“Ала-Тоо” Эл аралык университети – дүйнөгө ачылган каалга!

  • 21.05.2024
  • 0

“Ала-Тоо” Эл аралык университети (АЭУ) – Борбор Азиядагы алдыңкы эл аралык университеттердин бири. Анда дүйнөнүн 38 өлкөсүнөн 3000 ашык студент билим алат. Окуу жай бүгүнкү күндө Кыргызстан жана Борбор Азияда англис тилинде билим берип, өзүнчө бөлүмдөрдүн студенттерине немис, француз, кытай, жапон жана корей тилдерин окууга мүмкүнчүлүк түзөт.

“Ала-Тоо” Эл аралык университети – дүйнөгө ачылган каалга!

Акыркы чейрек кылымда АЭУ өнүгүүнүн көп этабын басып өттү: студенттердин контингентин көбөйтүү, жаңы академиялык программаларды ачуу, кампусту кеңейтүү, ошондой эле аталышын, түзүмүн жана өнүгүү стратегиясын өзгөрттү, мунун аркасында Кыргызстандын билим берүү жана агартуу ишмердүүлүгү менен тыгыз байланыштуу болгон илимий мекеменин ордун бекемдеди. Туура 28 жыл мурда өлкөнүн эң маанилүү жеке менчик окуу жайларынын биринин тарыхы башталган. Кыргызстан көз карандысыздыкка ээ болгон учурдан – 1991-жылдын 31-августунан тартып Кыргызстан Өкмөтү тарабынан Кыргызстандын жогорку билим берүү чөйрөсүндө тез өзгөртүү жана модернизациялоо жүзөгө ашырылган. Бишкекте АЭУ анык эл аралык деңгээлдеги университетти түзүү борбор калаанын өнүгүшүнүн гана эмес, өлкөбүздүн илим-билим берүү дараметинин ийгиликтүү өзгөрүшүнө маанилүү түрткүлөрдүн бири болуп калды.

“Ала-Тоо” Эл аралык университети – дүйнөгө ачылган каалга!

1996-жылы Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан “Сапат” Эл аралык билим берүү мекемеси менен биргеликте “АлаТоо” Эл аралык университети – эл аралык деңгээлдеги Борбор Азиянын алгачкы коммерциялык эмес изилдөө университети катары түзүлгөн. Ишмердүүлүгүнүн башатынан тартып, АЭУ англис тилинде окутуу менен эл аралык билим берүү моделин тандаган.

“Ала-Тоо” Эл аралык университети – дүйнөгө ачылган каалга!

Бүгүнкү күндө АЭУ төрт академиялык факультеттен, үч институттан бакалавр багыты боюнча 19 академиялык программадан, магистратура багыты боюнча 10 академиялык программадан, аспирантура боюнча алты программадан жана докторантура (Ph.D) үч программадан турат.

Факультеттер:

“Инженерия жана информатика факультети” төмөнкү багыттарды камтыйт:

Информатика жана эсептөө техникасы:

  • Компьютердик инженерия;
  • Киберкоопсуздук жана этикалык хакинг;
  • Чыгармачыл индустриянын негиздери;

Колдонмо математика жана информатика:

  • Маалыматтарды талдоо жана интеллектуалдуу системалар;
  • Билим берүүдө колдонмо математика жана информатика;

Электроника жана наноэлектроника:

  • Жасалма интеллект жана робототехника;

Сапатты башкаруу:

  • Маалыматтык технологиялардагы менеджмент;

“Гуманитардык илимдер факультети”:

  • Филология (англис тили жана адабияты);
  • Лингвистика (котормо жана котормо таануу);
  • Педагогика;
  • Психология;
  • Журналистика;
  • Жарнама жана Коом менен байланыш”
  • Юриспруденция (эл аралык жана бизнес укук);

“Ала-Тоо” Эл аралык университети – дүйнөгө ачылган каалга!

“Экономика жана башкаруу факультети”:

  • Экономика (эл аралык экономика жана бизнес);
  • Экономика (эл аралык каржы жана аудит);
  • Эл аралык мамилелер;
  • Менеджмент;

“Медицина факультети”:

  • Дарылоо иши;
    “Ала-Тоо” Эл аралык университети – дүйнөгө ачылган каалга!

Магистратура программасы: “Информатика жана эсептөө техникасы”; “Менеджмент”; “Педагогика”; “Экономика”; “Лингвистика”; “Филология”; “Эл аралык мамилелер”; Юриспруденция; Журналистика; Психология;

Аспирантура программасы: “Экономикалык теория”; “Экономика жана эл чарбасын башкаруу”; “Салыштырмалуу тарыхый, типологиялык жана салыштырмалуу тил таануу”; “Жалпы педагогика, педагогика, педагогика тарыхы жана билим берүү”; “Социалдык философия”; “Маданият тарыхы жана теориясы”;

Докторонтура (Ph.D): Компьютердик жана малыматтык технологиялар; Филология; Педагогика.
“Ала-Тоо” Эл аралык университети – дүйнөгө ачылган каалга!

“Ала-Тоо” университети Европа, АКШ, Германия, Түштүк Корея, Франция жана Италия жана башка 100дөн ашык чет өлкөлүк өнөктөш ЖОЖдор менен эки тараптуу келишимдерге ээ. АЭУ “Erasmus +” жана “Fulbright” эл аралык алмашуу программалары менен иштөө боюнча лидер болуп саналат, бул эки тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүүгө мүмкүндүк берет. Эл аралык программалар 2-3-курстун студенттерине өнөктөш ЖОЖдордо төрт айдан бир жылга чейин билим алууга мүмкүнчүлүк берет. Аталган программалар студенттерге алмаштырылгыс тажрыйба топтоого, билимин байытууга жана маданий сабаттуулугун кеңейтүүгө мүмкүндүк берген көп улуттуу чөйрөнүн эшигин ачат.

“Ала-Тоо” Эл аралык университети – дүйнөгө ачылган каалга!

АЭУдан билим алган студенттер үчүн эки дипломго ээ болуу – АЭУ диплому жана эл аралык аккредитациясы бар алты эл аралык ЖОЖдун биринен берилген эл аралык үлгүдөгү диплом алуу мүмкүнчүлүгү бар.

  • North American University (АКШ, бакалавр)
  • Hof University of Applied Sciences (Германия, бакалавр)
  • SolBridge International School of Business (Түштүк Корея, бакалавр)
  • Inha University (Түштүк Корея, бакалавр)
  • Bialystok University, (Польша, бакалавр)
  • University of Clermont Auvergne, (Франция, магистратура)
  • University of Applied Sciences of Zwickau (Германия, магистратура)

Эл аралык аккредитацияга ээ болгон кош диплом системасынын аркасында, бүгүнкү күндө АЭУнун бүтүрүүчүлөрү дүйнөнүн алдыңкы компанияларында жана уюмдарында: АКШ, Улуу Британия, Австралия, Германия, Польша, Чехия, Нидерландия, Россия, Афганистан, Египет, Индия, Бириккен Араб Эмираттары, Венгрия, Канада, Казакстан, Пакистан жана башка көптөгөн өлкөлөрдө иштейт. АЭУ чейрек кылымдык тарыхында Кыргызстандын, Борбор Азиянын жана дүйнөнүн гүлдөп өнүгүшү үчүн жигердүү эмгектенген 4500 ашык ийгиликтүү кесипкөй адистерди даярдады. Аталган окуу жайдын бүтүрүүчүлөрү Facebook, General Electric, Verizon, Accenture, GenPact, Baylor Genetics, New York University in Abu Dhabi, Booking.com, Demir Kyrgyz International Bank, БУУ, ОБСЕ, DAI Europe, Оптима Банк Кыргызстан, EPAM Systems, О! мобилдик оператору жана башка белгилүү уюмдарда эмгектенүүдө.

“Ала-Тоо” Эл аралык университети – дүйнөгө ачылган каалга!

Окуу жай студенттердин окуудагы жетишкендиктери жана үй-бүлөлүк шартына жараша каалаган программада окууга 5% -100% чейин жеңилдиктерди берет. Университетти аяктагандан кийин Кыргыз Республикасынын жогорку кесиптик билими жөнүндө мамлекеттик дипломго ээ болот.  АЭУ эл аралык университет катары академиялык жетишкендиктин баалуулуктарына, маданий көп түрдүүлүккө жана ачыктыкка, инновацияга, ишкердикке жана социалдык жоопкерчиликке умтулат. Университеттин бүткүл командасы жеңишке, лидерликке жана ийгиликке багытталган, мыкты адистерди, өз тармагындагы кесипкөйлөрдү, Кыргызстандын жана Борбордук Азиянын лидерлерин даярдайт.

“Ала-Тоо” Эл аралык университети – дүйнөгө ачылган каалга!

IT & Business колледжи

Мындан тышкары, АЭУнун алдында IT жана экономика багыттарында актуалдуу кесиптерди сунуштаган IT & Business колледжи 2013-жылдын 1-сентябрынан бери өз ишмердүүлүгүн жүргүзүп келет. Колледж кыска убакыттын ичинде квалификациялуу, атаандаштыкка жөндөмдүү, бир нече тилде сүйлөгөн, теориялык билимин иш жүзүндө колдоно билген, коомго кызмат кылууга багытталган кесиптик жана жеке өсүүгө даяр адистерди даярдайт.

9-класстын базасында тапшырган абитуриенттер үчүн окуу мөөнөтү эки жыл 10 айды түзөт. Окуунун биринчи жылында студенттер 10-11-класстын программасы боюнча окуп, кошумча англис тилин үйрөнүшөт жана орто кесиптик билим берүү программалары боюнча окуусун улантышат. Орто кесиптик билим берүүнү аяктагандан кийин студенттер мамлекеттик үлгүдөгү диплом алып, анын негизинде АЭУда же каалаган башка ЖОЖдо 2-курстан баштап окуусун улантышат. Колледждин аймагында студенттерге тиешелүү бардык шарттар түзүлгөн.

IT & Business колледжи төмөнкү окуу программаларын сунуштайт:

  • Экономика жана бухгалтердик эсеп
  • Маркетинг
  • Компьютердик системалар жана комплекстер (компьютердик системалар боюнча техник)
  • Эсептөө техникаларын жана автоматташтырылган системаларын программалык камсыздоо (техник-программист)
  • Компьютердик-графикалык дизайн

“Ала-Тоо” Эл аралык университети – дүйнөгө ачылган каалга!

Университет беш блоктон турат, заманбап технологиялар менен жабдылган окуу кабинеттери жана лабораториялары бар. Инновациялык медициналык жана компьютердик лабораториялар, конференц-залдар, спорт аянтчалары жана фитнес-залы, теннис корту, бий залдары, ошондой эле 22ден ашык студенттик клуб, 45 000 ашык китепти камтыган чоң китепкана, менчик медициналык оорукана студенттерге бай коомдук жашоону өткөрүүгө жакшы мүмкүнчүлүк түзөт.

Бүгүнкү күнү Бишкекте эл аралык деңгээлдеги университеттин түзүлүшү – борбор шаарды өнүктүрүү, өлкөнүн илимий жана билим берүү потенциалын ийгиликтүү трансформациялоо үчүн эң маанилүү стимулдардын бири. Мунун баары университеттин окутуучу жана административдик жамаатынын биргелешкен түйшүктүү эмгегинин аркасында мүмкүн болду.

Байланыш тел.: +996 (555) 820 000
Эл. дарек: [email protected]
Дареги: Тунгуч кичи району, Анкара көчөсү 1/8.

 

 

 

 

 

Бөлүшүү

Комментарийлер