АКЫРКЫ КОҢГУРОО: ШААН-ШӨКӨТПҮ ЖЕ КАЙРЫМДУУЛУКПУ?

  • 23.05.2019
  • 0

Билим берүү жана илим министрлиги 25-майда өтүүчү акыркы коңгуроодо акча каражаттарын чогултууга жана белектерди  алууга, ошондой эле көңүл ачуу жайларында бүтүрүүчүлөрдүн катышуусунда иш-чараларды уюштурууга  тыюу салган буйругун чыгарган. Шаардык жана райондук билим берүү башкармалыктарынын башчыларына бул күнү жооптуу кызматкерлерден күнү-түнү нөөмөтчүлүк уюштуруу, бүтүрүүчүлөрдүн өмүрүнө жана ден соолугуна коркунуч келтирүүчү, күйүүчү жана жаракаттандыруучу фейерверктерди жана башка түзмөктөрдү пайдаланууну жоюу тапшырылды. Бул буйруктун аткарылбагандыгы үчүн жалпы билим берүү мекемелеринин жетекчилерине ээлеген кызматынан бошотууга чейинки тартиптик чаралар көрүлөрү айтылган. Ушул эле күнү 5, 10, 20, 30 жылдык жолугушууга баруучу бүтүрүүчүлөр кызуу даярдык көрүп, мектептерин көздөй бет алганы турат. Акыркы жылдары мындай юбилейлик жолугушуулар кайрымдуулук иштердин башаты болгонун жазып жүрөбүз. Эгерде буга чейин жолугушуу кечелерине топтолгон акчалар негизинен той сыяктуу шаан-шөкөткө жумшалса, эми анын орду кайрымдуулукка же айылга, мектепке  керектүү курулуштарды бүткөрүүгө жумшала башталды.

АКЫРКЫ КОҢГУРОО: ШААН-ШӨКӨТПҮ ЖЕ КАЙРЫМДУУЛУКПУ?

Ашыкча каражат чогултулбайт

Бүтүрүүчүлөрдүн Акыркы коңгуроо майрамына байланыштуу укук коргоо органдарынын кызматкерлери жана мугалимдер 25-майдын таңына чейин коопсуздукка көз салат. Быйыл Кыргызстанда 9-классты 95 миң, 11-классты 61 миңден ашуун бүтүрүүчү аяктап жатат.

Негизинен Акыркы коңгуроодо акча чогултуу, коопсуздукту сактоо боюнча жылда эле министрликтин буйругу чыгып келатат. Анын негизинде мектептерде салтанаттуу жыйындар гана өткөрүлөт. Оюн-зоок, кече уюштурууга тыюу салынган. Патрулдук кызматкерлер да өлкө боюнча жол коопсуздугун көзөмөлдөшөт. Анткени айрым бүтүрүүчүлөр аталарынын кымбат баалуу унааларын айдап алып, Кыргызстандын желегин желбиретип кыйкырык-өкүрүк менен борбор калаада айдап жүргөндөр жылда эле катталат.

  • Буйруктун максаты —  окуу жылын уюшкандыкта жыйынтыктап, окуучулардын коопсуздугун сактоону көздөйт. Мектептерде буга чейин деле көп кырсыктар катталып, жылдан жылга анын саны өсүп, ошондой эле акыркы коңгуроодо обу жок акча чогултуулар көбөйүп, жашоо-турмушу начар үй-бүлөлөрдүн балдары башка классташтарындай акча бералбагандыктан өз өмүрлөрүн кыйгандар да болгон. Ошондуктан  2010-жылы акча чогултууга, ресторан, кафелерде, оюн-зоок мекемелерде Акыркы коңгуроо, бүтүрүү кечелерин  өткөргөнгө тыюу салынган министрдин буйругу чыккан. Быйыл дагы шаан-шөкөттөргө, унаалар менен көчө кыдырганга, көп каражат чогултканга тыюу салынды. Аткарбаган мектеп жетекчилери кызмат ордунан бошотулат. Былтыр 4000 милиция кызматкерлери нөөмөткө чыгып, балдардын коопсуздугун көзөмөлдөшкөн. Быйыл дагы ушундай нөөмөттөр уюштурулат. Жыл сайын кырсыктар кыскарып, ошол эле кезде ата-энелердин бюджетине да оң таасир бере баштады. Ашыкча чыгымга бөгөт коюлду, кырсыктар көп катталбай калды, — дейт министрликтин жетектөөчү адиси Кылым Сыдыкназарова.
  • АКЫРКЫ КОҢГУРОО: ШААН-ШӨКӨТПҮ ЖЕ КАЙРЫМДУУЛУКПУ?

Бүтүрүүчүлөрдүн кайрымдуулук демилгелери

Акыркы коңгуроо салтанаты жакындаган сайын мектептин бүтүрүүчүлөрү менен катар 5, 10,20,30 жылдык жолугушууларга баруучулар да катуу даярдык көрүп жаткан учуру. Бул жолугушуунун максаты —  мектеп бүтүрүүчүлөрүнүн бир нече жылдан кийин учкан уясынан кайрадан кездешип, балалык кезди эстеп, сагынычтарын таркаткан жакшы бир жөрөлгө.  Бул бүтүрүүчүлөрдүн айрымдары өз айылдарына жол, көпүрө же жардамга муктаждарга үй салып берүүнү салтка айландырып жатышат. Мисалы, өткөн жылы Жумгал районунун Куйручук айылындагы А.Сулайманов атындагы орто мектебинин 20 жылдык бүтүрүүчүлөрү мектептин алдына бастырма куруп беришкен. Ал эми Чүй районундагы Прогресс атындагы орто мектептин мындан 20 жыл мурунку бүтүрүүчүлөрү мектепке интерактивдүү такта белек кылышкан.

  • Биздин бүтүрүүчүлөр мектепке белек берүүнү салтка айландырып алышкан. Былтыр 20 жылдык бүтүрүүчүлөр китептерди беришсе, андан мурункулар музыкалык аспап алып беришкен, — дейт мектептин директору Жаӊыл Дүйшенбиева.

Ошондой эле Чаткал районунун Сумсар айылындагы мектептин 20 жылдык бүтүрүүчүлөрү бир кызды тарбиялап жаткан мүмкүнчүлүгү чектелген классташына үй сатып беришкен. 20 жылдык бүтүрүүчүлөрдүн бири Рустам Тойчиевдин айтымында, классташы турак үйгө муктаж болчу.

  • Мүмкүнчүлүгү чектелген классташыбыздын тилегин орундаттык. Ал буга чейин башка бирөөнүн үйүндө жашачу. 90 миң сомго эки бөлмөлүү үй сатып алып, ичин 60 миң сомго заманбап стилде жасап бердик. Айыл эли дагы марафон уюштуруп, андан 15 миң сом чогулду. Элден түшкөн каражатка керектүү буюмдарды алып бердик, — деп билдирген Рустам Тойчиев.

Мындан сырткары өткөн жылдары Ак-Талаа районунун акими Семетей Черикбаев Баетов айылындагы Ш.Бейшеналиев атындагы орто мектепти бүтүргөнүнө 20 жыл толгондо классташтары биригип мектепке автоунаа сатып беришсе, Кочкордун  Кара-Суу айылынын Шапак Рысмендеев атындагы орто мектептин  жыйырма жылдык бүтүрүүчүлөрү айылга сейил бакча куруп беришиптир. Ал эс алуу бакчасына ондогон түрлүү бактар тигилип,  сейрек кездешүүчү тарыхый баалуу таштар менен, ошондой эле  сейил бактын оозуна илбирстин айкелин тургузушуп, талапка ылайык кооздошкон. Мугалимдик кесиптин аброюн көтөрүү максатында, бул кесипте 30 жылдай мектепте иштеген Токтонов Нурдин агайынын ысымы берилген. Мындан тышкары  бул бүтүрүүчүлөр өздөрү окуган мектепке орус тили кабинетине интерактивдүү такта жана парта, стулдары менен, төрт мугалимине  кир жуучу машина белекке беришиптир.

Ал эми быйылкы бүтүрүүчүлөргө кайрылсак, Лейлек районундагы Мырзабек Баетов атындагы 2009-жылы бүтүргөн бүтүрүүчүлөр он жылдыкка карата балдар 8 миңден, кыздар эки миңден чогултушту.

  • Мектептин кире беришиндеги дарбаза абдан эски болчу. Балдар 40 миң сомго жаңы жасап орнотушту, — дейт бүтүрүүчү Сапаргүл Добутова.
  • АКЫРКЫ КОҢГУРОО: ШААН-ШӨКӨТПҮ ЖЕ КАЙРЫМДУУЛУКПУ?

Жалал-Абад облусунун Тайгараев айылындагы Тойгонбай Кушматов атындагы мындан 20 жыл мурда бүтүрүп кеткендер шаан-шөкөткө каражат жумшабай, айылдагы мүмкүнчүлүгү чектелген үй-бүлөгө эскилиги жеткен тамдын ордуна  заманбап беш  бөлмөлүү үй салып беришти. Ал эми Ала-Бука районундагы Өрүктү-Сай айылындагы орто мектепти он жыл мурда аяктаган классташтар айылдагы эски көпүрөнү оңдоп жатышканын билдиришкен. Ошондой эле Ат-Башы районунун Ача-Кайыңды айылынын 20 жыл мурда мектепти бүтүргөндөр айылдын кире беришине 30 түнкү жол чырактарды орнотуп беришти.

Атаандашкан классташтар

Классташтары менен көп жылдан кийинки жолугушууларга камдангандар кеминде 5 миң сомдон акча топтоп жатышат. Эл арасында шашылыш түрдө карызга машине алып даярданып жаткандар да четтен чыгат.

Классташтардын жолугушуусуна эркектер кымбат автоунааны ижарага алышса, кыздар болсо туугандарынын баалуу сөйкө-шакектерин сурап тагынып барууну көздөгөндөр да жок эмес. Коомчулукта мындай көрүнүштөр классташтарына, мугалимдерине көрүнүү же болбосо  кур намыс катары бааланып келет.

Маселен, атын-жөнүн, мектебин жазбоону суранган Сагынбек он жылдыкка баруу үчүн тууганынын унаасын сурап алыптыр. Антпесе классташтарынын арасынан басынып калат. Себеби беш жылдыкка барганда классташтарынын көбүнчөсү  темир тулпарларын минип, аялдары алтын сөйкө, кымбат баалуу, түрлүү кийинип барганын айтып кейиди. Анткени анын каражаты эптеп үй-бүлөсүн бакканга жетет. Барбай койсо кепке калам дейт. Мындай көрүнүштөр өтө эле көп.

— Азыр Бишкекте ижарага каалаган машинеңди аласың. Балдардын айрымдары эки-үч күнгө кымбат баалуу унааларды  ижарага алганы жатышат. Антпесе айылда «бул дале баягы бойдон экен » деген сөзгө каласың, — дейт Сагынбек.

Ошентип айылдын көчөсүн оңдоп, суу чыгарып, көпүрө салып, майып тургундарга там салып берип жаткан көрүнүштөр коомчулукка майдай жагып, колдоого алынууда. Дегеле шаан-шөкөткө чукул бүтүрүүчүлөр ушундай пайдалуу, соопчулук иштерге көбүрөөк  көңүл бурушса жакынкы жылдары ысырапкорчулуктан арылып, жалаң коомго керектүү иштер менен алектенет элек.

Кабыл Макешов, журналист

Китеп белек кылуу демилгеси!

Жакында орто мектептерде Акыркы коңгуроо майрамдары, 10-20-30 жылдык бүтүрүүчүлөрдүн жолугушуу кечелери болгону, камылгалар кызуу жүрүп жаткан чак. Бүтүрүүчүлөр кафе-ресторандарда тойлоп, Ала-Тоодой эт, Ысык-Көлдөй чык ( шорпо) тартылып, далай каражат тамак-ашка кеткени турат. Айрым аймактардагы бүтүрүүчүлөр каражат чогултуп, жетим балдарга үй куруп же жылкы сатып, колунда жокторго ат мингизип, уй-торпок белек кылып, соопчулук иштерди аткарганын угуп, ушундай саамалыктарды колдоо керек деген пикирдемин.

Анан дагы өздөрү бүткөн мектептердин китепканалары үчүн Манас, Семетей, Сейтек дастандарын, Чыңгыз Айтматовдун, Төлөгөн Касымбековдун, Зуура Сооронбаеванын, Казат Акматовдун чыгармаларынын 8 томдук жыйнактарын, Шайлообек Дүйшеевдин жана башка акын-жазуучулардын чыгармаларын белек кылышса, мектеп окуучулары үчүн баалуу табылга болот эле.

Гүлнара Алыбаева, “Кут Билим”

 

Бөлүшүү

Комментарийлер