Акылбек Жапаров: «ОшМУ — биздин өлкөнүн сыймыгы»

  • 31.05.2024
  • 0

Ош мамлекеттик университетинин 85 жылдыгы өтүүдө.
Салтанатка КР Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров, ЖК депутаттары, билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева ж.б. алыскы жана жакынкы чет өлкөлүк коноктор катышууда.

Акылбек Жапаров: "ОшМУ - биздин өлкөнүн сыймыгы"

Мааракеге арналган форумдун алдында «Келечек муундун ХАБы» борбору ачылып, андан кийин «Шаарларды жана аймактарды туруктуу өнүктүрүү жаатындагы долбоорлор жана инновациялар» аттуу көргөзмө менен уланды.

Борбордун ачылуу аземине Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров, билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева, Кытай Эл Республикасынын КРдеги элчиси Ду Дэвэнь, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, Кытайдагы Jiangsu Huibo Robotics компаниясынын жетекчилери, чет өлкөлөрдөн келген коноктор катышты.

Jiangsu Huibo Robotics компаниясы менен биргеликте ачылып жаткан Борбор Азия аймагында жана Шанхай Кызматташтык Уюмуна кирген мамлекеттердеги эң биринчи лабораториялык борбор болуп саналат. Бул борбор Кыргызстан үчүн гана эмес коңшу өлкөлөрдөгү робототехника тармагынын өнүгүүсүнө салым кошорун төрага Акылбек Жапаров белгиледи.

Акылбек Жапаров: "ОшМУ - биздин өлкөнүн сыймыгы"

ОшМУ тарабынан бөлүнгөн 500 чарчы метр аянтчага компания тарабынан робототехникалар, керектелүүчү жабдуулар алып келинди. Жалпы лабораториялык борборго 7 млн. АКШ доллары өлчөмүндө инвестиция тартылган.

Борбордун алдында 2024-2025-окуу жылында ОшМУнун математика, физика, техника жана информациялык технологиялар институтунун базасында Кытайдагы бир университет менен биргеликте мехатроника жана робототехника адистиги боюнча 1-курска бакалаврга студенттер кабыл алынат. Аны менен катар жеткинчектер жана мектеп окуучулары үчүн робототехника курстары ачылат. Роботехника адистигин аяктаган бүтүрүүчүлөрдү жергиликтүү жана эл аралык өндүрүш тармагында иш алып барган компанияларга жумушка орноштуруу да пландалган.

Акылбек Жапаров: "ОшМУ - биздин өлкөнүн сыймыгы"

“Бул борбор, биринчиден, студенттердин билим алуусу үчүн окуу лаборатория болсо, экинчиден, окуу-өндүрүштүк борборго айланат. Робототехникага кызыккан балдарыбызды кичинесинен тартып ушул жерде курстарга катыштырып, тажрыйба топтотуп, андан кийин бакалавр баскычында билим алуусуна шарт түзгөн тажрыйбаны жасайлы деп жатабыз. «Келечек муундун ХАБы» бүгүнкү күндө дүйнөнүн талабына туура келген заманбап борбор болуп калат деп ишенем”, — деди ректор Кудайберди Кожобеков.

Борбор жасалма интеллект, робототехника, маалыматтык технологиялар боюнча билим, илим, практика айкалышкан, педагогдор, эксперттер, инженерлер, бизнесмендер жолугушкан, студенттер үчүн заманбап билим чөйрөсү болот.

Акылбек Жапаров: "ОшМУ - биздин өлкөнүн сыймыгы"

2024-жылдын апрель айында Кытайдын Сучжоу шаарында Jiangsu Huibo Robotics компаниясы менен ОшМУнун ортосунда эки тараптуу кызматташуу келишимине кол коюлган.

Форумдун ачылышында сөз сүйлөгөн Акылбек Жапаров окуу жайдын акыркы жылдары жасап жаткан ушуга окшогон иштерине кенен токтолуп, ОшМУ мамлекет түзүп берген мүмкүнчүлүктү эң жогорку деңгээлде пайдаланып жатканын баса белгиледи.

Акылбек Жапаров: "ОшМУ - биздин өлкөнүн сыймыгы"

— Заман бизге жаңы талаптарды коюп жатат. Президент беш ЖОЖго эркиндик берип, өз алдынча өнүгүүгө жол ачты. ОшМУнун алгачкы ийгиликтери бар. Муну биз баса белгилебесек болбойт. ОшМУ мындан ары да жаштарга эң жогорку мүмкүнчүлүктөрдү түзүп бериши керек, — деди А. Жапаров.

Чолпон Кийизбаева, Бишкек–Ош

Бөлүшүү

Комментарийлер