АК-ӨРГӨДӨГҮ АЛДЫҢКЫ КИТЕПКАНА
- 12.03.2023
- 0
Ак-Өргөдөгү №22 шаардык китепканага барганда, «Азыр көпчүлүк китеп окубай калды» деген сөз бул жалкоолордун ойлоп тапкан шылтоосу экенине ишендим.
Акөргөлүктөрдүн сүймөнчүлүгүнө айланган бул китеп ордосу №77 орто мектептин имаратында жайгашкандыктан мектеп окуучуларынын аягы үзүлбөйт. Качан келбе, жыйнактуу чакан залы бош эмес. Класс жетекчилер менен биргеликте тарбия саат, акын-жазуучулар менен жолугушуу, жаңы китептин бет ачары байма-бай өткөрүлүп турат.
Конуштагы китеп ордосунда үч кызматкер эмгектенет. Эң улуусу — “Маданияттын мыкты кызматкери” Сүйөркан Балтабаева өткөн жылы көп жылдык үзүрлүү эмгеги үчүн Кыргызстан китепканачылар ассоциациясынын “Китепкана жылдызы — 2022” сыйлыгына татыктуу болду.
Бул сыймыктуу сыйлыкка Сүйөркан эже өзүнүн ишке болгон чыгармачылык мамилеси, изденүүсү, кесипкөйлүгү аркылуу жетти. Узак жылдар бир жерде бел чечпей иштеди. Маяковский атындагы кыз-келиндер педагогикалык институтунун китепкана бөлүмүн бүтүрүп, башында айыл чарба институнда өз кесиби боюнча эмгектенди. Анан 2005-жылы “Китепкана достору” уюмунун чакыруусу менен Ак-Өргө конушуна келип, айыл өкмөтүнүн бир бөлмөсүндө иштей баштайт.
— 2006-жылы Ак-Өргөдөгү №77 орто мектебинен бизге атайын бөлмө бөлүнүп берилди. Өткөрүп алганда орус тилиндегиси 7 миң болсо, кыргызчасынын саны араң 400гө жетер-жетпес эле. Азыр 4700 китеп кыргыз тилинде, — дейт Сүйөркан Илиясовна.
Учурда китепкананын китеп фонду 11 миң 600 болсо, окурмандарынын саны 2650гө жетти. Алардын арасында мектеп окуучулары, мугалимдер, студенттер жана пенсия курагындагылар бар.
— Жыл сайын 23-апрелдеги Китеп күнүндө акөргөлүктөр куру келишпей, үйдөгүсүн ала келишет. Айыл өкмөтүнүнүн мурунку башчысы Бакыт Акматов эне тилиндеги 100 китепти белек кылды. “Эрайым” коомдук бирикмесинин да бизге жардамы чоң, — деди шаардык №22 китепкананын башчысы Асел Ашырова.
Ишеналы Арабаев атындагы университеттин бүтүрүүчүсү Асел Ашырова да бул жерде 2008-жылдан бери үзгүлтүксүз иштеп келүүдө. Жакында эле башчы болуп дайындалды.
— Сүйөркан Илиясовна – биздин устаттыбыз, насаатчыбыз! Ишибизге байланышкан көптөгөн сырларды эжеден үйрөндүк. Дагы деле үйрөнүп жатабыз, — дейт жетекчи.
Дагы бир иштемчил кызматкер Нааматова Таалай мында 2008-жылдан бери иштейт.
— Кесибим соода тармагы болгону менен бул өнөрдү да жүрөктөн сүйүп үйрөнүп кеттим. Китепканачы китепкана фондун сактоону, окурмандар менен иштөөнү, иш-чаралардын сценарийлерин жазууну билиши керек. Көп нерсени иштеп жүрүп үйрөндүм. Улуттук китепканадагы кесибиме байланышкан курстарга да барып, жаңы билимдер менен таанышып турам, — дейт эмгекчил китепканачы.
Мен барганда Таалай Нааматова Эл аралык эне тил күнүнө «Көп тил билүү — дүйнөгө көпүрө», «Жети элдин тилин бил, жети атаңдын тегин бил» деген сыяктуу учкул сөздөр, макал-лакаптар менен дубал гезитти кооздоп жатыптыр.
— Таалай ар кандай тематикадагы көргөзмө материалдарды жасоого дилгир. Эч эрикпейт.
Көргөн адам окугусу келгендей жасалгалайт, — дешти кесиптештери менин кызыгуумду байкап.
Өлкөбүздөгү урунттуу маданий окуялардын бири да мындагы кызматкерлердин көз жаздымында калбайт экен. Текчелерде «Кызыл кыргыз тарыхын» жазган тарыхчы Белек Солтоноевдин 145 жылдыгына, Ч. Түлөбердиевге Советтер Союзунун баатыры наамы берилгенинин 80 жылдыгына, залкар комузчулар Карамолдо Орозовдун 140 жана Ыбырай Тумановдун 135 жылдыгына, СССРдин эл артисти, дирижёр Асанкан Жумакматовдун 100 жылдыгына, Эсенгул Ибраевдин 90 жылдыгына арналган гезит-журналдар, китептер, сүрөттөр арбын коюлуптур.
— Окурмандардын бир да суроо-талабы жоопсуз калбашы керек. Эгерде сураганы жок болсо, ошол автор тууралуу гезит-журналдарга чыккан материалдарды таап беребиз. Бул биздин алтын эрежебиз, — дешти акөргөлүк китепканачылар.
Осмонаалы Сыдык уулунун 1913-жылы Уфа шаарынан жарык көргөн «Мухтасар тарых Кыргызия» китебине быйыл 110 жыл болгонун, Түгөлбай Сыдыкбековдун «Биздин замандын кишилери» романы мындан 75 жыл мурун (1948-жылы) кыргыз, орус тилдеринде жарык көргөнүн, ал эми Алыкул Осмонов 75 жыл илгери А.С.Пушкиндин «Евгений Онегин» поэмасын кыргыз тилине которуп, окурмандарга тартуу кылганын ушул жерден билдим.
Үстүбүздөгү 2023-жыл ТҮРКСОЙ тарабынан жалпы түрк дүйнөсүндө «Бакен Кыдыкееванын жылы» деп жарыяланган. Улуу актрисага мында атайын бир текче арналыптыр. Мааракелик иш-чаралардан тышкары китепканачылар «2022-2027 жылдарга Улуттук наркты сактоо жана өнүктүрүү жөнүндөгү Улуттук программа, «Дени сак улут, дени сак өлкө», «Китепкөй Кыргызстан» сыяктуу 12 мамлекеттик программа үстүндө такай иш алып барышат.
— Белгилүү публицист, жазуучу Кален Сыдыкованы чакырып окурмандар менен жолугушуу өткөрдүк. Иш-чарага Ишенаалы Арабаевдин араб тилиндеги китебин кирлицага оодарган Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген мугалими Сабира Өжөрбаева да катышты, — деди Сүйөркан Илиясовна.
Китепканадагы китептер «Бөбөк, сенин жомогуң», «Кенже балдар адабияты», «Бирге окуйбуз!», «Жаратылыш жалпыга таандык «, «Китеп — акыл-ойдун казынасы», «Улуттук каада-салттар», «Дүйнөлүк адабият», «Котормолор» деген өз-өзүнчө бөлүмдөргө коюлган. Акыркы бөлүмдөгү көлөмдүү китептерге көзүм түштү. Ичиндеги кагазы, иллюстрациясы башкача сапатта экен. Англис тилиндеги бул чыгармалар Америка элчилигинин каржылоосунда Европадан жарык көрүптүр. Тилекке каршы, бирөөсү да ачылып окулбаптыр.
— Ушул китептерге кеткен кайран акча! Алып келишкенден бери окулбай турат. Ушундан көрө Айтматовдун чыгармаларындагы дастан, жомокторду өз-өзүнчө китеп кылып чыгарып беришсе, балдар окушмак, — деди Асел Сабырбековна.
Багы ачылбаган котормолорду барактап чыксам, бүт эле адабий котормодон алыс, ЖОЖдордун окутуучуларынын колунан чыккан сөзмө-сөз котормолор экен. Албетте, мындай мамиле менен биз кыргыз котормо адабиятын байыта албайбыз. Алыкул Осмонов «Жолборс терисин жамынган баатырды» которгондой которулса, сөз жок эле.
Китепканачылар окурмандар китепти кесибине, анан албетте жаш курагына жараша тандашарын, мисалы, мектеп окуучулары көбүнчө мектеп программасына кирген акын-жазуучулардын чыгармаларын сурашса, жаштар көбүнчө Наполеон Хилл, Роберт Брайан, Роберт Кийосаки, Саидмурод Давлатовдун, Кыргызстандан Чыңгыз Исмаиловдун миллионер болууга үндөгөн китептерине, пенсия курагындагылар И.В.Сталин баш болгон өткөн доордун лидерлеринин өмүр жолуна кызыгаарын айтышты.
— Жаштарыбыз өз элинин өткөн тарыхына, маданиятына, каада-салттарына, үрп-адатына кызыгышса жакшы болмок. Булар — элибизди эл катары кармап турган көөнөрбөс баалуулуктар экени талашсыз, — дейт Сүйөркан эже коштошуп жатып.
А.АЛИБЕКОВ, «Кут Билим»
Комментарийлер