АЛМАЗБЕК БЕЙШЕНАЛИЕВ БУУнун САММИТИНДЕ АЗЧЫЛЫКТАРДЫН УКУКТАРЫ ЖӨНҮНДӨ СӨЗ СҮЙЛӨДҮ

  • 23.09.2022
  • 0

2022-жылдын 21-сентябрында Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиев Улуттук же этностук, диний жана тил боюнча азчылыктарга кирген адамдардын укуктары жөнүндө Декларациянын кабыл алынганынын 30 жылдыгына арналган Жогорку деңгээлдеги жыйынга катышты.

Отурумдун ачылышында БУУнун Генералдык Ассамблеянын 77-сессиясынын төрагасы Чаба Көрөши жана БУУнун генералдык катчы Антониу Гутерриш сөз сүйлөштү.

АЛМАЗБЕК БЕЙШЕНАЛИЕВ БУУнун САММИТИНДЕ АЗЧЫЛЫКТАРДЫН УКУКТАРЫ ЖӨНҮНДӨ СӨЗ СҮЙЛӨДҮ АЛМАЗБЕК БЕЙШЕНАЛИЕВ БУУнун САММИТИНДЕ АЗЧЫЛЫКТАРДЫН УКУКТАРЫ ЖӨНҮНДӨ СӨЗ СҮЙЛӨДҮ

Алмазбек Бейшеналиев өз сөзүндө Кыргыз Республикасынын элинин курамында 100 улуттун өкүлдөрү камтылганын, улуттар аралык мамилелер жаатындагы мамлекеттик саясат өлкөнүн стратегиялык милдеттеринин бири экенин айтты. Министр Кыргызстан этникалык, маданий, тил жана диний өзгөчөлүктү урматтоону эске алуу менен адам укуктарын коргоого жана демилге берүүгө, этномаданий өзгөчөлүктү чагылдырууга, сактоого жана өнүктүрүүгө шарттарды камсыз кылууга умтуларын баса белгиледи.

Кошумчалай кетсек, жыйынга дүйнөнүн 90дон ашык өлкөсүнүн, ошондой эле эл аралык уюмдардын өкүлдөрү катышты. (НМ)

Англис тилинде:

Орус тилинде:

Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги

Бөлүшүү

Комментарийлер