«АКЫЛМАН» ЛИЦЕЙИНЕ КАБЫЛ АЛУУНУН БИРИНЧИ КҮНҮНДӨ 13 МИҢ БАЛА КАТТАЛДЫ
- 11.05.2024
- 0
Бүгүн, 11-майда “Акылман” президенттик лицейине 6-класстар арасында кабыл алуу Нарын жана Ош облустарында, Ош шаарында өткөрүлүп, 13миң окуучу катталды.
2024-2025-окуу жылына карата “Акылман” президенттик лицейине 6-класстын бүтүрүүчүлөрү үчүн конкурстук тандоо үч турдан турат. Биринчи тур 11-13-май – онлайн тестирлөө, экинчи тур 20-24-май – онлайн тестирлөө аркылуу болсо, үчүнчү тур 27-майдан 2-июнга чейин оффлайн форматта өткөрүлөт.
Биринчи турдун жыйынтыгы 17-майда саат 17:00дө окуу жайдын Telegram каналына жарыяланат.
Лицейге кабыл алуу конкурстук негизде жүргүзүлүп, тандоого жеке менчигине жана тибине карабастан Кыргыз Республикасынын жалпы билим берүү уюмундарынын 6- жана 8-классынын алдыңкы окуучулары катыша алат.
8-класстар арасындагы тандоо 15-майдан 25-майга чейин жүргүзүлөт.
Айгерим Токтобаева, «кут Билим»
Комментарийлер