АККРЕДИТАЦИЯНЫН ЖЫЙЫНТЫГЫ ЭМНЕНИ КӨРСӨТТҮ?  

  • 22.03.2023
  • 0

АККРЕДИТАЦИЯНЫН ЖЫЙЫНТЫГЫ ЭМНЕНИ КӨРСӨТТҮ?  

Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин Чүй облусундагы билим берүү маселелери боюнча көчмө жыйынында  Билим берүү уюмдарын жана программаларын аккредитациялоонун жыйынтыгы боюнча аталган мекеменин аккредитациалоо секторунун башчысы Бактыгүл Акулова баяндама жасады.

Баяндамачы программалык аккредитациянын жыйынтыгында   Каракол шаарындагы Ыбырай Туманов атындагы мамлекеттик музыкалык окуу жайы   бир жылга шарттуу аккредитацияланганын билдирди. Буга  окуу пландары мамлекеттик стандарттын  талаптарына шайкеш келбегендиги, окуу-методикалык камсыздоонун начар  абалда экендиги,  студенттердин өтүүчү практикалар документтер менен камсыздалбагандыгы, иш берүүчүлөр менен келишимдер түзүлбөгөндүгү, академиялык мобилдүүлүк  боюнча иш-чаралардын жоктугу, студенттерди кабыл алуу талаптарды бузуу менен жүргүзүлгөндүгү өңдүү кемчиликтери себеп болгон.

Коллегияда аккредитациялоонун автоматташтырылган системасы аркылуу каралган 376 арыздын  249у 5 жылга,  62у 3 жылга, 30у 1 жылга шарттуу, 35и боюнча  аккредитациялоодон баш тартылуусу сунуш кылынып, кабыл алынды. Баткен районуна караштуу “Достук” жана Б.Ходжаев атындагы орто мектеби    чек ара чырына байланыштуу (мектептердин имараттары 2022-жылдын 16-сентябрындагы чек ара чыр-чатагында толук өрттөлүп кеткен) министрликтин 2018-жылдын 19-июнундагы   буйругу менен  аккредитациялоонун колдонуу мөөнөтү 1 жылга шарттуу узартылган.

Ошондой эле аккредитациялоонун жыйынтыгында бир жылдык мөөнөткө шарттуу аккредитацияланган жана аккредитациялоодон баш тартылган мектептердеги билим сапатын камсыздоо боюнча Сузак, Кара-Суу, Базар-Коргон, Аксы, Түп, Араван, Өзгөн, Токтогул, Жети-Өгүз  райондук билим берүү бөлүмдөрүнүн билим сапатын камсыздоо боюнча аткарган иштери жетишсиз деп бааланды.

Министрликтин Адам ресурстарын башкаруу боюнча бөлүмүнө Сузак, Кара-Суу, Базар-Коргон, Аксы, Түп, Араван, Өзгөн, Токтогул, Жети-Өгүз райондук билим берүү бөлүмдөрүнүн башчыларына жана аккредитациялоо боюнча адистерине мыйзам чегинде чара көрүү сунушун берүү милдеттендирилди.

Аккредитация учурунда эксперттер аныктаган одоно кемчиликтер:

Мектептин  ички нормативдик документтеринде одоно каталар бар. Айрым иш-чаралар боюнча ички документтер иштелип чыккан эмес жана тиешелүү тартипте бекитилбеген (Мисалы мектептердин аталыштарындагы грамматикалык каталар: Сон-Кол мектеби, Абийбулла Осмоналиев атныдагы орто мектеби, К.Усенбеков аытындагы № 2 Кудургу жалпы орто билим берүү мектеби, «билим беруу» ж.б.). Билим берүү программасындагы мектеп компонентин аныктоодо кызыкдар тараптардын катышуусу жок. Үзгүлтүксүздүк маселеси каралбайт. Окуу-методикалык камсыздоо анализденбейт.

Билим берүүнүн жыйынтыгына анализдер жүргүзүлбөйт. Окуучулардын билимин баалоонун жыйынтыктары боюнча ич-чаралар жок; билим сапаты боюнча динамиканы көрсөткөн материалдар жок, мектеп билим сапаты начарлап же жакшырып бараткандыгын билбейт (предметтер боюнча ички баалоо, ЖРТ, Алтын тамга ж.б.). Көйгөйлөрдү чечүү боюнча иш-пландар жок (бекитилген пландарга өзгөртүүлөр киргизилбейт, стратегиялык планды аткаруу боюнча жыйынтыктар жок) жана пландалган иштин жыйынтыгы каралбайт. Мектеп жетекчилиги ишти баалоо, талдоо жана  пландоо иштерин системалуу жүргүзбөгөндүгүнөн билим сапатын жакшыртуу туңгуюк маселе боюнча калууда.

Аккредитация учурунда эксперттер дагы кандай кемчиликтерди аныктаган

Окуу-тарбия процессинде инновациялык технологияларды колдонууга көңүл бурулбайт.  Мугалимдердин кесиптик чеберчилигин өркүндөтүү боюнча иштер солгун жүргүзүлөт, мектеп өз алдынча квалификацияны жогорулатуу боюнча иш жүргүзбөйт.  Инновациялык технологияларды колдонуу маселелери өзгөчө көңүл бурууну талап кылат. Райондордогу методикалык кабинеттердин мектептерде жүргүзгөн методикалык иштеринин жыйынтыгы эч бир материалда чагылдырылган эмес. Райондун деңгээлинде методикалык сабактардын өтүлүшү жөнүндө маалыматтар жок. Райондук билим берүү бөлүмдөрүнүн, жергиликтүү бийлик органдарынын жана ата-энелердин мектептин өзүн-өзү баалоо процессиндеги ролу  жакшы жолго коюлган эмес. Мектептин ишин ар тараптуу баалоо критерийлери жок. Иштелип чыккан эмес. Системалуу өзүн-өзү баалоо иштери аткарылбай келет. Физикалык жана психологиялык коопсуз билим берүү чөйрөсүн камсыздоо боюнча иш-чаралар солгун жүргүзүлөт. Мектеп директорлорунун IT компетенциялары абдан төмөнкү деңгээлде.

АККРЕДИТАЦИЯНЫН ЖЫЙЫНТЫГЫ ЭМНЕНИ КӨРСӨТТҮ?  

АККРЕДИТАЦИЯНЫН ЖЫЙЫНТЫГЫ ЭМНЕНИ КӨРСӨТТҮ?  

АККРЕДИТАЦИЯНЫН ЖЫЙЫНТЫГЫ ЭМНЕНИ КӨРСӨТТҮ?  

АККРЕДИТАЦИЯНЫН ЖЫЙЫНТЫГЫ ЭМНЕНИ КӨРСӨТТҮ?  

АККРЕДИТАЦИЯНЫН ЖЫЙЫНТЫГЫ ЭМНЕНИ КӨРСӨТТҮ?  

АККРЕДИТАЦИЯНЫН ЖЫЙЫНТЫГЫ ЭМНЕНИ КӨРСӨТТҮ?  

Даярдаган: М. ТОКТОРОВ “Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер