“АК-ӨРГӨДӨ” АК ӨРГӨ КӨТӨРҮЛДҮ

  • 30.04.2019
  • 0

Ак-Өргө жаңы конушундагы №186 бала бакчанын ата-энелеринин демилгеси менен боз үй көтөрүлдү. Анда балдарга ата-энелер кыргыз баалуулуктары жөнүндө кеп куруп, жомок, санжыра айтып беришет. Ошондой эле бардык улуттук майрамдар дагы ошол этнобурчта өткөрүлмөкчү. Салт боюнча боз үйдү Умай эне аластап, чачыла чачып, нарктуу, барктуу акөргөлүк аксакалдар бата беришти.

“АК-ӨРГӨДӨ” АК ӨРГӨ КӨТӨРҮЛДҮ

“АК-ӨРГӨДӨ” АК ӨРГӨ КӨТӨРҮЛДҮ

№186 бала бакчанын директору Дилнара Майгулакованын айтуусунда, бала бакчанын Камкордук кеңешинде бир нече комитеттер иштейт.

  • Камкорчулар кеңешинде 36 адам бар. Коррупция, этика, тамак-аш комитеттери ж.б.у.с. деп алтыдан адамды бөлүп койгонбуз. Ата-энелер өздөрү демилге көтөрүп, боз үй тигели дешти. Ошондой эле балдарыбыз таза, кенен жатышсын деп эки кабаттуу керебет, ага салынчу матрац, шейшептеринен бери алып беришти. Жалпы жонунан 84000 сом чогултуп, бир тыйынын коротпой, бала бакчага керектүү чайнек, телевизорун кошо алып беришти. Ата-энелер менен тыгыз иштейбиз. Эми “беш кол тең эмес”,  ар кандай ата-энелер болот. Бирок сабырдуулук менен баарына бирдей мамиле кылып, түшүндүрүү иштерин жүргүзүп келатабыз. Ата-энелердин жүзүн бала бакчага бурбасак болбойт. “Р.Отунбаеванын демилгеси” эл аралык фондунун колдоосунда мындан эки жыл мурда Стамбулдагы мектепке чейинки мекемелердин иштери менен таанышып келгенбиз. Ошол жерде “Аталар борбору” бар экен. Биздин делегация аябай кызыккан элек. Мына эми ошол менин оюмду айттырбай, ата-энелер этнобурчту ачып беришти. Менимче, бул жерден чоң аталар, чоң апалар келип бөбөктөргө боз үйдүн функциясы, ал эмнеден тураарын практикада көрсөтүп беришет. Муундан муунга жеткирчү баалуулуктар тууралуу кеп болот. Ошол жерден жомок окуп, санжыра айтып берет деген үмүттөмүн. Ата-энелерге чоң ыраазычылык билдирем,  — деди бала бакчанын жетекчиси.
  • “АК-ӨРГӨДӨ” АК ӨРГӨ КӨТӨРҮЛДҮ

Майрамдык иш-чарага чогулган ата-энелерге жамааттын кызматкерлери жана жаш энелер балдары менен бирге чакан концерт тартуулашты. Андан соң Умай эне сыртта көтөрүлгөн боз үйдү арчалап, чачыла чачты. Келген ата-энелер боз үйдүн ичин көрүп, анда кыргызга таандык буюмдар коюлганын, балдар үчүн отуруп, жомок укканга жакшы шарт түзүлгөнүн көрүштү. Мындан сырткары ак өргөнүн жанында чакан ашкана боз үйү тигилип,  ичине казан тулгалары менен коюлган.

“АК-ӨРГӨДӨ” АК ӨРГӨ КӨТӨРҮЛДҮ

  • Бул ашкананы койгонубуздун себеби, кичинекей бөбөк улуттук тамактар кантип жасалаарын билсин, анын жытын сезсин дедик. Ушул эле жерде буюрса эмдиги жылы Ноорузда сүмөлөк кайнатабыз. Аны дагы бөбөктөр көрүшөт. Эң башкысы жайлоону көрбөгөн шаардык бала боз үйдө отуруп жомок угат, айлана-чөйрөдөгү табиятты жакындан тааныйт. Анткени боз үйдүн айлана-чөйрөсүндө бак-дарактар, гүлдөр отургузулган. Бизден мурда эле ата-энелер кубанып жатышат. Анткени бөбөктөр телефон чукулабай, кечинде үйгө келгенде ата-энесинен жомок айтып берүүнү талап кыла башташат. Жети атамды айтып бериңизчи дейт. Ээрди ким чабат, ал эмнеден турат деген суроолорду бере баштайт. Ошону менен биз бир эле баланы эмес, анын ата-энесин кошо окутуп, тарбиялайбыз. Боз үй – үй-бүлөнүн символу, — деди бала бакча башчысы.

Иш-чарага келген ак калпакчан чоң ата, ак элечекчен чоң апалар баталарын берип, ушул боз үйдөн кыргыздын баалуулуктарын үйрөнүп, Кыргызстандын өнүгүп-өсүшүнө салым кошкон мыкты инсандар чыксын дешти.

“АК-ӨРГӨДӨ” АК ӨРГӨ КӨТӨРҮЛДҮ

  • Менин бул бала бакчага чөбөрөм келет. Мен коррупция комитетинин мүчөсүмүн. Мамлекетти карап отура бербей, анча-мынча акча берип, бала бакчаны колдойлу. Анткени ушул жерде неберелерибиз, чөбөрөлөрүбүз окуп, тарбия алып жатышат. Чөбөрөмдүн жаткан жерин көрүп, зейним кейиди. Матрацтары эскирип кетиптир. “Кичине каражат чогултуп, жаңыртып берели” десем, директор болбой койду: “Ата-энелер арызданышат” деп. “Мен жооп берем” деп демилгени колго алып, бала бакчага керектүүнүн баарын алып бердик. Балдарыбыздын келечегине кам көрдүк. Акча чогултуп, эмеректерди алганда бала бакчанын директорунун жумушу кандай оор экенин түшүндүк. Дилнара Жолдошовна ата-энелерди бала бакчанын маселелерине аралаштырып жатканына сүйүнүп жатабыз, — деди чоң эне.
  • “АК-ӨРГӨДӨ” АК ӨРГӨ КӨТӨРҮЛДҮ
  • “АК-ӨРГӨДӨ” АК ӨРГӨ КӨТӨРҮЛДҮ
  • “АК-ӨРГӨДӨ” АК ӨРГӨ КӨТӨРҮЛДҮ

Ленин райондук мамлекеттик администрациясынын мамлекеттик тил  боюнча башкы адиси К.Жакыбалиева, №186 бала бакчадагы өзгөчө иш-чара мактоого арзырын билдирди.

  • Канчалаган иш-чараларга катышып жүрөм, бирок бүгүнкүдөй майрамды көрө элек элем. Биринчиден, ынтымактуу ата-энелердин демилгеси менен боз үй көтөрүлүп, келечек муун үчүн чоң иш жасалыптыр. Анткени ушул жерден улуттук билимдер калыптанат. Мугалимдердин, тарбиячылардын балдарынын билимдери төмөн болот. Анткени алар арзыбаган айлыкка кайыл болуп керели-кечке башка бирөөнүн баласын эркелетип, башынан сылап окутуп, тарбия беришет. Ал эми өздөрүнүн балдарына убакыты жетпейт. Иш менен жамаат топ келип турса, маянасы деле кызыктырбай калат. Ата-энелер айткан жылуу сөздөр педагогдорго чоң дем-күч берет, — деди башкы адис.

Ошентип ата-энелер  “бала бакча жамааты — биздин үйдүн бактысы. Бала бакча — биздин экинчи үйүбүз. Ата-эненин мээримин көргөн бала бактылуу, билим алган бакчада өскөн бала бактылуу. Эч нерседен кем болбой жүргөн бала бактылуу, бакчасында сайраңдап ойноп жүргөн бактылуу”  деп кубанычтарын койнуна батпай турушту. Улам сайын ак өргөбүз ак жолтой, кут болсун деп бата берип жатышты.

  • Он жылдан бери ушул бала бакчага неберелерим, чөбөрөлөрүм келишет. Жетекчи абдан жоопкерчиликтүү. Ак өргөнү көтөрүп, ата-энелердин башын бириктирип койду. Элди бир жерге чогултуп жатканы кубандырат. Мен ойлонуп калдым, боз үй көтөрүлүп турат, кандай эми салым кошсом деп. Мүмкүн күндө келбесем дагы, жай мезгилинде келип балдарга жомок айтып берем. Билген уламыштардан айтам деген ой бар, — деди чоң ата Турсунаалы Мааметов.

Гүлнара Алыбаева, “Кут Билим”

 

 

 

Бөлүшүү

Комментарийлер