АЛАМҮДҮНДҮК ОКУУЧУЛАР МЕНТАЛДЫК АРИФМЕТИКА БОЮНЧА АЛДЫДА

  • 20.01.2022
  • 0

Чүй облусунун Аламүдүн районундагы Октябрь орто мектебинин окуучулары менталдык арифметика боюнча эл аралык олимпиадада алдыңкы орундарды алышты. Бул тууралуу Чүй облустук усулдук билим берүү бөлүмүнүн адиси Кундуз Абдраева билдирди.

Бишкекте өткөн менталдык арифметика мелдешине Казакстан, Өзбекстан жана Кыргызстандан окуучулар катышты. 1-орунга 5-класстын окуучусу Г.Абдижапарова, 7-класстын окуучусу А.Курбаналиев, 6-класстын окуучусу А.Абдуллаева, 3-класстын окуучусу К.Орозалиев, 8-класстын окуучусу Р.Борубаев жана 2-класстын окуучусу С.Идирисовалар озуп чыгышты.

Ал эми 2-орунду 7-класстын окуучусу А.Сайфудинов, 4-класстын окуучусу А.Айдаралиева, 2-класстын окуучусу С.Раимбердиева, 7-класстын окуучусу П.Замирбекова, 8-класстын окуучусу Ш. Абдусоламов, 10-класстын окуучусу А.Мамадияровалар ээлешти.

 

Айнагүл Кашыбаева,
“Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер