АКҮПҮ ЭЖЕЙ БАСКАН ЖОЛ
- 06.10.2023
- 0
Редакциябызга башталгыч класстарда кыргыз тилин окутуунун методикасын негиздөөчүсү, усулчу-окумуштуу, КРнын эмгек сиңирген мугалими, “Кыргыз тили”, “Алиппе” өңдүү китептердин автору, маркум Каратай Сартбаев агайдын өмүрлүк жары окумуштуу Акүпү Мураталиева телефон чалып, Каратай агайдын калтырып кеткен мурастары туурасында кеп кылып, эл эмгектен эскерип туруусун, агайдын эмгектери азыр да актуалдуу экендигин эске салды.
— Каратай Сартбаев бүт өмүрүн, күч-кубатын илим-билим чөйрөсүнө арнады. Ал башталгыч класстардын окуу-тарбия иштерин түптөгөн жана аны ар тараптан өркүндөткөн көрүнүктүү окумуштуу, чыгаан методист. Анын калеминен жаңы программа менен оригиналдуу окуу китептери, окуу куралдары, окуу-методикалык пособиелери түзүлүп, “Мектеп” басмасынан көп жолу кайталанып басылган. 150 басма табак окуу китептери 1 миллион 500 миң нусканы, илимий-методикалык эмгектери 400 басма табакты түзөт. Кайран киши “Каруум казык, башым токмок болгончо элге кызмат кылам” деп жаңычыл идеяларды көтөрүп, мезгилинен озуп жашады эле. Каратай Сартбаевдин эмгеги өз учурунда бааланбай, “КРнын Эл мугалими” наамын албай калды, — дейт ал үшкүрүнө.
Эжей учурдагы билим тармагынын азыркы көйгөйлөрүнө да чын дилден күйүп бышып, балдарды окутуунун эң жеткиликтүү усулдары туурасында узун кеп кылды. Акүпү эжей өмүрлүк жолдошу өтүп кеткен жылдан тартып белин бек бууп, жолдошу калтырып кеткен опол тоодой эмгектеринин чып чыргасын коротпой, 10 томдук кылып жыйнап, кайра бастырып, агай жөнүндө документалдуу тасма тарттырды. Дагы эле тынбай, агайдын жаркын элесинен алыс жылбай, эмгегин эл бааласа, жазган усулдары мектепте колдонулса дегенден ак эткенден так этет. Агай үчүн күйүп жанып, маркумдун асыл эмгектери унутта калбасын деп, жанын карч уруп, арбак алдында дайыма көзү өткөн жолдошуна ушунчалык берилгендикти көрүп, Акүпү эжейге тан бербей койбойсуз. Бул талбаган берилгендиктен өмүрлүк жардын эң касиеттүү үлгүсүн көрүп, атаңгөрү эгер артта калган жарым ушу Акүпүдөй болсо арманым жок эле дегидей суктанууга түртпөй койбойт.
— Эжей, — дедим, сөз арасында, — Эми Каратай агай жөнүндө көп жазылды, дагы жазыла бермекчи. Бирок ушул саам өзүңүз жөнүндө жазалычы. Сиздин да билим тармагындагы эмгегиңиз зор, — десем, — Аай балам, Каратайдын эмгегинин алдында меники бир жупуну иш да, — деп тим болду. Эми залкар педагог Каратай агайдын тирүүсүндө колуна кол, бутуна бут болуп, эмгегине эриш аркак Акүпү эжей жөнүндө кеп кылуунун удулу келди окшойт.
Акүпү Мураталиева эжей Жалал-Абад облусуна караштуу Токтогул районундагы Комсомол айылында 1934-жылы жарык дүйнөгө келиптир. Мектепти аяктаган соң, 1953-жылы Жалал-Абад шаарындагы А.С.Пушкин атындагы мугалимдер институтунун кыргыз тили жана адабияты факультетине кирип, аны 1955-жылы аяктаган. Алгач эмгек жолун аталган облустун педагогикалык орто окуу жайында өз адистиги боюнча мугалим болуп эмгектенген. Андан соң Көк-Жаңгак шаарындагы №3 мектепте да башталгыч класстарында мугалим болгон. Жогорку билимге ынтызарланып, 1957-1963-жылдары Кыргыз мамлекеттик университетинин кыргыз тили жана адабияты факультетинен билим алды. Он жылдан ашык Фрунзе шаарындагы М.Абдраев атындагы музыкалык жатак мектебинде башталгыч класстардын мугалими болуп иштеген. Педагогикалык жаатында алган билимин, топтогон тажрыйбасын андан ары өнүктүрүү максатында Акүпү эжей Кыргыз илим-изилдөө педагогика институтунун алдындагы башталгыч класстар секторунун аспирантурасына кирип, “Башталгыч класстарда этишти окутуунун методикасы” деген темада кандидаттык диссертациясын 1971-жылы өз мөөнөтүнөн мурда жазып бүтүп, жактаган. Ал кездеги жаш илимпоз педагогикалык илимин жаш педагогдорду тарбиялоого жумшоо аракетин көрүп, 1970-1973-жылдары В.В.Маяковский атындагы кыз-келиндер пединститутунда башталгыч класстар жана мектепке чейинки тарбия берүү кафедрасында окутуучу, 1973-жылдан кафедранын ага окутуучусу, ошол эле жылдан кафедранын доценти болуп иштеген. Ал И.Арабаев атындагы университетте кыргыз тили жана орус тилдерин окутуунун технологиясы кафедрасынын доценти болуп, эс алууга чыккан маалына карабай иштеп берди. Эжей университетте иштеген 69 жыл убакыттын ичинде өзүнүн педагогикалык илимий иш-аракетин эки багытта алып барды. Адегенде башталгыч класстар менен мектепке чейинки тарбия берүү кафедрасы бирге болгондуктан ошол мезгилде балдар бакчасы үчүн эч кандай программасы, окуу китеби жок болгондуктан биринчилерден болуп окуу программасын, окуу китептерин башка авторлор менен биргелешип түзүп чыккан. Мектепке чейинки тарбия берүү факультетинде “Сөз өстүрүүнүн методикасы” боюнча студенттерге кыргыз тилинде лекцияларды окуп, практикалык сабактарды өткөрүп, бала бакчаларда педагогикалык практикага жетекчилик кылуу менен бирге бул багыттарда байма-бай илимий макалаларды жарыялаган. Республикабыздын булуң-бурчуна барып, мугалимдердин окуу тарбия иштерине усулдук жардамдарын көрсөтүп турган. Эжейдин түзгөн программалары, жазган эмгектери 249 басма табакты түзөт. Башталгыч класстардын усулу боюнча бирден-бир адис эжейибиздин эмгеги адилет бааланып келе жатат. Ал “Билим берүүнүн мыктысы”, “Эмгек ардагери”,
И.Арабаев атындагы юбилейлик медалдын, И.Арабаев атындагы КМУнун эмгек сиңирген ишмери өңдүү сыйлыктардын, көптөгөн грамоталардын ээси. Аталган окуу жайдын ардактуу профессору. Эжейге көп жылдык үзүрлүү эмгеги үчүн КР билим берүүсүнө эмгек сиңирген кызматкери мамлекеттик деңгээлдеги ардактуу наам да ыйгарылган.
Бул эми, эжейдин эмгек жолунун бир тарабы эле. Акүпү эжей санжыргалуу өмүрүндө залкар педагог Каратай агайдын өмүрлүк жары, ага канат бутак болгондон тышкары окумуштуу катары өз жүзүн, жолун ачып, калыптана алды. Эжей окуучулук кезинде убагында атактуу №5 мектептин жетекчиси, таасын педагог Рудаковдун назарына түшүп, андан сабак алган адам. Айылдан келген кичине кыздын билимге болгон ынтызарлыгына кубанып, жардам кылганын эжей ар дайым жылуу эскерет. -Айылда окусам да, математикадан, химиядан ошол кездеги шаардык окуучулардан кем калбай, алардан ат чабым мыкты экенимди көргөн агай мени өзү министрликке иш менен кеткенде окуучуларга тапшырма берип, ушуларды чыгартып, текшере бер деп ишенип, сабакты мага тапшырган күндөрү да болгон,- дейт эжей.
Эжей Каратай агай менен бактылуу өмүрүндө үлгүлүү үй-бүлө болуп, татыктуу уул-кыздарды тарбиялашты. Улуу уулу Сартбаев Болот дизайн академиясынын академиги болуп, ата-энесин тартып илим жаатында тынбай иштеп турган кезинде оорудан улам кайтыш болуп кеткен. Эң эле оор, кабыргасын кайыштырган кайгыны эженин көтөрбөскө айласы канча эле. Азыр да баласын эстегенде каңырыгы түтөп шуу үшкүрөт. Уучу кур эмес экен, Болоттун кызы Асель Сартбаева азыр дүйнөлүк маанидеги окумуштуу. Британиялык FDM корпорациясынын версиясы боюнча 2021-жылы “Жылдын айымы” болуп таанылган. Бат университетинин профессору, Улуу Британиянын Падышалык илимий коомунун мүчөсү Асель миллиондогон адамдардын өмүрүн сактап калуу үчүн дүйнөлүк илимде чоң ачылыш жасады. Ал өзүнүн командасы менен вакциналарды бардык температурада кармап турган системаны иштеп чыкканга жетишти. Кыздары Динара фортепиана боюнча мыкты адис, окутуучу, Гүлнара орус тил адабиятынын мугалими болду. Беш небере, он бир чөбөрөсү бар. Профессор Акүпү Мураталиева “башталгыч билим берүүнүн атасы, Ушинскийи, мугалимдердин мугалими” деген атка эгедер, мугалим журтчулугуна аттын кашкасындай таанымал инсан Каратай агай менен бирге эриш-аркак болуп, бир чоң бай түп дарак түзүп, балдар-кыздары, неберелерине камкор туткан бактылуу учурларын көп эстейт. “Аккан арыктан суу агат” дегендей эжейдин да, агайдын да чапкан арыгынан илимдин, аракетчилдиктин көчү уланып, уучу узарып бара жатат. Ошол көчтүн түбү түбөлүктүү, байманалуу боло берсин.
Майрамбек ТОКТОРОВ, “Кут Билим”
Комментарийлер