АГРАРДЫК УНИВЕРСИТЕТТЕ БАЛЫК ЧАРБАСЫ АЧЫЛДЫ

  • 18.08.2021
  • 0

17-августта Кыргыз улуттук агрардык университетинде Демонстрациялык балык чарбасынын расмий ачылышы болду. Чарба Финляндиянын “FishEDU” долбоорунун алкагында ишке ашып, ага 600 миң евро каржыланган.

АГРАРДЫК УНИВЕРСИТЕТТЕ БАЛЫК ЧАРБАСЫ АЧЫЛДЫ

Борбор Азияда мындай балык чарбасы биринчи жолу ачылды. Алматыда буга окшогон чарба бар, бирок ал бир эле аудиториянын ичине салынган дейт “FishEDU” долбоорунун координатору Тимур Эшимбеков:

“Бассейиндин ичинде форель, сырттагы көлмөдө карп балыгы өстүрүлөт. Форель үчүн тоют Финляндиядан алынып келинсе, карп балыгына жергиликтүү компаниялардан алуу боюнча келишим түзүлдү”.

Долбоордун координатору студенттер университетте теориялык жактан сабак алып, практикалык окууларын бул жерден өткөрө тургандыгын жана балык чарбасында иштеген адистер кыска курстардан өтүп, сертификат алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ экендигин кошумчалады.

АГРАРДЫК УНИВЕРСИТЕТТЕ БАЛЫК ЧАРБАСЫ АЧЫЛДЫ

Азыркы күндө агрардык окуу жай балыкчылык жана аквамаданият багытында студенттерди кабыл алып, билим берип келет.

Ал үчүн агрардык окуу жайдан 10 мугалим, 5 техник балыкчылар Финляндиядан атайын 15 күндүк окуудан өтүп келишкен.

АГРАРДЫК УНИВЕРСИТЕТТЕ БАЛЫК ЧАРБАСЫ АЧЫЛДЫ

“Балык чарбасын өнүктүрүү жаатында адистер жетишсиз болуп келет. Мындан улам Чыгыш Финляндия университети менен биргелешип, кесипкөй адистерди даярдап чыгууну максат кылганбыз. Аквамаданият жана балык чарбасы боюнча ушул күнгө чейин 60 га жакын баланы окутуп чыгардык. Жылына бул адистикке 20-25 абитуриент кабыл алынат”, — деп билдирди Кыргыз улуттук агрардык университетинин ректору Рысбек Нургазиев.

Ал эми “FishEDU” долбоорунун жетекчиси Авенто Розанна, биргеликте жасап жаткан ишибиздин жыйынтыгын көрүү жана бүгүнкү иш-чарада болуу мен үчүн сыймык деп билдирди.

АГРАРДЫК УНИВЕРСИТЕТТЕ БАЛЫК ЧАРБАСЫ АЧЫЛДЫ

Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министринин орун басары Илич Марсбек уулунун айтымында, быйылкы жылдын биринчи жарымында балык өстүрүү 280 пайызга өсүп,  чарбалар чыгарган экспорттун көлөмү 300 пайызды түзгөн.

“Айыл чарба тармагы жалпысынан 2-3 пайыздын айланасында өсүш көрсөтүп жатса, балык чарбасы жогорку көрсөткүч менен мындан айырмаланып жатат. Бул көрсөткүч акыркы жылдары өлкөбүздө балыкчылык менен аквамаданияттын өнүгүп жатканынан кабар берет”,- дейт ал.

Аквамаданият борборунда студенттерге жана балык өстүргөн фермерлерге керектүү балык чарбачылыгы боюнча окуу китептери алынып, заманбап электрондук китепкана жана лаборатория уюштурулган.

Белгилей кетсек, долбоор Кыргыз улуттук агрардык университетинде балык чарба жана аквамаданият тармагын өнүктүрүү, бул тармакта билим берүүнү улантуу максатында төрт жылдан бери иштеп келет.

 

Бөлүшүү

Комментарийлер