«АКЫЛ ОРДО» ТАЙМАШЫ

  • 24.01.2025
  • 0

Лейлек районундагы №5 мектептин окуучуларынын өзүн-өзү башкаруу түзүмү тарабынан 5-класстын окуучуларына «Акыл ордо» таймашы уюштурулду.

"АКЫЛ ОРДО" ТАЙМАШЫ

Бул иш-чаранын максаты — окуучулардын акыл-оюн, логикалык ой жүгүртүүсүн жана командалык иштөө жөндөмдөрүн өркүндөтүү. Окуучулар топторго бөлүнүп, ар түрдүү кызыктуу жана кыйынчылыкка толгон тапшырмаларды аткарып, алардын чыгармачылык жана интеллектуалдык жөндөмдөрүн көрсөтүштү.

Маалыматка таянсак, окуучулар акыл-ой жана логика боюнча суроолорду чечишти; ар бир топ өзүнүн ишмердүүлүгүн уюштуруп, биргелешип тапшырмаларды чечүү үчүн аракет кылышты; таймаш өтүшү менен жеңүүчүлөр аныкталып, мектептин сыйлыктары жана грамота менен сыйланышты.

Бул иш-чара мектептин өзүн-өзү башкаруу түзүмүнүн ишмердүүлүгүн дагы бир жолу көрсөтүп, окуучулардын лидерлик жана команда менен иштөө жөндөмдөрүн жакшыртууга жардам берди. Таймаштын аягында бардык катышуучуларга эмгеги үчүн ыраазычылык билдирилди.

«Акыл ордо» таймашы окуучулардын билим алуу процесстерин кызыктуу жана аларды окууга шыктандырып, өз ара түшүнүшүү жана кызматташууну арттырды.

Гүлнара АЛЫБАЕВА, “Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер