«АК ШУМКАР» АЛДЫДА
- 27.05.2024
- 0
Аксы районунун Кербен шаарындагы «Жеткинчек» мектепке чейинки билим берүү уюмунда 1-июнь Эл аралык балдарды коргоо күнүнө карата «Улуттун жаркын келечеги» фестивалынын алкагында «Атам, апам жана мен — болобуз сонун спортсмен» аттуу спорттук мелдеш болуп өттү.
Мелдешке жалпы 12 ата-эне балдары менен катышып, «Ак шумкар» «Достук» командалары болуп бөлүнүп, спорттук тапшырмаларды аткарышты. Жыйынтыгында «Ак шумкар» командасы шамдагайлыгын көрсөтүп, жеңүүчү аталды.
Махабат МЫРЗАКАНОВА, Аксы району
Бөлүшүү
Комментарийлер