АККРЕДИТАЦИЯЛОО

  • 20.09.2022
  • 0
АККРЕДИТАЦИЯЛОО: УКУКТУК ЧЕНЕМДИК АКТЫЛАРГА ӨЗГӨРТҮҮЛӨРДҮ КИРГИЗҮҮ БОЮНЧА ИШ БАШТАЛДЫ

Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги билим берүү уюмдарын жана программаларын аккредитациялоо тармагындагы укуктук ченемдик актыларга өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча ишин баштагандыгын маалымдайт.

Алар төмөндөгүлөр:

  • билим берүү жаатындагы аккредитациялык агенттиктерди таануунун тартиби;
  • билим берүү уюмдарын жана программаларын аккредитациялоонун тартиби (көз карандысыз агенттиктер тарабынан);
  • Кыргыз Республикасынын аккредитациялануучу башталгыч, орто жана жогорку кесиптик билим берүү уюмдарына коюлуучу минималдуу талаптар.

Жогорку, орто жана башталгыч кесиптик билим берүү уюмдары, аккредитациялык агенттиктер  жана билим сапатын жакшыртууга кызыккан тараптар жогоруда көрсөтүлгөн документтердин мазмунун жакшыртуу максатындагы сунуштарыңыздарды 2022-жылдын 30-сентябрына чейин [email protected] почтасына жөнөтүңүздөр.

Сиздердин сунуштар укуктук ченемдик актынын долбоорун иштеп чыгууда каралат. (НМ)

Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги

Бөлүшүү

Комментарийлер