А. АЛИМБЕКОВ ОГПИНИН СТУДЕНТТЕРИНЕ КЫРГЫЗДЫН КӨӨНӨРБӨС ДӨӨЛӨТТӨРҮ ТУУРАЛУУ АЙТЫП БЕРДИ

  • 18.12.2017
  • 0

А. АЛИМБЕКОВ ОГПИНИН СТУДЕНТТЕРИНЕ КЫРГЫЗДЫН КӨӨНӨРБӨС ДӨӨЛӨТТӨРҮ ТУУРАЛУУ АЙТЫП БЕРДИ

Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин педагогика кафедрасынын башчысы, педагогика илимдеринин доктору, профессор Акматали Алимбеков 15-декабрда Ош гуманитардык-педагогикалык институтунун студенттерине жана окутуучуларына “Кыргыз элинин адеп-ахлак маданияты” деген аталыштагы  семинар-тренинг өткөрдү.

Этнопедагогика илиминин негиздөөчүлөрүнүн бири, улуу педагог И.Волковдун шакирти болгон коноктун семинарына окуу жай жетекчилиги, окутуучулар жана студенттер катышып, кыргыздын көөнөрбөс дөөлөттөрү, башка улуттардан айырмаланган меймандостугу, улуу “Манас” эпосунда камтылган касиеттүү элдик тарбиянын сырлары жөнүндө кеңири маалымат алышты.

“Жөнөкөй, жатык тил менен маек курган бул педагогдун сабагына катышкан мугалим, ар бир студент өзүн бактылуумун деп эсептесе болот. Анткени “…жамандыкка жакшылык”, “кең пейил мүнөз”, “ак менен кара”, “тоногонду билбеген улут”, “таза жүрөк”, “кымбат адеп”, айкөл эл”  ж.б. сапаттар тууралуу айткан кептери, келтирген мисалдары, икаялары катышуучулардын жан дүйнөсү үчүн бир кыйла азык болууга арзыды. Азыркы замандын шартында, учурдун талабы боюнча залга эл толтуруу, аларды тынчтыкта сактоо чоң түйшүк, бирок сөздүн күчү, кептин орундуулугу, ойдун ынанымдуулугу, билимдин бийиктиги, акыйкаттын улуулугу, илимдин жарыгы бардык адамды эч кандай мажбурлоосуз түрдө өзүнө тарта алат, буга Акматали агайдын таасирдүү сабагы далил”, — дейт окуу жай жетекчиси Бекмырза Зулуев.

Бөлүшүү

Комментарийлер