АККРЕДИТАЦИЯ: МЕКТЕПТЕГИ БИЛИМ БЕРҮҮНҮН САПАТЫ ТЕКШЕРИЛИП ЖАТАТ

  • 17.01.2018
  • 0

Билим берүү жана илим министрлиги өткөн жылдан баштап биринчи жолу 1958 жалпы орто билим берүү уюмдарын аккредитациядан өткөрүп жатат. Биринчилерден болуп Бишкек шаарындагы 63 мектеп өттү. Анын ичинен №75 жана №32 мектептердин маселеси кезектеги коллегияда карала турган болду. Ошондой эле аккредитациялоо учурунда бир топ кыйынчылыктар кездешкен. Анда сөз аккредитацияны өткөрүүдөгү тиешелүү жетекчилерде.

АККРЕДИТАЦИЯ: МЕКТЕПТЕГИ БИЛИМ БЕРҮҮНҮН САПАТЫ ТЕКШЕРИЛИП ЖАТАТ

Нурбек Казыев, Билим берүү жана илим министрлигинин лицензиялоо жана аккредитациялоо башкармалыгынын башчысы:

— Билим берүү уюмдарын аккредитациялоо өткөн жылдын июнь айынан бери жүргүзүлүүдө. Министрликтин буйругу менен июнь айында 40 жалпы орто билим берүүчү билим берүү уюмун аккредитациялоодон өткөрдүк. Алар Бишкектен – 10, Чүйдөн – 6, Ош шаары жана облус боюнча – 12, Жалал-Абад – 3, Ысык-Көл – 1, Талас – 2, Баткенден – 6 мектепке аккредитациялоо жүргүзүлгөн. Алардан 33 мектеп аккредитациялоодон өтүп, жети мектеп өтпөй калган. Өтпөй калган мектептер быйыл аккредитациялоого арыз беришет. Ал эми 2017-жылдын аягында Бишкек шаарындагы 63 мектеп жана “Сапат” билим берүү мекемелеринин 12 мектебин аккредитациялоодон өткөрдүк. Коллегиянын чечиминин негизинде №75 жана №32 мектептердин маселеси кезектеги коллегияда карала турган болду.

Негизи быйылкы окуу жылында 1958 жалпы орто билим берүү уюмдарын аккредитациялоодон өткөрүшүбүз керек. Азыр жалпы республика боюнча даярдыктар көрүлүп, билим берүү уюмдары аккредитациядан өткөрүү боюнча арыздарын тапшырып жатышат. Аймактардан келген арыздардын негизинде алардын документтерин текшерип, анализ жүргүзүүдөбүз. Буюрса апрель-майга чейин калган билим берүү уюмдарын аккредитациядан өткөрүп, министрликтин буйругу менен түзүлгөн комиссиянын чечимин биз коллегияга сунуштайбыз деп турабыз.

Түзүлгөн комиссиянын иштөө тартиби төмөнкүдөй: мисалы, Бишкек шаарын алалы, борбор калаада төрт район бар, ошол төрт районго өз-өзүнчө комиссия түзүлдү. Алар төрт район боюнча иш жүргүзүшүп, документтерин толугу менен анализдеп чыгышты. Ошол эле мезгилде Улуттук тестирлөө борбору өзүнүн комиссиясын ар бир мектепке жөнөтүп, тест өткөрүү менен, тесттин жыйынтыктарын алып келишти. Эки негизги аткарылган жумуштун жыйынтыктарын бириктирип туруп, жалпы корутундуну коллегияга сунуштадык.

Аккредитациялоо ушул эле тартип менен региондордо да жүргүзүлөт. Ар бир район боюнча комиссия иштейт. Комиссиянын курамына тажрыйбалуу мугалимдер, билим берүү уюмдарынын жетекчилери, байкоочу кеңештин мүчөлөрү, атуулдук коомдун өкүлдөрү тартылган. Азыр бардык облустардан аккредитациядан өткөрүү үчүн арыздарды кабыл алып жатабыз. Техникалык маселелер боюнча кеңеш берүүдөбүз. Мурдагыга караганда, азыр аккредитациялоо бир тараптан жеңил болуп калды. Себеби, маалыматтарды кабыл алуу электрондук шартта жүрүп жатат. Министрликтин сайтында бардык талаптар боюнча маалыматтар жайгаштырылган, ошол боюнча билим берүү уюмдары документтерин электрондук вариантта жөнөтүп жатышат.

Зейнеп Жамакеева, Улуттук тест жүргүзүү борборунун директорунун орун басары:

— Бардык билим берүүчү мекемелер үчүн бирдей шартта аккредитациялоо өтөт. Анын бирден бир бөлүгү болуп – бул сырттан билимди баалоо. Сырттан баалоо эмнени камтыйт? Министрлик тарабынан эксперттик комиссия түзүлөт. Биринчи — комиссия билим берүүчү мекеменин жалпы иши “КР билим берүү жөнүндөгү” мыйзамдардын аткарышына туура келеби, мамлекеттик стандарт туура аткарылып жатабы ж.б.у. с. көрсөтүлгөн өкмөттүн токтомдундагы талаптардын аткарылышын карайт, экинчиси, окуучулардын билиминин деңгээлин анализдөө. Билим деӊгээлин аныктоону Улуттук тест жүргүзүү борбору (мындан ары УТЖБ) тест өткөрүү аркылуу аныктайт.  

2017-жылдын ноябрь-декабрь айларында Бишкек шаарынан 63 мектептин окуучулары тесттен өттү. Кандай кыйынчылыктарга туш болдук? Эсиңиздерде болсо Улуттук тест жүргүзүү борбору 1993-жылы түзүлгөн. 1994-жылдан бери эле республиканын бардык район/шаарларында окуучулар өз каалоосу менен катыша турган (көнүгүү жана негизги) тест сынагын өткөрүп келет, эл арасында НЦТнын тестти деген аталышка ээ.

Ал тесттердин мааниси деле ушул билим берүүнүн сапатын баалоону, бутүрүүчүлөрдүн мамлекеттик жыйынтыктоо аттестациясына, көчүрүү экзамендерине даярдык көрүүсүн камсыз кылуу, тест методу менен текшерүүнүн негизги формалары жана тартиби менен тааныштыруу. Ошондой эле окуучуларды тест деген эмне, тестти аткаруу үчүн кандай көндүм-билгичтик керек жана тестти аткарууга көндүрүү. Бул тесттер жылына республика боюнча эки жолу: көнүгүү эки жолу, анан негизги тест өтөт. Бул боюнча Билим берүү жана илим министрлигинин Жобосу жана буйруктары бар. Жобого ылайык биринчи көнүгүү тест окуу жылы башталганда 15-октябрдан 15-ноябрга чейин, экинчиси – көнүгүү тести 15-февралдан 15-мартка чейин өтөт. Анан негизги тест апрелде өтөт, бул тесттин жыйынтыгы окуучуларды канааттандырса, мектептин педагогикалык кеңешинин чечими менен, окуучу мамлекеттик жыйынтыктоочу аттестациядан (оозеки түрүндөгү экзаменден) бошотулуп, тесттен алган баасы аттестация баасы катары эсептелинет. УТЖБ көрсөткөн бул кызматка акы алат, бүгүнкү күндө, анын баасы 150 сом. 11-класстын окуучуларына сунушталган 16 предмет боюнча тесттерден, 9- жана 10- класстын окуучуларына сунушталган 15 предметтен окуучу үч сабакты тандап тест тапшырса болот. Мектептерди аккредитациядан өткөрүү маалында, шаарда эле жайгашкан кээ бир мектептер УТЖБнун тесттерине такыр катышпаганы белгилүү болду. Окучуулардын тест тапшыруу боюнча көндүмү жок болгондуктан, алар менен тест өткөрүүдө татаалдыктар болду.

Биринчиси — бул окуучулардын тест тапшыруу боюнча көндүмүнүн жоктугу, мисалы, Улуттук тест жүргүзүү борборунун жооп баракчасы бар. Аны туура толтуруу керек, окуучунун жыйынтыгы, демек мектептин жыйынтыгы бул нерседен көз каранды. Жооп баракчаны оптикалык сканер окуйт, туура эмес толтурулса, баланын жыйынтыгы туура эмес болот. Бул ишти аткарууда тест администратор, туура толтурганга балдарды үйрөтүп, андан кийин тестти баштайт. Маалымат берүүчү бөлүмдү толтуруу убактысы тесттин убактысына кирбейт. Көпчүлүк учурда процессти токтотуп, ката кетирген балдарга жооп баракчасын алмаштырууга туура келет. Ошого карабастан, кээ бир окуучулар тестти аткарууда, жооп баракчасын толтурууда кемчиликтерди кетиришти, бул кемчиликтер жыйынтыкты иштеп чыгууда (обработка результатов) көп убакытты алууда.

Билим берүү министрлиги тарабынан эки предмет аныкталды: математика жана эне тилинен сөзсүз, ал эми үчүнчү предметти аккредитациялануучу негизги жана/же жалпы орто билим берүүчү мекеме өзү тандады.

Экинчиси, кээ бир мектептер жекече программалар менен окуйт экен. Алар өз убагында лицензия бөлүмүнө арыз бергенде, биздин тест борборуна келип, «биз өзгөчө программа менен окуйбуз» деп айтылбагандыктан, УТЖБ предметтер боюнча тесттерди негизги жана жалпы орто билим берүүчү мектептердин программасынын негизинде түзүлгөн. Мисалы, №61 лицей үчүнчү предмет катары физика предметин тандашкан. 11-класстын окуучулары физика сабагы боюнча тест менен иштегенде көпчүлүк тапшырмалар өтүлө элек темалардан экендигин айтышты. Изилдей келгенде, мектептин программасы жалпы билим берүүчү мектептердин программасынан абдан айырмалангандыгы белгилүү болуп, жеринде акт түзүлүп, ал күнкү тесттин жыйынтыгы физика сабагы боюнча эсептелинген жок. УТЖБ тарабынан алардын программасына ылайык тест түзүлүп, окуучулар эки күндөн кийин физикадан кайра тест тапшырышты. Ушундай учурлар болду. Демек мектептер лицензия бөлүмүнө өтүнмө берээрде, программалары тууралуу УТЖБ маалымат бериши шарт. Мисалы, биз мындай шарт менен “Сапат” билим берүү мекемелери менен иштедик, алар өздөрүнүн программасын алып келип беришти. Биз аларга программасына ылайык тесттерди түзүп сынакты өткөрдүк.

Айта кетчү нерсе, «Сапат» билим берүү мекемесинин 12 мектеби тең эн жакшы көрсөткүчтөрдү көрсөттү. Окуучулардын билим деңгээлинин жетишкендиктери — 82-97%, сапаты — 61-89% түздү. Үчүнчүсү, атайын жатак-мектептер, т.а. угуусу, көрүүсү начар ж.б. физикалык ар кандай кемчилдиктерди бар балдар окуган мектептер.  Ушул мектепттерди эксперттик комиссиянын чечими менен эле тест сынагын өткөрбөстөн, билим деңгээлин текшерүүнүн аларга ылайык оптималдуу жолун таап, ал мектептерди аккредитациялоодон өткөрсө болобу? Мисалы, Бишкек шаарындагы бул көйгөйдү, атайын жатак-мектептер менен түзмө-түз иштөө жолу менен чечип жатабыз, ал эми региондорго барганда кандай болот?

Жыйынтыгында, айта кетчү нерсе, Бишкек шаарындагы 63 мектептин 11де окутуу кыргыз тилинде, 18 орус тилинде, 34 эки тилде жургүзүлөт экен. Бир тилдүү мектептерден 9-класстан — 30 окуучу, 11-класстан — 30 окуучудан тест алдык. Эки тилдүү мектептерден тест үчүн биз көбүрөөк иш-аракет кылдык, аларга 120 окуучуга тестти эки тилде даярдадык. Аз комплекттүү мектептерде 60 же 120 окуучудан тест алыш үчүн башка класстын окуучуларын дагы алдык. Улуттук тест жүргүзүү борбору өткөн жылдын ноябрь-декабрь айларынын ичинде алты предмет боюнча 5-, 7-, 8-, 9-, 10-, 11-класстар боюнча 370 вариант тесттерди түзүп, басып чыгарып, 8806 окуучуну тест сынагынан өткөрдү.

Ал эми Бишкек шаарынын билим деңгээлинин көрсөткүчтөрү жөнүндө айтсак, окуу орус тилинде жүргүзүлгөн мектептерден, мисалы, №61 автордук физика-математикалык мектеп- лицейдин окуучуларынын билим деңгээлинин жетишкендиги — 90%, сапатты — 71% түзүп, эң жогорку көрсөткүчтү көрсөтө алды. Экинчи жыйынтыкты №24 гимназия – жетишкендиги 86%, сапаты – 65%.

Кыргыз тилинде окуган мектептеринен №78 гимназия — жетишкендиги 78%, сапаты – 41%. Андан кийин жатак-мектеп №1 — жетишкендиги 74%, сапаты – 34%. Ал эми эки тилде (кыргыз, орус) окуткан мектептерден №49 орто мектеп — жетишкендиги 64%, сапаты – 40%, №95 гимназия-мектеби — жетишкендиги 63%, сапаты – 36% көрсөттү. Дагы айта кечүү нерсе, кээ бир лицей, гимназияларга караганда жөнөкөй орто мектептер, жакшы көрсөткүчтөрдү берди мисалы, №15 мектеп жетишкендиги 81%, сапаты – 68% көрсөттү. Ошондой эле №56 мектеп — жетишкендиги 78%, сапаты – 48%.

Бишкек шаары боюнча аккредитациянын жыйынтыгы менен акыркы үч жылда “артыкчылык аттестатына” талапкерлери көрсөткөн жана артыкчылык аттестатын алган окуучулары бар мектептердин жыйынтыктарын салыштырып көрсөк, ортосунда түз сызыктуу корреляция бар экендиги аныкталды. Мен көрсөтүп кеткен айрым мектептер, “артыкчылык аттестатына” берген талапкерлери билим деңгээлин тастыктап артыкчылык аттестаттын алышкан. Алсак, АФММЛ №61 2015-16-окуу жылында бир окуучуну, 2016-17-окуу жылында да бир окуучуну көрсөтүшкѳн, ал эки окуучу теӊ тесттин жыйынтыгы менен чыныгы талапкер экендигин тастыктап, артыкчылык аттестаттын алышкан. Жогоруда белгилеп кеткен №49 мектеп 2015-2016-окуу жылында “артыкчылык аттестатына” эки окуучуну көрсөткөн, ал жылы экөө тең, ал эми 2016-2017-окуу жылында эки талапкердин бирөөсү тастыктаган. Кээ бир мектептер көп сандагы талапкерлерди беришет, тилекке каршы, алар тесттин жыйынтыгында тастыкташпайт.

Гүлнара Алыбаева, «Кут Билим»

Бөлүшүү

Комментарийлер