АК КАЛПАК КҮНҮНӨ АРНАЛДЫ

  • 05.03.2020
  • 0

 Кара-Көл шаарынын Фрунзе атындагы №3 орто  мектебинде жаш муундарды кыргыздын байыркы баш кийими – калпакты ыйык тутуп, элибиздин маданиятын, салттарын сактоого тарбиялоо максатында мектептин бардык класстарында тарбиялык сааттар өткөрүлдү.

АК КАЛПАК КҮНҮНӨ АРНАЛДЫ

Кыргыз тили жана адабияты мугалими Маматказиева Назгүл  башталгыч класстардын окуучуларынан түзүлгөн  «Кырк чоро » тобунун катышуусунда «Ак калпактуу кырк жигиттер» аттуу адабий кече уюштурду.

Иш-чара төмөнку ыр саптары менен башталды:

…Теңир суйгөн жерибиз,

Манас бабам урпактар

Эгемендүу элибиз….

… Ала-Тоо шаңданат,

Аталар арданат.

Ак калпактуу кырк жигит

Оюн салып жар салат….

АК КАЛПАК КҮНҮНӨ АРНАЛДЫ

Кечеде «Манас» эпосунан үзүндүлөр, мекенибиздин жети дубаны  жана ак калпак жөнүндө көркөм ыр саптары, патриоттук обондуу ырлар аткарылды. Ак калпактын тарыхы, жасалышы, оюулардын маанилери жана түсүнө карай бөлүнүшү тууралуу видео-слайдды көрсөтүп, ак калпак тууралуу баяндап берди.

Жаш балдарга «колдой жүрсүн» деп Умай эненин, «көз тийбесин» деп карганын тырмагын, «тилеги дайыма суудай аппак болсун» деп булактын образын оюу менен чагылдырышкан; жигиттер анчылыкка жана куш салууга жакын болсо, калпактарына ошол маанини камтыган оюулар — «Тоо теке», «Бүркүт», «Аркар», «Илбирс», «Бөрү», «Жолборс»; уул бала балагат жашына жеткенде кыюусун кызыл түскө алмаштырышкан, мындай калпак кийген бала кыз жандап жүрүүгө, өзунө жар издөөгө акылуу болгон; жигит үйлөнүп, өзүнө үй-жай куткөндө кыюсу кара калпак кийген, кара кыюу үй-жайы бар экенин, калпактын ак- карасы аралаш турмуш шартына кошулганын билдирген; эркек жигит өз айлынын, өз уруусунун алдында кадыры жогорулап, эл башкарууга кудурети жетип калса, аппак түстөгү калпак кийгизишкен; уруу башчылары, бийлик ээлери, даражасы жогору адамдар бакай калпак кийишкен.

АК КАЛПАК КҮНҮНӨ АРНАЛДЫ

Адабий кечеде эли-жерин даңазалаган обондуу ыр-бийлерге орун берилди. Көрүүчүлөрдүн назарына калпактын түрлөрү көрсөтүлүп, КР туусун жана улуттук баш кийимибиз-калпактын (бийиктиги-бир метр) макетин алып чыгып, мекенчилдикке үндөгөн чакырыктар менен жыйынтыкталды.

А.Алибеков, “Кут Билим”

 

 

 

 

 

Бөлүшүү

Комментарийлер