АКЫЛБЕК ЖАПАРОВ БУУНУН БИЛИМ БЕРҮҮНҮ ТРАНСФОРМАЦИЯЛОО БОЮНЧА САММИТИНДЕ СӨЗ СҮЙЛӨДҮ

  • 25.09.2022
  • 0

Министрлер Кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров БУУнун Билим берүүнү трансформациялоо боюнча саммитинде видеоконференция байланышы аркылуу сөз сүйлөдү.

Анда Кабинет башчысы уюштурулган саммиттин мааниси, Кыргызстанда билим берүүгө бөлүнүп жаткан өзгөчө көңүл, учурда агартуу тармагында аткарылып жаткан иштер жана келечекке коюлган перспективдүү пландар тууралуу кеңири кеп козгоду.

Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиев оффлайн катышты.

Белгилей кетсек, Билим берүү жана илим министри БУУнун билим берүүнү трансформациялоо боюнча саммитинде планетардык ден соолук түшүнүгүн билим берүү системасына киргизүү, тоолуу өлкөлөр арасында тоо университетин түзүү тууралуу сунуш киргизип, катышуучулар тарабынан колдоо тапкан.

АКЫЛБЕК ЖАПАРОВ БУУНУН БИЛИМ БЕРҮҮНҮ ТРАНСФОРМАЦИЯЛОО БОЮНЧА САММИТИНДЕ СӨЗ СҮЙЛӨДҮ

Төмөндө Министрлер Кабинетинин башчысынын сөзүнүн текстин келтиребиз:

«БУУ Башкы катчысы Антониу Гутерреш мырзага жана ЮНЕСКОнун Башкы директору Одри Азуле айымга Билим берүүнү трансформациялоо боюнча саммитти уюштургандыгы үчүн ыраазычылык билдиргим келет.

Сапаттуу билим мамлекеттин жана коомдун ийгиликтүү өнүгүүсүнүн негизи экендигин эске алуу менен саммиттин темасы актуалдуу саналат жана өз учурунда көтөрүлүүдө.

Улуттук билим берүү системасын бүгүнкү күндүн реалдуулугуна жооп берген деңгээлге көтөрүүнүн маанилүүлүгүн түшүнүү менен Кыргыз Республикасында олуттуу реформалар жүргүзүлүүдө.

Бүгүнкү күндө өлкөнүн дээрлик бардык мектептери кеңири тилкелүү интернетке кирүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болушту, электрондук китепкананы өнүктүрүү улантылууда, окуучуларга, мугалимдерге жана ата-энелерге жардам берүү максатында билим берүү веб-порталында бардык предметтер боюнча миңдеген видеосабактар бар, билим берүү тутуму 12 жылдык окутуу циклине которулуп жатат.

Биздин өлкө Кыргыз Республикасын 2026-жылга чейин өнүктүрүүнүн Улуттук программасына түздөн-түз интеграцияланган Туруктуу өнүктүрүү максаттарын толугу менен ишке ашырууга умтулат. Жакында адамдык капиталды өнүктүрүүгө, дүйнөлүк коомчулукта заманбап жана атаандаштыкка жөндөмдүү инсанды тарбиялоого жана калыптандырууга багытталган «Билим берүү жөнүндө» Мыйзам жаңы редакцияда демилгеленген.

Мугалимдердин эмгек акысы көптөгөн жылдардан бери быйыл бир топ жогорулатылды, бул кесиптин кадыр-баркынын жана билим берүү сапатынын жогорулашын камсыздайт.

Урматтуу Саммиттин катышуучулары!

Азыркы заманда улуттук билим берүү системасын эл аралык кызматташтыксыз ийгиликтүү өнүктүрүү мүмкүн эмес.

Кыргыз Республикасы ЮНЕСКО менен эл аралык ЖОЖдор аралык кызматташтыкты өнүктүрүүдө жана 2030-жылга чейин Туруктуу өнүгүү үчүн билим берүү боюнча аракеттердин Глобалдык рамкалык программасын ишке ашырууда кызматташат.

Бүткүл дүйнөлүк интеллектуалдык менчик уюму менен бирге республикада “Улуттук инновациялык экосистеманы түзүүдөгү университеттердин ролу” деген темада университет ректорлорунун эл аралык форуму өттү.

Бул Форум өлкөнүн университеттери менен чет өлкөлүк өнөктөштөрдүн ортосунда илимий мектептердин негизинде өнөктөштүк мамилелерди түзүүгө мүмкүндүк берди, өз кезегинде бул илимий жана билим берүү кызматтары рыногундагы үлүштүн өсүшүнө жана интеллектуалдык ишмердүүлүктүн натыйжаларынын атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүнүн жогорулашына алып келиши керек.

Бириккен Улуттар Уюмунун башка мүчө мамлекеттериндей эле, биз билим берүүнү 2030-жылга чейин трансформациялоо жана билим берүүнүн келечегин кайра карап чыгуу маселеси боюнча Улуттук консультацияларды өткөрдүк, анын жыйынтыгында бардык беш маанилүү чөйрөдө, анын ичинде жалпы инклюзивдик билим берүү, билим берүүнүн бардык деңгээлдеринде адам потнциалын калыптандыруу, мугалимдерди даярдоо, санариптик окутуу жана билим берүүнү каржылоо боюнча конкреттүү милдеттенмелер кабыл алынды.

Урматтуу айымдар жана мырзалар,

Жыйынтыктап айтканда, БУУ Билим берүүнү трансформациялоо боюнча саммитин өткөрүлүшү бул маселеге эл аралык деңгээлде көңүл бурулушуна олуттуу таасирин тийгизет жана бүгүн айтылган улуттук милдеттенмелер бул актуалдуу милдетти чечүүгө гана эмес, 2030-жылга чейин №4 Туруктуу өнүктүрүү максаттарын толук ишке ашырууда БУУга мүчө-мамлекеттердин салымы болуп калат деп ишенем.

Көңүл бурганыңыздарга рахмат». (НМ)

Бөлүшүү

Комментарийлер