АЛАЙДАГЫ ЖАЙКЫ ЛАГЕРЬ

  • 11.07.2018
  • 0

Алай районунун Сары-Ой жайлоосунда жайкы эс алуу лагери өз ишин баштады. Райондун аймактарындагы мектептерден 7-8-класстардан 18 окуучу кыздар райондук билим берүү бөлүмүнүн сунушу менен Тынчтык Корпусунун волонтеру Дэвид Голдстоун тарабынан проект жазылып, утуп алган гранттын негизинде жайкы лагерде эс алышууда. Эс алуу менен бирге күн сайын англис тилин үйрөнүү курстарын окуп, атайын борбордон чакырылган адистер кыргыз улуттук оюндардын маани-маңызы, баалуулуктарын окуучуларга жеткирүү менен бирге жаа атуу өнөрүн үйрөтүшүүдө.

АЛАЙДАГЫ ЖАЙКЫ ЛАГЕРЬ

Алай райондук билим берүү бөлүмүнүн усулчусу Ж.Сулаймановдун берген маалыматына таянсак, бул сабактар, сүйлөшүүлөр, активдүүлүк аркылуу кыздар лидер болууга үйрөнөт. Ошондой эле катышуучулар маанилүү жашоо жөндөмдүүлүктөрүн үйрөнүшөт.

АЛАЙДАГЫ ЖАЙКЫ ЛАГЕРЬ

АЛАЙДАГЫ ЖАЙКЫ ЛАГЕРЬ

— Алар бир командада иштөө, репродуктивдүү ден соолук жана проект долбоорлоого да саресеп салышат. Ага кошумчалай эле, катышуучулар көз карандысыздык жана сергек жашоого шыктанууга, жаа менен атууга, боёк менен сүрөт тартууга жана кыргыздын салттуу маданиятына ылайык атка минип, тоого чыгышат, драмалаштырылган оюн аткарышат жана спорттук оюндарды ойношот, — дейт Ж.Сулайманов.

Медициналык жардамга муктаждык болсо, бир медицина кызматкери кызмат көрсөтөт.

Гүлнара Алыбаева, «Кут Билим»

Бөлүшүү

Комментарийлер