АГРАРДЫК УНИВЕРСИТЕТТЕ ЭКИ БОРБОР АЧЫЛДЫ

  • 26.08.2022
  • 0

Кыргыз улуттук агрардык университетинде айыл чарба өсүмдүктөрүн жана топурак талдоо борборлору ачылды.

АГРАРДЫК УНИВЕРСИТЕТТЕ ЭКИ БОРБОР АЧЫЛДЫКУАУнун базасында жер кыртышын жана айыл чарба өсүмдүктөрүн анализдөө технологияларын изилдөө максатында органикалык айыл чарбаны жайылтууга жана адам ресурстарын өнүктүрүүгө көмөктөшүү долбоору ишке ашырылып келет. JICA долбоорунун (Япония эл аралык кызматташтык) колдоосу менен бул долбоордун алкагында 2007-2011-жж. өлкөнүн түндүк аймактарында бир нече биогаз орнотмолору ишке киргизилген. Метан эффлюентин (биогаз технологиясынын калдыктары) колдонууда айыл чарба продукцияларынын түшүмдүүлүгүн жогорулатууга өбөлгө түзүлдү. Мындан тышкары, бул долбоор JICAнын жана «Биомасс Рисерч» компаниясынын жардамы менен 2010-2019-жж. университеттин окумуштуулары органикалык жер семирткичтердин эффективдүүлүгүн тастыктай алган көп жылдык талаа изилдөөлөрүн жүргүзүшкөн. Анын ийгиликтүү натыйжалары 2019-жылы “Органикалык айыл чарба өндүрүшү жөнүндө” Мыйзам кабыл алуу үчүн негиз салган. Долбоордун алкагында аталган мыйзамга көмөк көрсөтүү максатында, топурак жана өсүмдүктөрдү изилдөө пландалууда.

  • Учурда Кыргызстандын айыл чарбасында өтө курч көйгөй бар. Минералдык жер семиркичтердин өтө кымбаттыгына байланыштуу, дыйкандар аларды жеткиликтүү баада сатып ала алышпайт. Натыйжада айыл чарба жерлеринин асылдуулугунун деңгээли жылдан-жылга төмөндөп бара жатат. А бул өз кезегинде бүткүл өлкөнүн айыл чарбасын алып баруунун натыйжалуулугунун төмөндөшүнө өбөлгө түзөт. Органикалык жер семирткичтерди колдонууга киргизүү менен мындай терс проблемаларды чечүүгө болот. Мисалы, компост, жашыл кык ж.б. Бул үчүн өлкөдө зарыл болгон бардык шарттар бар. Мисалы, бодо малдардын (ири мүйүздүү) жетиштүү санынын болушу биологиялык активдүү материалды алууга жана пайдаланууга мүмкүндүк берет. Ошол себептен КМАУнун базасында топурак жана өсүмдүктөрдү анализдөө борбору ишке киргизилүүдө. Бул борбор толук кандуу изилдөө жүргүзүү үчүн керектүү лабораториялык жабдуулар менен жабдылган. Топурак жана айыл чарба өсүмдүктөрүн анализдөө борбору Кыргызстанда органикалык дыйканчылыкты жайылтууга чоң салым кошот деп ишенебиз, — дейт университеттин ректору Рысбек Нургазиев.

Чолпон Кийизбаева, “Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер