АКЧА ТАЛАП КЫЛГАНГА АЙЫП ПУЛ

  • 10.04.2023
  • 0

АКЧА ТАЛАП КЫЛГАНГА АЙЫП ПУЛ

Мындан ары мектепте негизсиз акча чогулткан ата-энелерге, мугалимдерге 15ден 30 миң сомго чейин айып пул салынат. Мындай мыйзам долбоорун Билим берүү жана илим министрлиги сунуштоодо.

Мектептик билим берүү саясаты жана китеп басуу башкармалыгынын башкы адиси Гүлшан Абдылдаеванын айтымында,  мыйзам долбоору үч берененин негизинде  киргизилүүдө. Биринчиси,  «Укук бузуулар жөнүндө» кодекстин негизинде өзгөртүлөт. Баланы мектепке тартпай же акча талап кылуу менен мектептен чыгарып салган учурларда мектеп администрациясына чара көрүлөт. Экинчиси, мектепке киргизүүдө электрондук каттоого турган учурда баланы негизсиз кабыл албай койсо, же акча талап кылса, мектеп администрациясына же мугалимге мыйзам чегинде 150-200гө чейинки эсептик көрсөткүчтө айып пул салынат.

Мындан сырткары, мектепте мыйзамсыз акча чогултуу боюнча да мыйзамга өзгөртүүлөр кирүүдө. Сабак учурунда окуучулардан акча талап кылса, “акча алып келмейинче мектепке киргизбейбиз” деп  сыртка чыгарып койсо, баланы опузаласа,  ошол эле фонддук, коммерциялык эмес уюмдар ата-энелерден күчкө салып акча талап кылса жана ата-энелер группаларынан акча талап кылган көрүнүштөр укук коргоо органдары тарабынан аныкталса, анда да 200 эсептик көрсөткүчтө айып пул салынат.

— Буга чейин мугалимдин укугун коргоо максатында мыйзам долбоорун иштеп чыкканбыз, бүгүнкү күнү баланын укугун коргоого басым жасап жатабыз. Себеби ар кандай кырдаалдарга туш болуп, түрдүү окуялар катталууда.  Бала ата-энесин аяп, окуусун таштап салууну ойлогон учурлар көп. Министрликке келип түшкөн арыздардын басымдуу бөлүгүн акча маселеси түзөт. Мисалы, бизге келген арыздын биринде, мугалим ноутбук алуу үчүн ата-энелерден акча сураптыр. Балага психологиялык кысым көрсөтүп, акча талап кылган видеолор социалдык тармактарга да чыгып кеткен. Муну менен баланын билим сапатын өнүктүрмөк турсун, тарбиясын да жокко чыгарып жатабыз. Баланы рэкетчиликке түртүп, коррупцияга үйрөтүп алышыбыз мүмкүн. Ошондуктан биз мындай нерселерге бөгөт коюшубуз керек, — дейт Гүлшан Кушбековна.

Балдарга кысым жасагандар айып пул төлөө менен гана чектелбейт. Эмгек кодексине ылайык, жумуштан да алынат. Эгер ата-энеден акча талап кылган учур гана катталса, айып пул менен чектелет.

Бул мыйзам бир гана мугалим жана мектеп администрациясына тиешелүү эмес, коомдук фонддор же ата-энелер уюму окуучудан акча талап кылып, окуучуну мектептен чыгарып салып же балага физикалык, психологиялык басым жасаса, алардын иши да көз жаздымда калбайт.

АТА-ЭНЕ ЫКТЫЯРДУУ   АКЧА БЕРСЕ БОЛОТ

Мектеп директору “баланча акча таап келдим, мынчасы жетпей жатат” деп ата-энелер менен туура багытта иш алып барса, ата-энелер ыктыярдуу түрдө акча берсе болот. “Билим берүү жөнүндө” мыйзамда да ата-эне өз каалоосу менен акча берсе болот деп жазылган.

Учурда республика боюнча  мектеп директорлору бюджеттен тышкары акча табуу, менеджерлик сапатын өстүрүү боюнча атайын окуудан өтүп  жатат.

АТА-ЭНЕЛЕР ЭМНЕ ДЕЙТ?

Негизи мектептерди колдоо максатында ата-энелер тарабынан атайын фонддор ачылган. Акчалар ошол жакка чогултулат. Өлчөмү бардык мектепте бирдей эмес. Мисалы, шаардык мектептердин  айрымдарында жылына беш миңден чогултулса, кээ биринде миң сомго жетпеген акча чогултулат.  Тилекке каршы, кээ бир мугалимдер өзүнө керектүү каражаттарга, мектепке келген конокторго берилчү белектерге ар бир класстан чогултуп алгандар да бар. Мисалы, борбордогу эле эң белдүү деп аталган бир мектепте  ушундай көрүнүштөр бар. Ата-энелер аны далилдей албагандыктан унчукпай эле кала беришет.

— Чогултулган акча окуучулардын, мектептин кызыкчылыгы үчүн жумшалса жакшы. Тилекке каршы, каражаттын көп бөлүгү директорлордун чөнтөгүндө калат. Буга чейин мектеп фондуна айына 250 сомдон төлөчүбүз, азыр 100 сомдон беребиз. Мектеп фондуна деп чогулган акча бир жылда беш миллион сомдон ашат. Бирок анчалык чыгым кылышпайт. Бизге жыл этегинде жалган отчётторду берип коюшат, аны эч кимибиз далилдей албагандыктан унчукпай эле кала беребиз, — дейт атын атагысы келбеген шаар тургуну.

Чын-чынына келгенде мектептердеги көп муктаждыктар ата-энелердин жардамында чечилет. Муну коомчулук да, мугалимдер да, жетекчилер да билет. Мисалы, санариптешүү мезгилинде мектепке компьютер, интерактивдүү  доска сыяктуу биринчи кезекте зарыл болгон жабууларды мамлекет толук каржылап бере албай келет. Ошол эле учурда инвесторлордон келген каражаттарды мектептин зарылчылыгына колдоно албай, сол чөнтөккө өөнөп алып жаткан жетекчилер да жок эмес.

Айгерим Токтобаева, “Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер