш энелерге бешик ырын ырдоонун да өзүнчө маани маңызын,тилек,баталары бар экенин айтып,бешикке бала кандай бөлөнөөрү тууралуу кеңири маалымат берилди.

“АЛТЫН БЕШИК”  БАЛАЛЫКТЫН КЕРЕМЕТ ӨЛКӨСҮ -Балдар менен иштөө жан дүйнөңүзгө эмне тартуулады?

— Эми, балдар менен иштөө өзүнчө эле жан дүйнөңдү тазартат,бул жерде көрө албастык, ушак айың,бут тозуу,интрига деген нерселер жашабайт. Өзүм күнүгө эртең менен ар бир тайпага кирип балдар менен учурашып чыгам. Кенже тайпага кирсең салам айта албаганы бар, айтканы бар дегендей баары эле чуркап келип этегиңе жабышат,беттерин тозот,кучактап калышат.Кээ бири жаңы кийип келген кийимдерин көрсөткөнгө шашса, кээси үйдө болгон жакшы нерсени дагы,өзүнө жакпаганын да билдиргенге ашыгат.  Ошондуктан балдар менен иштөө  жан дүйнөңө аруулук тартуулап,эртеңкиден көп үмүт арттырат.

Ошондуктан өтүлө турган ар бир иш чаранын үстүндө чыгармачылык  менен изденебиз. Берилген ар бир сабак баланын өнүгүүсүнө, тарбиялануусуна жана билим  алуусуна шарт түзүп, күтүлгөн натыйжаны бере алдыбы? Өзүнчө мониторинг жүргүзүп тарбиячынын методикалык ыкмасы бааланат. Иш-чара баланын эс тутумун калыптанып, аң-сезимин өстүрүп, кызыгуусун артыртуу максатында  ар кандай типте,жанрда уюштурулат. Атап айта турган болсок:  сармерден-сабак, ролдорго бөлүнгөн сабак, саякат- сабак, тарбия-сабак, театр-сабак, оюн-сабак, уламыш-сабак, куурчак-театр, жомокко-саякат жана балдар арасында спорттук мелдеш, кыздардын арасында өтүлүүчү гүлдөр-парады, сулуулук сынагы жана башкалар. Спорттук мелдеште балдарыбыз өзүн чыныгы жоокер сезип, жооптуу болуп калышса,кыздарыбыз сынакта ажарын ачкан сулуу, назик болуп калганын көрүп абдан кубанам. Өзү жашаган жерин жакындан таанытуу жана жер суу аттарын үйрөтүүдө уламыш-сабактын жардамы чоң. Албетте, ар бир иш чараны уюштуруу план-программасын түзүү, сценарийин жазуу,темага ылайык классты жабдуу, балдардын жаш өзгөчөлүгүнө жараша көрсөтмө куралдарды жасоо үчүн жаңы идеаларды табуу,чыгармачылык изденүү жана педогогикалык шык жөндөм талап кылынат. Мына ушуларга жетишүү үчүн мугалим,тарбиячы өз билимин тереңдетип, азыркы ааламдашуу мезгилине шайкеш өнүгөт,мына ушунун өзү тажрыйба топтоо, педагогикалык ыкмаларды өздөштүрүү, инновациялык усулдарды жайылтуусу эмеспи,-деди бала бакча башчысы Эркингүл Орозакуновна.

Эркингүл Урманбетованын жумшалган эмгегинин акыбети кайтып, республикалык “Манас таануу”  интеллектуалдык теле таймашта экинчи байгелүү орунду жеңип  УТРКга келип, белектерди алып кетишкен эле. “Бабалар баскан баалуу жол “- деген темада өтүлгөн республикалык семинар-кеңешме да максатына жетип, келген меймандар алган маалыматтарына ыраазычылыктарын айтышкан.  8-Март айымдардын эл аралык күнүнө карата “ Эне адаты-кызга үлгү” – деген темада кыздар энеси менен бирге катышкан сынак өткөрүлдү. Сынактын  тапшырмалары улуттук каада-салттарга арналды.

Кабыл Макешов, “Кут Билим”“АЛТЫН БЕШИК”  БАЛАЛЫКТЫН КЕРЕМЕТ ӨЛКӨСҮ“АЛТЫН БЕШИК”  БАЛАЛЫКТЫН КЕРЕМЕТ ӨЛКӨСҮ“АЛТЫН БЕШИК”  БАЛАЛЫКТЫН КЕРЕМЕТ ӨЛКӨСҮ

Бөлүшүү

Комментарийлер