АЛАЙДА ОЛИМПИАДА ЖЕҢҮҮЧҮЛӨРҮ СЫЙЛАНДЫ
- 27.07.2020
- 0
Алай районунда предметтик олимпиаданын облустук турунда ийгиликке жетишкен окуучулар Билим берүү жана илим министрлигинин дипломдору менен сыйланды.
Бул тууралуу бизге Алай райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысынын милдетин убактылуу аткарып жаткан Алымбек Бурканбай уулу билдирди.
Анын айтымында, №2 Тапык Отунчиев атындагы мектеп-гимназиясынын 11-классынын бүтүрүүчүсү Майрам Марсбекова орус тили жана адабияты сабагынан облустук олимпиадада 1-орунду камсыздаса, ушул эле мектеп-гимназиянын 11-классынын бүтүрүүчүсү Байжигит Кайрыев математика предметинен 3-орунду, №33 Сарбан Жаанбаев атындагы орто мектебинин 11-классынын окуучусу Кубатбек кызы Уулкан физика предмети боюнча 2-орунду ээлеген.
Республикалык олимпиадада жеңүүчү деп табылган жогорудагы окуучулар Алай райондук мамлекеттик администрациясынын “Ыраазычылык каты” менен сыйланышып, Алай районундагы «Алай-Билим» балдарды колдоо коомдук фондунун акчалай сыйлыктарына да ээ болушту.
Комментарийлер