Акылбек ЖАПАРОВ: «ДҮЙНӨНҮН ЭҢ МЫКТЫ ТАЖРЫЙБАЛАРЫ МЕНЕН ӨНҮГӨЛҮ»

  • 14.04.2023
  • 0

Акылбек ЖАПАРОВ: "ДҮЙНӨНҮН ЭҢ МЫКТЫ ТАЖРЫЙБАЛАРЫ МЕНЕН ӨНҮГӨЛҮ"

(Билим берүү жана илим концепциясынын долбоорун талкуулоо боюнча форумда сүйлөгөн сөзү. 6-апрель, 2023-жыл.)

Биз бул форумга жаңы дайындалган билим берүү жана илим министри Каныбек Иманалиевдин суранычы боюнча келип отурабыз. Өлкөдөгү билим берүүнүн сапаты, абалы, мүмкүнчүлүктөрү, келечеги кандай экенин, ошондой эле илим боюнча бир топ боштуктарыбызды өзүңүздөр абдан жакшы билесиздер. Ошолор жөнүндө сөз кылалы. Президент Садыр Нургожоевич Каныбек Капашовичти министрликке дайындап жатканда, мамлекетти келечегин баса турган, баарынан басып өтүүчү альфа муунга кандай билим, тарбия беребиз? Бул багытта жаңы концепция, жаңы стратегия алып келиңиз, — деп тапшырма берген. Ага Каныбек Капашович бир айда даяр кылам деп сөз берген. Бул убакытта көп жерди кыдырганга аракет кылды, өзүнө коомдук кеңешчилерди алды, концепциянын долбоорун иштеп чыкты. Демек, болгон аракетин жасап жатат деп ишенем. Бүгүнкү форумду Кыргыз Республикасынын билим берүү системасын реформалоонун багыттары боюнча жаңы концепциянын долбоорунун биринчи талкуусу деп ойлойм. Бул долбоор дагы талкууланат жана талкууланышы керек. Жыйынтыгында Президентке кол коюуга барат.

 

ТАПКАН КАРАЖАТЫБЫЗДЫН БААРЫ ӨНҮГҮҮГӨ ЖУМШАЛАТ

Президенттин эң биринчи Жарлыгы инсандын руханий-адеп-ахлактык өнүгүүсү жана дене тарбиясына арналган. Былтыр 4-апрелде филармонияда: “Балдарыбыздын ден соолугу чың, эң жогорку деңгээлдеги билимге жана көндүмгө ээ болуп, глобалдык коомдогу башка куракташтары менен теңата атаандашууга жетишип, 21-кылымдын орто ченинде өздөрүн өтө ишенимдүү сезиши керек” деп айткан эле. Бул бийик максаттын үстүндө бел чечпей иштешибиз керек. Ооба, баары каражатка барып такаларын билебиз. Президенттин бизге берген бул тапшырмасын аткарып жатабыз. Былтыр эл аралык уюмдардын Кыргызстанга берген терс прогноздоруна карабастан, макроэкономикада, бюджетте чоң жетишкендиктер болду, быйыл да сакталып жатат. Ички дүң продукциябыз 1 трлн жакындады, эки жылда 317,6 млрд сомго же 1,5 эсеге өстү. 6-7% туруктуу өсүштү кармап жатабыз. Консолидацияланган бюджетибиз 438,1 млрд сомго жетти, номиналдык өсүшү 190,6 млрд сомго же 177% түздү. 30 жыл ичинде мындай секириктер болгон эмес. Салык кызматы былтыр 154,6 млрд сом, тапты, эки жылда 260% өсүшкө жетти. Бажы кызматы былтыр 74,3 млрд сом жыйнады. Эки жылда өсүш 260% жетти. Быйыл бажы кызматы 1-кварталда 20,7 млрд сомду чогултту. Бул сумманы мурда бир жылдап араң чогултушчу.

Биз бул табылган каражаттарды толугу менен элге жумшадык. Айлыктарды 50%дан 200%га чейин жогорулаттык. Айыл чарбасына, коргонууга, техникаларга жумшадык, ири курулуштарга кириштик. Булардын ичинен билим берүүгө 84 млрд сомго чейин жумшалып жатат: 60 млрд сом — Билим берүү министрлигинин бекитилген бюджети, анын ичинде айлыктары да отурат. Курулуштарга болжолдуу – 6 млрд сом, 12 млрд – кредит-гранттар.

2021-жылы билим берүүгө 34,5 млрд сом каралган болсо, быйыл МОНдун бюджети 61 млрд сомго бекитилди. Көрүнүп тургандай 2,5 эсеге көп бөлүп жатабыз.

 

ТУРМУШКА ДАЯРДАБАГАН ПРОГРАММАЛАРДАН АРЫЛАЛЫ

Балдарыбыз үчүн эч нерсени аябайбыз. Бирок биз кечээки жана бүгүнкү билимге окутуп жатабыз. “Бала уядан эмнени көрсө, ошону алат” дейт. Концепцияда үй-бүлө институту да унутта калбоого тийиш. Бала ата-энеси менен чогуу жашашы керек. Баланы ата-эне менен бирге тарбиялайбыз. Дүйнө жүзү катуу жана тез өзгөрүп жатат. Мезгил бизден балдарыбызды эртеңки билимдерге окутуп, эртеңки жашоосуна даяр кылуубузду талап кылып жатат. Балага жаңы билимге жетүүсүнө түрткү берүүбүз парз. Бала 11-12 жыл мектепти окуп бүткөндө 110 баллга жетпей калса да, бир көндүмгө ээ болуп чыгып, үй-бүлөсүн багып, турмуштун агымына кирип кеткендей болушу кажет.

Ал үчүн башталгыч кесиптик билим берүүнү түп-тамырынан өзгөртүү зарылдыгы бар. Мисалы, Америкада 18 айда баланы бир көндүмгө же бизче айтканда бир кесипке ээ кылууга милдеттүү жана өнөргө ээ болгондон кийин бир жерде сөзсүз түрдө иштеп калуусуна кепилдик беришет. Биздин жогорку окуу жайларда контракт чогултканды эле билишет. Ал эми баланын андан кийинки тагдыры менен эч кимдин иши жок. Окуткан билимибиз балага кепилдик берген көндүм бериши керек.

Дүйнөлүк банк китепке конкурс жарыялап, “өзүңөр жазгыла” дейт. Мен айтат элем: биз аны башыбыздан өткөрдүк, китептер, программалар сапатсыз, балага кызыксыз, башкысы – натыйжа жок. Мындан ары андай болбойт! Дүйнөлүк эң мыкты программалардан алуу керек. Жакшы натыйжаларды берген, колдон түшкүс болгон мыкты китептерди бизге котортуп, колдонууга коркпой киргизүү зарыл. Донорлор, бизге дал ушундай сунуштарды бериңиздер. 11 жыл окуса да, балдарыбыз англисче сүйлөй албаган программалардын же окуу китептердин бизге эмне кереги бар?!. Бүгүнкү форумга көптөгөн донорлор катышып отурат. Мен аларга биз Кембридж университетинин программаларын сатып алууга даяр экендигибизди билдирем.

Бүгүн бизде авариялык абалда 248 мектеп бар. Буйруса, окуганга жарабай турган мектептердин курулуштарын 2-3 жылда бүтүрөбүз. Мугалимдер үчүн бардык шарттар түзүлөт. Аларды кайра даярдоодон өткөрөбүз. Туура, Концепцияда бала бакча, мектептик билим, баштапкы кесиптик билим, жогорку билим, илим баскычтары болушу керек. Бирок Концепция бала бакчадан эмес, ошол баланы тарбиялай турган мугалимден, квалификацияга даярдоо жана кайра даярдоонун программасынан башталууга тийиш.

Ч.Айтматов айткандай, “Таланттуу мугалим менен таланттуу балдардын кездешкен жери – мектеп” болушу парз. Кейиштүүсү, 30 жылда биз таланттуу мугалимдерди жоготуп алдык. Анын айынан 2009-жылдан бери PISAдан качып жүрөбүз! Муну Билим берүү жана илим министрлиги келечекке кооптуулук жаратуучу сигнал катары кабыл алган жок. Ага карата тийиштүү чараларды да жетиштүү көрүшпөдү. Аракетсиздиктин айынан, натыйжа чыкпады. Жалпы республикалык тестирлөөнүн жыйынтыктары боюнча айтсак, 110 балл босого чектен өтө албагандар көбөйдү. 2022-жылы тестке катышкан балдардын ичинен 57% жарымынан көбү 110 баллга жетпей калган. Эң кейиштүүсү – биз таланттуу мугалимдерибизди жоготтук.

 

БАЛДАРЫБЫЗДЫН КЕЛЕЧЕГИН УУРДАБАЙЛЫ

Отуз жылда жетекчилерди байма-бай алмаштырып, айрымдарын качырып, балдарыбыздын эртеңки келечегин уурдап алдык! Анткени лидерлердин баары жеке кызыкчылыкты көздөгөн саясий реформа менен гана алек болуп калды. Бул биздин эң чоң катабыз! Экономика дагы, билим берүү, маданиятыбыз дагы – баары каралбай калды. Советтер Союзунан калган базабызды, мүмкүнчүлүктөрүбүздүн баарын түгөттүк!

Антуан де Сент Экзюперинин “Пикирлеш адамдар деп бир столго олтуруп бири-бирин карагандарды эмес, бир багытты, максатты көздөгөндөрдү айтышат” деген жакшы сөзү бар. Ошол сыңары, бүгүн билим берүүгө эскиче эмес, жаңыча караган тилектештер чогулдук деп ойлойм.

Биз да байыркы Кытайдын кризиске бир жагынан коркунуч, бир жагынан жашыруун жаңы мүмкүнчүлүк катары караган улуу философиясынын маанисин так түшүндүк. Кытай эли биздин заманга чейин 500 жыл мурда жашаган Конфуций идеясы менен жашап келе жатат. Биз саясатты, экономиканы, бардык тармактарды мүмкүнчүлүктөр катары карайбыз. Билим берүү тармагында дагы мүмкүнчүлүктөр пайда болду. Ошону туура колдонушубуз керек. Бүгүнкү форум жаңы мүмкүнчүлүктүн башталышы болот деп эсептейм.

Планетада төртүнчү өнөр жай революциясы күч алды. Анын натыйжасында пайда болгон технологиялык жана социалдык өзгөрүүлөргө туруштук берүү үчүн өмүр бою билим алуунун зарылдыгы келип чыкты.

Азыр печаттап басып чыгарып жаткан дипломдор эмес, көндүмдөр келечектин чындыгы болот. Стартаптар жана бизнестин жаңы моделдери – салттуу билим берүү мекемелерин жана учурдагы стандарттарды бузуп жатат.

Индустрия 4.0 моделинин талабы боюнча адам өмүр бою үзгүлтүксүз билим алуу керек. Бул деген төрөлгөндөн карыганга чейин билим алат дегенди түшүндүрөт. Керектөөлөрдүн эволюциясы өзгөрдү. Окуучунун талабы биринчи орунга чыкты. Балага эмне керек, ошого окутуу зарыл. Жаңы технологиялар жана бизнес моделдерине даяр болуу– мезгил талабы. Баарынын башында – көндүм турат. Анткени көндүмдөр ар кандай даражадан бийик.

 

КЕЧЭЭКИ ЖАНА БҮГҮНКҮ ТУРМУШКА ДАЯРДАСАК АРТТА КАЛАБЫЗ

Булар менен бирге дүйнөдө технология эбегейсиз ылдамдык менен өнүгүүдө. IT адистери экономиканы багындырууда. 15 млн операцияны бир секундда жасаган кванттык компьютерлер келе жатат. Балдарды компьютер менен иштетүүгө үйрөтөлү. Америкада үй кызматчы аял дагы компьютердик көндүмү бар болсо, 98% жумуш таап кетет экен. Бизде да дал мына ушундай болушу керек.

Президенттин Жарлыгы менен беш университетке улуттук статус берилгенин жакшы билебиз. Тилекке каршы, бүгүнкү күнгө чейин жылыш жок. Баары эскиче. Биз дагы деле күткөнгө даярбыз. Жакынкы айларда жыйынтык болбосо тийиштүү чараларды колдонууга туура келет.

Ушуга эле улай, илимий потенциалыбызды карап көрөлүчү. Азыр беш миңге жакын илимпозу бар Илимдер академиясы, жүзгө жакын жогорку окуу жайларыбыз бар болуп туруп, Билим берүү жана илим министрлигинин маалыматы боюнча, эл аралык басылмаларда болгону 150 эле макала чыкканы таптакыр уят!

Балдарыбыз бакалавр деңгээлинде кенен билим алып, анан адистикке өтөт. Политехникалык университетте, Айыл чарба университетинде бүгүнкү күнгө чейин СССРдин колхоз-совхоздоруна, заводдоруна даярдалчу адистерди дагы деле окутуп жатат. Мен кайсы жаңы ишкананы ачпайын, кайсы ири долбоорду баштабайлы, азыр квалификациялуу адистер жетишпей турганын айтышат. Биз инженерлердин баарын сырттан жалдап келип жатабыз.

Адам баласы дүйнөгө келгенден кийин, биз анын мүмкүнчүлүктөрүн андан беш бетер көбөйтүшүбүз абзел. Билими менен өзүн-өзүн эле эмес, үй-бүлөсүн жакшынакай кылып бага алганга көндүм алдырышыбыз керек.

Дүйнөлүк акыл-эс да, калктын саны да өсүүдө. Өтө жакынкы аралыкта Жер планетасында адамдын саны 9 млрд.га жетет. Ал эми глобалдык климаттык өзгөрүүлөрдүн таасиринен улам 1,5 млрд адамдардын ары-бери жылуусу күтүлүүдө. Азык-түлүк жетишпейт. Жасалма интеллект, роботтор ишке кирсе, он жылдын ичинде бир млрд киши жумушсуз болуп каларын тынымсыз эскертип жатат. Демек, турмуш аябай татаалдашып баратат. Мындан ары да татаалдаша берет. Эгерде биз балдарыбызды кечээки анан бүгүнкү турмушка даярдасак, анда биз катуу жаңылыштык кетирген болобуз.

Айрыкча, биздин өнөктөштөргө кайрыларым, дүйнөдөгү алдыңкы тажрыйбалар менен бөлүшүүгө чакырам. Бардык проблемаларды биз өзүбүздүн мүмкүнчүлүк менен 5-10 жылда чечебиз. Бирок силердин финансылык булактар, алдыңкы технологиялар, сыноодон өткөн такшалган тажрыйбалар, практикалардын жардамы менен биз 3-5 жылда бул көйгөйлөрдү жөнгө салабыз деп ишенем.

Концепция жакшы талкууга алынып, жалпы улуттук келечегибиз үчүн эң мыкты инновациялар кирет деп ишенем.

Бөлүшүү

Комментарийлер