АКЫНДЫН АРУУ ДҮЙНӨСҮ

  • 24.05.2022
  • 0

Элибиздин эзелтен келаткан «Эшигин көрүп төрүнө өт» деген акылман сөзү бар. Анын сыңарындай колуңа тийген ар китептин эшиги да бар, демек, төрү да бар. Эшиги – мукабасындагы аталышы, төрү – ички мазмуну.

Амангелди Мисиров деген ысым мага көптөн тааныш. Асыресе, балдарга арналган ырларына ыкласым түшүп, аруу дүйнөсүнүн мөлтүр тазалыгына, жылуу мээримине, мукам кайрыгы менен элестүү сүрөтүнө көөнүм толо берер эле. Ош жергесинен «Байчечекей» журналына жиберген ырлары басылманын тематикалык-жанрдык багытына, «каймакка куймак куйгандай» дечү беле, дал келгенине ичим жылып, тезирээк жарыялоого ашыкчымын. Балдар адабияты, айрыкча, эң кенжелерге багышталган чыгармалар бөбөктүн мүнөзүндөй баёо, ойноок жана күлкү чакырарлыктай болбосо – таасир-таалими супсак болуп калат. Дагы бир маанилүү талап – уйкаштыгында. Башкысы – так жана куюлушкандай болушу зарыл. Экинчиден, бөбөккө арналган ыр тарбияга астейдил чакырган дили менен баалуу. «Антпе! Минтпе!» деп кесе айтылган тыюудан көрө мисалдар аркылуу ишарат жасоо канчалык чоң таасир берерин таланттуу акындар жакшы билет. Амангелди бул ыкманы жаш чагынан мыкты
өздөштүргөн.

Түлкү бир күн той кылып,

Түрлүү тамак бериптир.

Мамалагын жетелеп,

Майпаң аюу келиптир.

 

Дасторкон кең жайылып,

Тамак аттуу жайнаптыр.

Көрө сала мамалак

Бир четинен аймаптыр.

 

Уят! – десе энеси,

Сөзүн укпай коюптур.

Андан кийин мейманга,

Түк ээрчитпес болуптур.

 

Ал эми эстүү улактын жоругучу:

Эчкинин көк улагы,

Энесинен сурады:

— Мага дагы сага окшоп,

Эки мүйүз чыгабы?

 

— Чыгат! – дептир энеси,

Тилимди алып, чөп жегин.

Маалы менен тамакты,

Кежирленбей көп жегин!

 

Энесинин айтканын,

Эстүү улак угуптур.

Энесине окшошуп,

Эки мүйүз чыгыптыр.

Балдар психологиясын терең түшүнгөн, балдар тилинин өзгөчөлүгүн кылдат баамдай билген бул акындын «Коён менен абышка» деген ырын өзгөчө бөлүп айтаар элем. Ак коён менен кара коёнун сатмакчы болуп, базарга жөнөгөн абышканын жолдо калчу жоругу окурманды «бырс» күлдүрөт. Алабарман карыя «бизди сатпачы!» десе да болбой, коёндоруна жасаган орой мамилесинен улам экөөсүнөн тең айрылат. Эпизод эң элестүү сүрөттөлгөн. Ырдын бүтүшү да кызыктуу:

Чал базардан калыптыр,

Кармай албай коёнун.

Коён качып кеткен соң,

Бүттү менин жомогум!

Макаламдын башында «үйдүн эшиги менен төрү» тууралуу бекеринен айтпадым. Акындын менин колума тийген жаңы китеби «Чыңгыз жана чындык» деп аталат. Улуу жазуучубуздун көркөм дүйнөсүнөн алган таасирлери, ой жүгүртүүлөрү, ыр кайрыктары окурманды түрлүү-түркүн ойлорго жетелейт.

Жер-Энени дале каптайт,

Согуштардын кайгысы.

Залимдерге тийсе деймин,

Толгонайдын каргышы.

 

же,

Барда – барксыз, жокто – баасы асманда,

Дайра бойлоп, кошуучтап суу татканда…

Суунун баркын Кирискиден сурап көр,

Сууга зарлап, жерлер какшып жатканда.

 

же,

Адам болуу чынында кыйын экен,

Караөзгөйлөр бар болсо адаштырган.

Тарбиялайт маңкурттар маңкурттарды,

Энесине жаа огун кадап турган.

 

же,

Ач кыйкырык, капкара түтүн бүркүп,

Поезд барат батышка күшүлдөгөн.

Майсалбек! – деп Толгонай жыгылганда,

Жер-Эненин жүрөгү дүкүлдөгөн.

Акындын бул китеби өзүнчө эле кара сөздүн ырга айланган поэтикалык жыйнагы десек болот. Анткени, мында Махабат, Табият, Тагдыр бардыгы ширелишип, күр жайлоонун жайкы сүрөтүн элестетет.

Кара булут кусалыктай түнөргөн,

Жашың төгүп, чыгар эми бугуңду.

Жеңилдейин тоонун салкын желиндей,

Мен да жазып ичке толгон ырымды.

(«Жайлоодо»)

 

Көктөгү жылдыздарга эрегишип,

Тоолордон оттор жанат бүлбүл этип.

Башына тебетейин баса кийип,

Баратат аскалар да үргүлөшүп.

(«Түндө»)

 

Булбулдун үнү керемет,

Сабыр кыл, курбум аз убак.

Көйкөлгөн гүлдүү жийденин,

Көкүлүн шамал жапырат.

(«Жай түнү»)

 

Асмандагы ак булуттар,

Алыс-алыс чубалат.

Жерге түшкөн көлөкөсүн,

Жүргүм келет кубалап.

(«Ак булуттар»)

Булар түрмөк ырлардын азганакай гана кайрыгы. Контексттен үзүндүлөр. Кызыкдар окурман китепке үңүлүп окуса, дагы да учкул ойлорго кабылары белгилүү. Элет жеринде карапайым турмуш кечирип, бирок санжыргалуу көркөм табитин окурмандарына алтын чачыла кылып чачкан бул акынга «бали-бали!» деп айтпай коё албайсың. Ак эмгеги үчүн адилет баага арзып, наам-сыйлыктарга татыктуу болчу адамдар өткөрө жупуну, өткөрө сыпайы болорун эл билет. Ошондой сейрек адамдардын бири – мен баятан сөз кылган – Амангелди Мисиров. Мен бар болгону – калемдеш замандашы катары көңүлүмдөгүнү жашырбай айттым. «Жакшы тилек – жарым ырыс» дечү беле.

Токтосун Самудинов,
«Байчечекей» журналынын башкы редактору

 

Бөлүшүү

Комментарийлер