АКЫЛБЕК ЖАПАРОВ: «ИЛИМИЙ ЧӨЙРӨ ЖОЖДОР МЕНЕН ИНТЕГРАЦИЯЛАНЫШЫ КЕРЕК

  • 28.02.2023
  • 0

АКЫЛБЕК ЖАПАРОВ: "ИЛИМИЙ ЧӨЙРӨ ЖОЖДОР МЕНЕН ИНТЕГРАЦИЯЛАНЫШЫ КЕРЕК

Улуттук илимдер академиясы жабылбайт, болгону эки институту эки жогорку окуу жайга кошулуп, калган он бири мамлекеттик университеттер менен интеграциялашып иштейт. Бул тууралуу бүгүн Улуттук илимдер академиясында өткөн жыйында Министрлер  Кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров билдирди.

АКЫЛБЕК ЖАПАРОВ: "ИЛИМИЙ ЧӨЙРӨ ЖОЖДОР МЕНЕН ИНТЕГРАЦИЯЛАНЫШЫ КЕРЕК

КР Президенти Садыр Жапаров 16-февралда өлкөнүн туруктуу өнүгүшүнө илимдин салымын жогорулатуу максатында атайын жарлыкка кол койгон. Ага ылайык Улуттук илимдер академиясынын Түштүк бөлүмүнүн гуманитардык жана региондук изилдөөлөр институту Ош мамлекеттик университетине, Академик Дж. Алышбаев атындагы Экономика институту менен Энергетика министрлигине караштуу Энергетика жана экономика илимий-изилдөө институту Кыргыз экономикалык университетине кошулса, академиянын он бир илимий изилдөө институту мамлекеттик жогорку окуу жайлары менен интеграцияланат. Акылбек Жапаров илимий чөйрөнү Илимдер академиясын жоюп жатат деген түшүнүктөн алыс болууга чакырып, мамлекет жетекчилигинин эмне себептен мындай кадамга барып жаткандыгын түшүндүрүп берди.

  • Биз ар бир жарлыкты текшерип, анализдеп макулдашып анан кол коёбуз. Бул чечим да жөн эле жерден чыккан жок. Академия толугу менен жоюлуп жатат дегенден алыс бололук. Биздин текшерүүчүлөр академиянын Түштүк бөлүмүнүн гуманитардык жана региондук изилдөөлөр институтун дыкат текшерип чыкты. Ал жакта иштегендердин 80 пайызы 0.5 ставкада экен. Калганы ОшМУда иштейт экен. Анда биротоло ошол жакта иштешсин деп кошуп берип жатабыз. Азыр бүт экономика илимине байланыштуу иштердин баарын  Кыргыз экономикалык  университетине топтоп жатабыз. Дж. Алышбаев атындагы Экономика институтун да ошол жакта иштегиле дедик. Беш ЖОЖго өзгөчө макам бердик. Алар сиздердин лабораторияларды каржылап бере албайбыз дешти. Ошондуктан калган институттарды университеттерге бекитип бердик. Эч бирин жапкан жокпуз. Мисалы, Геомеханика жана жер казынасын өздөштүрүү институтун, Геология институтун, Машина таануу жана автоматика институтун, Жаратылыш ресурстары институтун Кыргыз мамлекеттик техникалык университетине бекитип бердик. Биздин алдыга койгон максатыбыз Кембридж сыяктуу университетке айлануу, — дейт А.Жапаров.
Бөлүшүү

Комментарийлер