АЛА-ТООДОН АНГЛИЯГА ЧЕЙИН “МАНАСТЫ” ТААНЫТЫП…

  • 11.04.2019
  • 0

Көрүнүктүү манасчы жана төкмө акын Сапарбек Касмамбетовдун 85 жылдыгына карата

Сапарбек Касмамбетов “Манас” эпосун оозеки жана жазма тилде тең чебер аткара билген манасчылардын эң көрүнүктүү өкүлдөрүнүн бири катары таанымал. Ошондой эле анын кыргыздын көөнөргүс көркөм-рухий мурасын улуттук жана эл аралык деңгээлде даңазалап таанытууга кошкон орчундуу салымын өзүнчө бир даркан эмгек катары кароо керек.

АЛА-ТООДОН АНГЛИЯГА ЧЕЙИН “МАНАСТЫ” ТААНЫТЫП...

Баа жеткис улуттук улуу кенчибиздин кылымдарды карытып, ооздон оозго көчүп сакталып келиши байыркыдан Жайсаң Үмөт уулу менен Ырамандын ырчы уулунун, кийинки замандарда Балыкооз менен Тыныбектин, андан кийин Сагымбай, Саякбай сыяктуу залкар манасчылардын эмгеги болсо,  кыргыз эли туташ кат-сабаттуу болгон жаңы доордо улуу дастанды  оозеки да, жазма тилде да жогорку чеберчиликте аткара билген Жусуп Мамай баштаган манасчылардын өзүнчө бир тобу улуу руханий көчтүн эстафетасын улантты. Алардын ичинде Сапарбек Касмамбетов жөнүндө “Манас” айтуунун классикалык салттарын да өз деңгээлинен кемитпей сактап, тематикалык жагынан өнүктүрүп улаган, ошол эле учурда аны жазма түрүндө жаратуу менен таанытуунун өзүнчө бир өрнөктүү ишмердигин жүргүзгөн, өзүнүн татыктуу орду бар манасчы деп айтсак болот. Анын “Эр Кошой”, “Билерик”, “Бала Манас”, “Жарманас” эпикалык чыгармаларын “Манас” эпосунун сюжеттик линияларынын өзүнчө бир уландысы, өнүгүшү катары караганыбыз туура. Ат-Башыны жердеген Катагандын Кан Кошой, Жаангер Кожонун Билерик, Карадөңдүн Жарманас – булардын баары Манас кыргыздын чачылган кырк уруусун жыйнап бириктиргиче, Ала-Тоону баскынчылардын бошотуунун аракетин көрүп, элди коргоп жүргөн баатырлар. Аталган чыгармалар ар бири өзүнчө баатырдык эпос катары каралганы менен “Манастагы” сюжеттик линиялар менен ажырагыс байланышта турат. Сапарбек Касмамбетовдун Манастын көп таанымал болбогон чоролору  Кошойдун уулу Жалгыз ээк, Дагар кыз, Култаң, Нургузар жөнүндө да окуяларды өнүктүрүп, өзүнчө чыгарма жаратуу пландары жана буга жетиштүү чыгармачылык потенциалы бар экенин да айтып коюу керек.

“Эр Кошойду” убагында залкар жазуучу Чыңгыз Айтматов өзү окуп чыгып, ошондон кийин элибиздин дүйнөдө теңдешсиз болгон эпосун токтотпой, улуу руханий көчтү улагандарга ыраазылык сөзүн жазып берген эмеспи.

Сапарбек манасчынын чыгармачылык жолу салыштырмалуу караганда эрте эле башталган, жети-сегиз жашынан эле ыр жандуу болуп, көркөм сөзгө шыгы ойгонгон.  Жайлоодо кезинде табият кооздугун, тоо-ташын, жан-жаныбарын  сүрөттөп, көркөм салыштырып, үнүн созуп ырдаганды жакшы көрчү. Атасы Касмамбет улуттук өнөрдү сыйлаган, өзү да комузду кол ойното черткен адам болгон деп айтышат. Энеси Сайраке куюлуштура сүйлөгөн сөзмөр, жомок менен дастандарды чеберчилик менен айта билген экен. Ошондуктан анын манасчылык жана төкмөлүгүнүн тамыры эң биринчи кезекте так ошол ата-энесинен башат алган, өөрчүгөн  өнөр экени талашсыз.

Чоң манасчылардын чыгармачылыгынын ойгонушуна түрткү берген аян түш көрүү сыяктуу өзгөчө бир сырдуу феномен бар экени белгилүү. Мындай сырдуу көрүнүштөр Сапарбектин да балалык турмушунда болду. Согуштун оор жылдарында катуу бороон болгон күнү талаада эчтекени сезбей уктап калган жеринен таап алышат. Балким, ошондо ал алай-дүлөй шамалды тоотуп койбой, улуу жомоктун кызыгында түш көрүп жаткан белем. Ошондо үйгө алып келишкенде ооруп калып, уктабай жөөлүп чыгат. Эртең менен карашса, короонун ичи толтура аттардын туягынын изине толуп калган болот. Жабык турган короодо кайдагы ат издери деп таң калышат. Кошуна-колоңдор үйдү айланып көп атчан жүргөнүн көрдүк деп айтышат. Ошондон кийин балага арнап улак союп, түлөө өткөрүшөт.

Сапарбек ошондон кийин “Манас” айтып баштайт. Мектепте окуган убагында танапис маалында мугалимдин ордуна отура калып, “Манас” айтканды адат кылып алганын чогуу окуган курбалдаштары эскерип айтып жүрөт.

Манасчылык жана төкмөлүк өнөргө шык-дараметтин ойгонушу бир жагынан, балким, сырдуу керемет күч даарыган көрүнүш болсо болгондур, бирок анын өөрчүп өнүгүшү, чеберчиликтин жогорулашы ошол учурдагы элдик көркөм наркты билген чөйрөнүн таасири астында боло турганы калетсиз. Бул жагынан Сапарбектин чыгармачылык жолунда кыргыздын залкар  манасчылары менен ак таңдай ырчыларынын да таасири болбой койгон жок.

Эң оболу атактуу манасчы Саякбайдын өзүнүн батасы тийген тарыхый жолугушууларды тагдыр насип кылды. Бир жолу Сапарбек беште экенде, Саякбайдын “Манас” айтып жатканын угуп отуруп, уктап кетет. Ошондо көзүнө түшүп калган тестиер Сапарбекке залкар манасчы өзүнө тийген устуканын да арнап, касиеттүү батасын да берген экен. Бир катар изилдөөчүлөр Сапарбекти Саякбайдын жолун жолдогон манасчы катары карап келатышканы да белгилүү.

Дагы бир жолу музоо издеп жүргөндө токойдон бир карыяга жолугуп, ага отун алууга жардамдашып, кеч болуп кеткенде анын үйүнө түнөп калат. Карыя улак союп, эти асып коюшуп, экөө сөзгө кирет. Кезектешип “Манас” айтышат. Көрсө, ошондо коноктоп, улуу батасын берген карыя айтылуу чоң манасчы Шапактын өзү экен. Кочкордон чыккан Шапак Рысмендиевдин эпостун үч бөлүмүн тең калтырбай айткан чебер манасчы болгону белгилүү.

Сапарбек ошол окуучулук кезинде эле манасчылыктын оозеки формасы менен катар аны жазма тилде жаратууга ык койгону өзүнчө сөз. Фрунзеден барган Илимдер академиясынан окумуштуулары бала манасчынын атын угуп, анын үйүнө барып, дептер менен калем беришип, билгенин жазып берүүнү өтүнүшөт. Сапарбек өзүнүн айтуусундагы “Семетейди” бир дептер толтура кылып, бир айдын ичинде жазып чыгат. Академиянын окумуштуулары Жумгалдан кайтып бара жатып кайрылып, баягы дептерди ала кетишет, алдын ала деп 20 миң рубль гонорар колуна беришет. Кийин-кийин бул кол жазманы манасчынын өзүнө академиянын Манастаануу борборунун кол жазмалар фондусунун жетекчиси Кеңеш Кырбашев таап көрсөткөн экен. Андан кийин дагы Сапарбектин айтуусундагы “Манастын” көп эпизоддору, “Семетей” окуясы” академиянын фольклор бөлүмүнө жазылып алынганы белгилүү. Бирок, тилекке каршы, ошол кол жазмалар убагында да, кийин да жалпы коомчулукка жеткирилген эмес.

Анткен менен Сапарбек манасчыга улуу дастанды эл аралык деңгээлде таанытууга эң сонун мүмкүнчүлүк Кыргызстан эгемендик алгандан кийинки жаңы тарыхый шартта ачылды. Би-Би-Си Дүйнөлүк кызматына кыргыздардан биринчи болуп тандалып ишке алынган улуу кызы Гульнаранын чакырыгы менен 1995-жылы Лондонго барып,  Би-Би-Сиде биринчи жолу британ коомчулугу үчүн “Манас” кечесин өткөрүп келген.

Экинчи жолу Лондонго 2005-жылы “Түрк тилдүү элдердин музыкасы” аттуу эл аралык илимий конференцияга чакырылып, “Манас” эпосунан үзүндү айтып берген. Бул маданий окуянын мааниси жөнүндө Англиядагы “Independent” газетасы 2006-жылдын 7-февралындагы санында төмөнкүдөй жазган: “Бул конференциянын концерттик бөлүгү беш жылдызга тете болду. Анда байыркы көчмөндөрдүн оймо-чиймеси түшүрүлгөн ак калпак, чапан кийип чыккан жетимиштеги аксакал бизге анча белгилүү эмес “Манас” эпосунан үзүндү айтып бергенде, залда тайманбас баатырлардын  чаап бараткан аттарынын дүбүртү улакка угулуп, аудиторияны дүйнөнүн башка алкагына алып киргендей туюлду”.

Ошондо башталган илимий-чыгармачылык кызматташтыктын жемиши англис тилинде өзүнчө бир китептин басылып чыкканы болду.  Лондон университетинин Азия жана Африканы изилдөө институту тарабынан британдык окумуштуу Кит Ховард менен биргеликте даярдалып, “Singing The Kyrgyz Manas: Saparbek Kasmambetov’s Recitations Of Epic Poetry” деген аталыштагы китеп кийин жарык көрдү. Китепте “Манас” эпосунун негизги окуялары англис тилинде кара сөз түрүндө баяндалып, Сапарбек Касмамбетовдун айтуусу CD диск түрүндө жазылып, кошо тиркелген. Бул китеп кыргыздардын руханий таберигин Батыштагы окурмандарга таанытып даңаза кылган өзүнчө бир баалуу эмгек болуп калганы калетсиз.

Кыргыз эл жазуучусу Султан Раев убагында бул китептин чыгышын кыргыз маданиятындагы чоң жаңылык деп атап, “бүт өмүрүн эпоско арнаган Сапарбек Касмамбетовдун варианты боюнча англисче китеп жарык көрүп отурганы биз үчүн ири сыймык” деп таамай баасын берген эле.

Ал эми Лондон университетинин Азия жана Африканы изилдөө институтунун музыка бөлүмүнүн жетекчиси Кит Дэвид Ховард өз кезегинде кыргыздын энциклопедиялык дастанын Европага таанытуудагы Сапарбек акындын эмгегин баса белгилеп, манасчылыкты өзүнчө бир чоң касиет деп атаган эле.

Башка манасчылардай эле Сапарбектин дагы өзүнө гана таандык айтуучулук өзгөчөлүгү бар. Манас таануучулар биринчи кезекте анын окуяны жумшак, түшүнүктүү жана улуу эпосту кадимки жөө жомоктордой кылып иреттүү, өтө элестүү, жогорку көркөмдүктө айтканын белгилешет.

“Сапарбек Касмамбетов дайыма коомдун түрдүү катмарларына “Манасты” түшүнүктүү тилге салып, жеткиликтүү кылып айтканы менен өзгөчөлөнөт”,-дейт манасчы жана манас таануучу Талантаалы Бакчиев

“Манастын” эпизоддорун манасчылар өзүнүн тилдик, интеллектуалдык күчүнө салып, кайталангыс көркөмдүк менен чечмелеп, интерпретация менен айта турганы белгилүү. Ошол себептүү кээ бир эпизоддор кайсы бир манасчыда өтө күчтүү чыккан учурлар бар. Сапарбектин айтуусунда “Каныкейдин Тайторуну чапканы”, “Алмамбет менен Чубактын чалгынга барганы”, Гүлчоронун Үргөнч дайрасын кечип өткөнү сыяктуу окуялар өзгөчө эмоцияга толуп, жогорку көркөмдүктө айтылат.

“Гүлчоронун Үргөнч суусун кечиши” деген окуяны майын чыгарып, каймагын калпып айтып бергени өзгөчө таасир калтырат. Мен ошол эле окуяны Амантур деген манасчыдан, кийин Шаабай Азизовдон, Каба Атабековдон уккам, өзүм да айтып жүрөм. Бирок Сапарбек Касмамбетов бул окуяны айтканда, анын ажайып дүйнөсүн өзгөчө кылып баяндап берет. Ошондуктан “Гүлчоронун Үргөнч суусун кечиши” деген окуяны жумурай журт “Сапарбек манасчынын окуясы” деп баалап жүрүшөт. Бул ошого тете десем жаңылышпайм”,-дейт Талантаалы Бакчиев.

Сапарбек Касмамбетовдун манасчылыгынан төкмөлүк өнөрү кем калышпайт. Канчалаган кароо-сынактарда, айтыштарда кандай гана темаларга чыгып ырдабады.  Убагында чоңдорду арданткан курч сөзү, таамай тамашасын замандаштары дагы деле унута элек.  Т.Сатылгановдун 140 жылдыгына арналган төкмө акындардын республикалык конкурсунда байгелүү орунга татыктуу болду. Айтылуу Ашыраалы Айталиев менен бир театрда иштеп, бирге гастролдорго чыгып, эл алдында аткарган айтыштары төкмө акындык өнөрдүн тарыхында өзүнчө бир орду бар чыгармачылыктын керемет учурлары болуп калды.

Касмамбетовдун манасчылык жана төкмөлүк өнөрүндөгү  жогорку чеберчилиги жана жалпы эле чыгармачылык жетишкендиктери мамлекеттик деңгээлде татыктуу баасын алып, ага “Кыргыз маданиятына эмгек сиңирген ишмер” ардактуу наамы ыйгарылган. “Даңк”медалы, “Манас -1000” юбилейлик медалы менен сыйланды, “Билим берүүнүн мыктысы”, “Маданияттын мыктысы”аталды. Ошондой эле коомдук-чыгармачыл уюмдар тарабынан берилген “Эл манасчысы”, “Залкар манасчы”, “Манас” коомдук академиясынын академиги” наамдары жалпы эл-журтунун аздектеп берген жогорку баасынын айкын күбөсү.

Кубатбек Чекиров, “Кут Билим” газетасынын баш редактору

 

Бөлүшүү

Комментарийлер