«АКЫЛДУУ МЕКТЕП» ДЕГЕН ЭМНЕ?

  • 06.02.2020
  • 0

2018-2040-жылдары Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн Улуттук стратегиясынын алкагында өлкөнү санариптик трансформациялоонун негизги багыттары аныкталган жана ага ылайык “Санариптик Кыргызстан 2019-2023” концепциясы кабыл алынган. Бул документтерде билим берүү системасында конкреттүү иш-чараларды ишке ашыруу пландалган. Алардын катарында “акылдуу мектеп — келечек мектеби” долбоору өзгөчө орунду ээлейт.

Бүгүн биз маалыматтык-коммуникациялык технологиялар коомдун өнүгүүсүн аныктап, багыттаган учурда жашап жатабыз. Санариптик технологияларды эркин колдонуу, түрдүү электрондук булактардан керектүү маалыматтарды таап чыгып анализдөө, виртуалдык чөйрөдөгү карым- катнашты алгалоо сыяктуу көндүмдөргө болгон талап-окутуудагы салттуу жолдорду өзгөртүү муктаждыгына алып келди. Технологиялардын каалаган  түрүн алууга болгон  кеңири мүмкүнчүлүктөр, маалыматтардын ачыктыгы кыргыз жарандарынын дүйнөдөгү дээрлик бардык процесстерде катышууга жол ачат, бирок санариптик инфраструктуранын жана маалыматтык компетенцияларыбыздын жетишсиздиги бул мүмкүнчүлүктөрдү чектеп тургандай.

Эмне кылуубуз керек?

Эң ириде санариптик технологияларды инструменталдык каражат катары окуу процессинин бардык этаптарына киргизүү менен, заманбап маалыматтык технологияларды колдонууну балдар бакчасынан, мектептерден тарта колдонуп баштасак, тиешелүү технологиялык чөйрөнү түзүүгө жетишебиз, жыйынтыгында аттандаштыкка жөндөмдүү кыргызстандыктардын мууну өсүп чыгуусуна шарт түзүлөт. Демек, билим берүү системасын санариптик жактан трансформациялай алсак, билим берүүнүн сапатын жакшыртып, адамдык жана финансылык ресурстарды эффективдүү пайдалануу аркылуу креативдүү ой жүгүртүүчү балдарды тарбиялай алабыз. Аны кантип ишке ашырууга мүмкүн, кантип жетишебиз деген суроолор туулушу турган иш. Мүмкүн ал үчүн велосипед ойлоп табыштын кереги жок, анткени билим берүү багытында кыска аралыкта олуттуу жетишкендиктерди камсыз кылган өлкөлөрдүн өткөн жолун, усулун өрнөк кылуу керек. Сунуш кылынып жаткан жолдордун бири өлкө аймагындагы мектептерди этап этабы менен “акылдуу мектеп” форматына өткөрүүгө багытталган.

Биздин баамдашыбызча, акылдуу мектеп деген терминди көпчүлүк адамдар колдонгону менен анын нагыз маанисин так билген тараптар аз экендигин жалпы байкоо көрсөтүп турат, анын кээ бир гана элементтерин көрүп, фрагментардык элестетүү аркылуу, ар ким өз түшүнүгүнүн алкагында гана түшүнүп жаткандай. Буга байланыштуу, акылдуу мектептин түпкү мааниси кандай, ал кандай компоненттерден турушу керек, жана бул багыт бизге эмне берет деген суроолорго жооп издөө максатка ылайыктуудай сезилет. Ушул логикага таянып, төмөндө “акылдуу мектептин” негизги мүнөздөмөлөрүн көрсөткөнгө аракет жасадык.

Мектеп бир нече компоненттерден турат, жана ошолордун баарынын топтому болгондо гана толук кандуу акылдуу мектеп деп аталганга негиз болот.

Биринчиден, мектептин өнүккөн билим берүү-технологиялык инфраструктурасы болушу шарт. Башкача айтканда мектеп, лабораториялык комплекстер, компьютердик класстар, кошумча билим берүү жана дистанттык билим берүү борборлору, спорттук-ден соолукту чыңдоочу инфраструктура, электрондук билим берүү ресурстарына, китепканаларга аралыктан кошулуу мүмкүнчүлүгү бар медиа-борбор, интернетке эркин чыгуу (WI-Fi) зоналары бар комплекс болушу керек.

Буга улай эле, мектептеги предметтик кабинеттер IT-структурасы бар студия-кабинеттер сыяктуу интерактивдүү каражаттар, интерактивдүү тестирлөө системалары, интернет жана модулдук эмеректер менен камсыздалган болушу кажет.

Мектепте инварианттык, б.а. социалдык-гуманитардык, табигый-илимий, физика-математикалык жана башка багыттарды эске алуу менен түзүлгөн ийкемдүү профилдер системасы иштеши керек.

Мектептин негизги билим берүү программасында эки-үч тил үйрөнүүнү пландаштырган интеграцияланган кластерлер болот.

Мектеп программасы кошумча билим берүүнүн вариативдик жана көп түрдүү системасын (илимий-изилдөө, спорттук, көркөм-эстетикалык багыт ж.б.) камтышы керек.

Эң негизги талаптардын бири катары билим берүү процессин уюштурууда бир нече модулдан турган бирдиктүү комплекстүү башкаруу системасы (Web-платформа) болушун айтабыз. Мисалы, интернет-система: 1) коомчулукту жана ата-энелерди кабардар кылууга багытталган ачык платформа, сайт; 2) электрондук журналдар, электрондук күндөлүк, sms-жөнөтүү кызматы ж.б.; 3) педагогдор тарабынан электрондук окуу материалдарын даярдоого мүмкүндүк берген платформа, компетенция, “мугалимдин виртуалдык кабинети”, окуучулардын билим жыйынтыктарын топтоо системасы ж.б.

“Акылдуу мектеп” ошондой эле балдардын коопсуздугун, окуучулардын мектепте болуусун жана тамактануусун биометрикалык өткөргүч системасынын негизинде камсыздайт. Аталган система окуучунун мектепке келип кетүүсүн электрондук журнал менен бирдикте көзөмөлдөйт.

Демек, ушулардын баарын эске алуу менен “акылдуу мектеп” программасын ишке ашыруу үчүн төрт артыкчылыктуу багыттагы милдеттер чечилиши керек деген ойдобуз:

Биринчи багыт — электрондук билим берүү чөйрөсүн түзүү (E-environment). Акылдуу мектепте чыныгы электрондук чөйрөнүн болуусу абзел. Ал үчүн мектеп эң алды менен заманбап санариптик окутууга жана электрондук башкарууга толук мүмкүндүк берген ылдам интернетке туташкан болушу шарт. Албетте, аны менен бирге эле компьютердик жана мультимедиялык каражаттар, тармактык инфраструктура менен камсыздоо зарыл. Демек, мектепте:

  • Кеминде бир же эки стандарттык компьютердик/мультимедиялык класстын;
  • класстарда, административдик бөлүмдө жана усулдук каанада электрондук журналды жүргүзүү мүмкүнчүлүгү бар, билим берүү муктаждыктары үчүн керектүү өлчөмдөгү интернетке туташкан компьютерлердин;
  • окуучулардын интернет менен иштөөсүн толук кандуу камсыз кылуу үчүн WI-FI зоналарынын бар болуусу конкреттүү коюлган максаттарды чечүүгө мүмкүндүк берет;
  • ар бир предмет боюнча атайын жабдуулар менен камсыздалган лабораториялар окуучуларды практикалык көндүмдөргө үйрөтүүгө өбөлгө түзүүчү негизги шарт болуп эсептелет.

Экинчи компонент — окуу процессинде санариптик маалыматтык технологияларды колдонууну билген педагогдордун болушу. Электрондук окутуучу (E-teacher).

Бүгүн окуу процессинде компьютердик технологияларды колдонуу муктаждык болуп калды. Ал үчүн мугалимдин маалыматтык-компьютердик технологияларды колдонуудагы компетенттүүлүгү маанилүү, бул багытта ал:

  • Мектептин маалыматтык-билим берүү чөйрөсүн калыптандыруу процессинде активдүү катышуусу;
  • сабакты сапаттуу жана жеткиликтүү өтүү үчүн заманбап техниканы колдоно билүүсү;

– компьютердик технологияларды маалыматты башкаруу каражаты катары колдонуусу жана интернет айдыңында эркин иштөөсү зарыл.

Ошондой эле учурдун педагогу:

– электрондук почтанын, билим берүү порталдарынын, сайттардын, түрдүү билим берүүгө тиешелүү платформалардын мүмкүнчүлүктөрүн жана вебинарлар, форумдар, чат-конференцияларга катышуунун негиздерин таасын билүүсү керек;

– керектүү он-лайн ресурстарды, электрондук окуу базаларын, алардын дидактикалык мүмкүнчүлүктөрүн билип, аларды колдонуусу абзел;

– керек болсо, дистанциондук окутуу методикасын да билүүсү учурдун талабы болуп калды. Анткени мугалимдер бүгүн, даяр материалдарды керектөөчү эле эмес, чыгармачылык менен интерактивдүү окутуу комплекстерин да жасаган кесипкөй адис болушу керек. Мүмкүн бул үчүн атайын платформанын болуусу максатка ылайык. Албетте, бул компетенцияларга мугалим өз алдынча жетише албайт, бул багытта атайын иштелип чыккан модулдардын, алардын негизинде кесиптик квалификацияны жогорулатуучу курстарды уюштуруу зарыл. Булар менен катары эле мугалимдердин стимулдоочу фондунан ИКТ сертификаты бар, жана ал көндүмдөрдү сабак өтүүдө колдонгон мугалимдер үчүн кошумча төлөмдөрдү төлөп берүү мүмкүнчүлүгүн караштыруу да керектир.

 

Үчүнчү компонент — окутуунун заманбап дидактикалык каражаттарын түзүү, компетенттүүлүккө багытталган окуу процессин уюштурууда санариптик технологияларды колдонуу. Электрондук окутуу (E-learning).

Бул компонент ачык билим берүү ресурстары болуусун талап кылат. Ал жерде окуучулар үчүн кошумча өнүктүрүүчү материалдар жайгаштырылат. Электрондук ресурстарды каалаган учурда, сабактан сырткары материалдарды даярдоо үчүн колдонууга болот жана мугалим даяр материалдарга таянып, сабактын мазмунуна жараша аталган ресурстарга шилтеме берүү аркылуу кошумча тапшырмаларды коё алат. Билим берүү ресурстарындагы материалдар роликтер, клиптер, сүрөттөр менен коштолуп, негизги максаты материалдын түшүнүктүү, кызыктуу болушун шартташы керек. Аны менен бирге эле окуучулардын таанып билүүгө болгон кызыгуусун арттырып, өз алдынча материал менен иштөөгө, аны табууга болгон аракетин өстүрүп, “компьютердик сабаттуулугун” жакшыртууга жардам берет.

Бул багытта электрондук окуу китептерин даярдоо дагы өтө чоң мааниге ээ. Даяр окуу материалдарын санариптик форматка өткөрүп, предметтик стандарттарга керектүү өзгөртүүлөрдү киргизүү аркылуу интерактивдүү он-лайн китептерди даярдоону стимулдоо керек.

Төртүнчү компонент — билим берүүдө электрондук башкарууну жана электрондук тейлөөнү ишке ашыруу. Электрондук тейлөө (E-services)

Бул компонент төмөндөгү элементтерден турат:

Мектептин Веб-сайты. Коомчулукту жана ата-энелерди кабардар кылууга багытталып, мектеп жөнүндө толук маалыматты, ишмердүүлүгү боюнча баяндамаларды камтыган ачык платформа, сайт, веб-ресурс.

Электрондук күндөлүк/журнал. Программа ар бир окуучунун жетишүүсү, катышуусу жана башка отчетторду даярдоону жеңилдетет жана мугалимдер менен ата-энелердин ортосундагы ыкчам байланышты камсыздайт. Системага кирүү кадимки компьютерден браузердин жардамы менен жана мобилдик тиркеме аркылуу ишке ашырылат.

1-класска электрондук каттоо – система мектепке каттоо процессин электрондук форматта жасоого багытталган, ал ата-эненин түйшүгүн жеңилдетип, түрдүү коррупциялык тобокелчиликтердин алдын алат.

Мектептин китеп фондун электрондук көзөмөлдөө. Китепканачы ар бир окуу китебинин электрондук базасын түзүп, система аркылуу китептердин кыймылын контролдоп, канча китеп керек, кимдин колунда жүрөт деген маалыматтардын баарына эгедер болуу менен китеп фонду жөнүндө так маалыматы болот.

Билим берүүнү башкаруу маалыматтык системасы. Система окуучулардын, мугалимдердин маалыматтарын, мектептин материалдык-техникалык камсыздалышын, айталы, эмеректердин, компьютерлердин саны, мультимедиялык техника жана спорт каражаттары менен камсыз болгондугу жөнүндөгү жалпы маалымат базасын камтыйт. Бул өз учурунда “Түндүк” системасына кошулуу менен, маалыматты ыкчам алууга өбөлгө түзүшү керек.

Билим берүү системасындагы кызматкерлерге айлык маянаны чегерүү процессин автоматташтыруу.

Бул система борбордук аппараттын жана райондук бөлүмдөрдөгү эсепчилерге айлык акыны, кошумча төлөмдөрдү жана башка төлөм түрлөрүн автоматтык режимде эсептөөгө мүмкүндүк берет. Ошондой эле айлык маянага байланышкан маалымкаттарды алуу да оңойлойт.

Билим берүү мекемелерин электрондук аккредиттөө. Программалык камсыздоо аккредитациялык процедураларды аралыктан (дистанциондук) өтүүнү камсыздап, коррупциялык тобокелчиликтин алдын алууга жардам берет.

Корутундулап айта турган болсок, жогоруда келтирилген шарттардын, атайын техникалык жабдыктардын анан да эң маанилүүсү санариптик сабаттуу мугалимдин болуусу келечек мектебин түзүүгө мүмкүндүк берет. Учурда Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан мектептин модели иштелип чыгып, жыл ичинде 10 мектептин мисалында ишке ашыруу планы кабыл алынды жана иштер башталды

Расул Абазбек уулу, Билим берүү жана илим министринин кеңешчиси

 

Бөлүшүү

Комментарийлер