АКЕЛЕРДИН САБАГЫ
- 09.11.2023
- 0
Карагым, кимден эмне сурап келдиң: узак өмүр сурасаң Карга акеге бар, ак бата сурасаң Мойт акеге бар, акыл-кеңеш сурасаң Сарт акеге бар, айла-арга сурасаң Тилекмат акеге бар, накта чындык сурасаң Садыр акеге бар, как калыстык сурасаң Карач акеге бар, нак касиет сурасаң Кыдыр акеге бар!
Кыргызда илгертен келаткан дагы бир накыл кеп бар: баш сурасаң Манжылы-Атага бар, дөөлөт сурасаң Чолпон-Атага бар, соолук сурасаң Ысык-Атага бар, так сурасаң Кочкор-Атага бар, бак сурасаң Таштар-Атага бар!
Канчалык кадыр-барктуу кандар, манаптар, бийлер, болуштар, дагын башка эл жакшылары менен бет келип, ачуу кептер айтылбасын же кыйчалыш маселелер козголбосун, акелердин сөзү жерде калган эмес: айтканы айткандай, дегени дегендей аткарылган.
Узак өмүр сурасаң Карга акеге бар!
Биз кыргыз элинин карт тарыхында өзүнүн өчпөс изин калтырган, ысымы көзү тирүү кезинде эле узун сабак уламышка айланган, чачылган элин жыйнаган, чабылган журтун коргогон кыргыздын чыгаан уулу Карга акенин арбагына таазим кылабыз. Үч кылымдан бери эл оозунда айтылып келаткан: “Карга бийдин боюнда касиети бар, оозунда осуяты бар” деген бир ооз накыл кептин эле наркы канча. Ал айтылуу жети акенин акеси катары саналып, эл арасында “түшпөс бий” аттыккан жайы бар.
Мына ушул акелердин эң улуусу – Карга бий Мендегул уулу (1718 – 1828). Ал 110 жашты жашаптыр. Карга аке – тилинде мөөрү бар, таңдайында сөөлү бар чечен, бий катары калыстыктан тайбаган, алысты аңдай билип, калкына кадыры өткөн адам. Ал 1824-жылы Орус падышалыгына алгачкы элчиликти жиберүү демилгесин көтөргөн бийлердин бири болгон. “Душман каймагыңа көз артпайт, аймагыңа көз артат» дептир биздин акебиз. Жараткан бизди ошондой жоодон сактасын!
«Жетимге санаалаш, жесирге каралаш бол», «Кайратты элден, келбетти жерден ал», «Тазалыкты суудан, ынтымакты туудан ал» деген накыл сөздөр да Карга акеге тиешелүү деп айтылып келет.
Карга акенин өмүр өтөлгөсү, мекенчилдик ариети бүгүн да өзүнүн барк-баасынан тайган жок. Алардын артында калтырган табериги келечек муундар үчүн атуулдук тарбия башаты, кажыбас кайраттын бийик үлгүсү, карт тарыхтын сабагы болоруна ишенем. Дал ушундай жамы-журту туу туткан аталар бар үчүн – биз да барбыз.
Акыл-кеңеш сурасаң Сарт акеге бар!
Тарыхый маалыматтарга караганда, Сарт аке 1780-жылы туулган. Азан чакырылган аты – Сартпай. Тилекмат аке андан 20 жаш кичүү экен. Бирок экөө замандаш болгон, таламдаш болгон кишилер.
Биздин акелер да мына ошондой эл тилегинен журт тиреги үчүн жаралган, далай тарыхый ири окуялардын күбөсү болгон, журт уютуп эл баккан адамдар. Алардын заманы тагдыр чечер мезгилге, опурталдуу доорго, сынаакы учурга туш келди, бүткүл өмүрү эл четинде, жоо бетинде өттү.
Сарт акеден сураптыр: “Кандай адам бай болот?”, — деп. Анын жообу: “Үйүнө кут түшкөн, пейли кенен, колу ачык, тукуму өскөн адам бай болот!
“Эркек деген ким, аял деген ким?” – “Эркек – үрөн, аял – жер, үрөн жерсиз өсө албайт! Бул дүйнөдө ким карып? Ынтымаксыз эл карып!”.
Анын бизге калтырган табериги ушундай.
Ак бата сурасаң Мойт акеге бар!
Илгери көлдүктөрдүн журт жакшыларынын сөөгүн Анжыян тарапка алпарып коюу каадасы болгон. Кышкысын сөөктү ак кийизге ороп, бак башына сактап, анан ашуу ачылганда атка жүктөп кетишчү тура. Ал эми жай чилдесинде каза болгон адамдын эти шылынып салып, сөөгү кычыта ачытылган кымызга жуулуп, атка артылып кете турган.
Акылга карк, берген батасы эгерим жаза кетпеген Мойт аке өлөрүндө мындай бир керээз калтырыптыр: “Балдарым, тилимди алсаңар, мындан ары кыйла катаал ашуу ашып, кыйла татаал жол артып алыска сөөк ташыганды токтотолу. Ата-бабаларыбыздын арбактары ыраазы болсун. Ысык-Көл деле биздин өз журтубуз, мындан ары маркумдардын сөөгүн ушул өрөөнгө эле коёлу. Мына, аны менден баштагыла!”.
Мойт акенин ошол керээзи аткарылып, анын сөөгү Тоң аймагындагы Манжылы-Ата мазарына коюлган дешет.
Айла-арга сурасаң Тилекмат акеге бар!
Биз бүгүн кыргыз элинин карт тарыхында өзүнүн өчпөс изин калтырган, көзү тирүү кезинде эле өмүр таржымалы менен өмүр өтөлгөсү узун сабак уламышка айланган, чачылган элин жыйнаган, чабылган журтун коргогон, улут учугун улаган кыргыздын чыгаан уулу Тилекмат акенин арбагына таазим кылып келебиз. Анын “Бири-бирибизге кол салбай, жол салалы” деген бир ооз накыл кебинин эле наркы канча.
Ал эми Тилекмат аке тилинде мөөрү бар, таңдайында сөөлү бар чечен, элдик дипломатиянын көч башында турган киши экен. «Дүйнөдө жети жетим бар: тыңшабаган сөз, чөп чыкпаган жер, багылбаган мал, кемпири жок чал, бойго жетип эр албаган кыз, элинен кеткен эр, башчысы жок эл жетим» дептир биздин акебиз. Жараткан бизди ошондой жалгыздыктан, алсыздыктан, камсыздыктан сактасын!
Тилекмат акенин өмүр өтөлгөсү, мекенчилдик ариети бүгүн да өзүнүн барк-баасынан тайган жок. Алардын артында калтырган табериги келечек муундар үчүн атуулдук тарбия башаты, кажыбас кайраттын бийик үлгүсү, карт тарыхтын сабагы болоруна ишенем. Дал ушундай жамы-журту туу туткан аталар бар үчүн – биз да барбыз.
Накта чындык сурасаң Садыр акеге бар!
«Дүйнөдө жети жетим бар: тыңшалбаган сөз, чөп чыкпаган жер, багылбаган мал, кемпири жок чал, бойго жетип эр албаган кыз, элинен кеткен эр, башчысы жок эл жетим. Анысы кандай, башчысы өлгөн бугу бүгүн жетим болуп отурат, ошондуктан бүгүн биз татыктуу адамды хан шайлап алалы деп мында чогулуп отурабыз», — деп Балтабайды калыстап хан шайлаган окуясы айтылып келет.
Тирүүчүлүктө бетке көө сүйкөнбөй, адамга тик карап, ак жүргөндөн артык нерсе болчубу? Бул жарык дүйнөдө үч артыкчылык бар. Биринчиси – өлгөндөн калган туяктын артыкчылыгы. Анткени артта калган туягың адамгерчиликтүү, сени жаманатты кылбай өссө, ысымың түбөлүктүү сакталып калары эп. Экинчиси – пайдасы жок падышанын ак сарайына караганда, кедей-кембагалдын чий калаган сайма алачыгы артык. Үчүнчүсү – элдин эмгегин кансыктатып жеген кажыган жолборстон көрө көп көзүнөн түнөк таппаган көр чычкан артык.
Как калыстык сурасаң Карач акеге бар!
Карач акенин түпкү теги кара калмак. Кезинде бабасы Чүрүм апасы кыргызга качып келиптир. Кара кылды как жарган калыс, адамгерчилиги жанда жок, кыябын келтирип кеп салган жан болгон, анын айткан сөзү ар кандай талашты аягына чыгарган. Өмүрү мал жыйбаган, дүйнө топтобогон, кара аламан калк ичинде карапайым жашаган.
Тилекмат акенин тун уулу Чыныбай мырза өз заманына жараша билим алып, жашынан тың чыгып, жалпы бугу журтун сурап калган чагы. Бир ирет бугудан чыккан дагы бир тыңчыкма Барат мырза кара кылды как жарган Карач акеге Чыныбайдын үстүнөн арызданып келиптир.
— Карач аке, манаптыгына манчыркап калган окшойт, тиги Чыныбай мырза четинен кертип отуруп менин туугандарымдын жайытын тарытып салды. Айтсак, орус ойозуна таянып алып, бизди уга турган түрү жок. Сизди угат, калыстык кылып бериңиз, — дейт.
Карач акенин түбү – калмак тегинен, чоң атасы кыргыздын бакма баласы. Ал эми Чыныбайдын чоң атасы, Тилекмат акенин өз атасы Жылкыайдардын насили черик уруусунан болот, кийин тагдыр жазымышынан улам бугу журтуна келип жуурулушкан.
Ошентип, Карга аке менен Барат мырза Чыныбайдын үйүнө айттырбай келип түшөт. Кымыз ичилип, эт желип, кол жуулуп бүтөт. Коноктор чайга караган маалда Чыныбай меймандарды сөзгө тартат.
— Карач аба, айттырбай келип калыпсыз, шашылыш бир ишиңиз бар го? – дейт, кош жаздыкка куш маал чыканактаган бойдон.
— Эл көйгөйүн аркалаган кишиге жүйөлүү иш менен келбей анан. Чыныбай мырза, калыс сөз айтсак угабы деп келдик. Убактыңды албайлы, уксаң – айталы, укпасаң – ушунчабызда кайталы, — дейт Карга аке.
— Айтыңыз, аба, айтыңыз, атайын ат арытып келгенден кийин. Укпай анан, кулак сизде. Жарыктык, калыс сөздөн кантип качалы…
— Эмесе мындай, Чыныбай мырза. Бугу – башынан өзгөнү өздөй санаган, көп азгынды бооруна тартып, жүрөгү ичтен канаган тектүү журт. Эми, башкасын айтпайын, бу бугу элин Кангайдан келип мен бийледим, капкайдан келип сен бийледиң, туурабы? Бугунун арты менен көбүбүз агардык-көгөрдүк, очор-бачар болдук, элкин басып, эркин жашап, сыйын көрүп жатабыз”, — деп, Чыныбайдын пейил күтүп калганын өз көзү менен көрүп, анын жосунсуз жоругуна анчалык ичи чыкпаган Карач аке арканды алыс таштаптыр. — Эми, эки тизгин – бир чылбыр колго тийгенде, бугуну жерип, алардын жерин тарытып, өз туугандарыңа берип, жоболоң жорук баштапсың, мунуң кандай? Барат деле эл этегин кармап, журт намысын коргоп жүргөн азаматтардын бири. Деги калыстык деген болобу? Жалгыз бугу эмес, далай жолу жамы кыргыз журтунун намысына жарап, батасына арзыган менин абам, сенин атаң Тилекмат акенин арбагына наалат келтирбей жүрсөңчү, – деп, этегин кагынган бойдон туруп кетиптир.
Ошондо мындай сөздү күтпөгөн Чыныбай ордунан тура калып: “Калыстык болот, Карач аке, калыстык болбой анан, жарыктык киши. Бу Бараттын туугандары сураган жерин алсын. Жайыты жетпей жатса, кошуп деле берели, бир эл – бир журт эмеспизби” — деп, чый-пыйы чыга чебелектеп жибериптир.
Көрдүңөрбү чыныгы калыс сөздүн күчү кандай, калыс кепке муюп, туура сөзгө жыгылуу жолу кандай!.. Мына ушундай кара кылды как жарган калыс сөзүн айткан Карга акеге да, аны туура түшүнүп, кемчилигин мойнуна алган Чыныбай мырзага да баракелде.
Нак касиет сурасаң Кыдыр акеге бар!
Бир курдай Кыдыр аке өзүнөн жыйырма жаш улуу Садыр акеден сураган экен: “Аке, бу дүйнөдө ким карып?”, — деп. Анда Садыр аке: «Мен билгенден бу дүйнөдө жети жетим бар: тыңшалбаган сөз жетим, чөп чыкпаган жер жетим, багылбаган мал жетим, кемпири жок чал жетим, эр албаган кыз жетим, элден чыккан эр жетим, башчысы жок эл жетим», — деген жообун берет. Мына, саясий маданиятыбыздын чыныгы тиректери! Бизде мындай элдик институттар арбын болгон.
Кыргызда “Чакырылбаган конок шыпырылбаган жерде отурат” деген кеп бар. Эми, бул – кырк уруу кыргыздын кыйытып айткан кырк маанилүү такмаза тамашасынын бири. Ошону менен бирге, кыргыздын “Конок бир консо – кут, эки консо – тут, үч консо – түт, төрт консо – жут” дегендей да кыйытма кыйды кеби бар. Муну ар бир кыргыз жакшы билген, ар дайым жадымында сактаган.
Ал эми үй ээси тарабынан конок күтүү каадасы бек сакталган. Конок төрткө бөлүнгөн: чакырылган конок, күтүлгөн конок, кудайы конок, жолоочу конок. Алардын ар бири өз макамына жараша тосулган. Коноктун келген жайы, качан кетер-кетпеси жөнүндө собол салынган эмес, аны ыңгайына жараша конок тарап өздөрү билдирген. Башынан кыргыздын мейман күтүү наркы ошондой.
Жети акенин кенжеси Кыдыр аке айыл аксакалдары менен дөңсөөдө конок тосуу каадасы менен отурса, аларды көздөй жоон топ атчан келаткан экен. Кыдыр акенин назары алдындагы ак боз атын алчактата минип, ээр үстүндө эч козголбогон бир азаматка түшөт:
— Капырай, береги кайсы жигит, киши көзү талгыдай кармашканын алгыдай, калк бийлеген зардалдай келишкен бир жан экен го, — дейт.
— Жарыктык, Кыдыр, ал сенин Дөгөчү балаң эмеспи, — дешет отургандар.
— Алда катыгүн ай, өз уулумду тааныбай, кара көзүм кашайган тура. Эми болбостур, өз балама көзүм тийип, бир кабыргам сөгүлгөн тура, — деп кейиген экен Кыдыр аке.
Дөгөчү куландан соо үйгө келип түшөт. Не бар, не жок, көзүм тийип калбасын деп чочулаган Кыдыр аке уулуна сары улагын садага чаптырып, түлөө өткөрөт. Айыл-апа тараган соң, Дөгөчү күүгүм талаш башым деп жыгылат.
Эртеси шашке ченде Кыдыр акенин үйүнө кадырлуу коноктору келип, аларга арнап тай союлат, ырчы-чоорчулар чакырылат оюн-зоок өткөрүлөт. Меймандарга тамак тартылып жатканда Дөгөчү жан берет. Кыдыр аке баласына өзү ыйман айтып, үйүндөгүлөрдүн ыйын тыйып, коноктор тараганча бириң дагы кың дебей тургула деген катуу талап коюптур.
Тамак ичилип, меймандар чайга караган маалда комузун колуна алып «Кыдырдын арман күүсү» деген мукам күүсүн черте баштайт. Комуз күүсү муңканып, теребел кейиштүү арманга чөмүлөт, айлана жым-жырт, баары тым-тырс.
Коноктордун ичинен бир кыраакы адам: «Бул күү жөн күү эмес, бир шумдуктун кабары, Кыдыр аке бир жакынынан ажыраган окшойт», — деп, калгандарына шыбырайт. Коноктор шашыла аттанып чыгып, айылдан окчун жерде күтүп турушат. Анан аза зыйнаты башталганда, кайра жабыла өкүрүп түшүшкөн экен…
Мына, кыргыздын конок күтүү, конок болуу каадасы. Мына, чыныгы ата-баба наркы. Ошон үчүн калкыбыз кан бийлигинен нарк бийлиги бийик турат деп келген да. Калктан, калктын нарк-насилинен, салт-санаасынан айланса болот!..
Сүйүнбек Касмамбетов, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик катчысы
Комментарийлер