“АГАЙ» СЕРИАЛЫН КӨРГӨНДӨН КИЙИН ЖЕ БИЗ КҮТКӨН, ҮМҮТТӨНГӨН КҮН КЕЛЕ ЖАТКАНСЫЙТ

  • 12.04.2023
  • 0

Азыр коомчулуктун назары билим берүүгө өзгөчө бурулуп калган учур. Бул  тармакта иштегендер  биздин өлкөдө эң көп сөзгө да калып, эң көп алкыш да алып жаткан учуру.

“АГАЙ" СЕРИАЛЫН КӨРГӨНДӨН КИЙИН ЖЕ БИЗ КҮТКӨН, ҮМҮТТӨНГӨН КҮН КЕЛЕ ЖАТКАНСЫЙТ

Дал ушундай кырдаалда да биз, мугалимдер, негизги максатыбыздан адашып калган жокпузбу? Коомчулук да мугалимден эмнени талап кылаарын билбей калган жокпу? Сырттан мектепке кирген адам сынык парта көрсө да, булганган полун көрсө да, кирдеген айнегин көрсө да, тешилип калган чатыры менен, кулап бараткан дубалын көрсө да мугалимди, же ошол мектептин жетекчисин жемелегени туурабы? Мыйзамда мектептеги шартты жакшыртуу жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын милдети деп айтылат, бирок алар да бюджеттен ашыкча каражат бөлө албай, мектеп мүдүрлөрү кайра эле ата-эненин колун карап, ал да  түпкү максатын унутуп, чарбалык ишке көмүлүп жатканын көрсөк да, коргой турган учурда кордогондор менен кошо тепкилеп жатып калганыбыз чын.
Негизи мектеп мүдүрүнөн баштап ар бир мугалимдин негизги милдети  өтүлүп жаткан сабактын сапаты,  күн сайын балага берилип жаткан жаңы билимдин маңызы болчу. Ошол билим берүүдө да түрдүү усулду талап кылып жатып, кайрадан баш аламандыкка батып алган жокпузбу? Бир гана сүйлөм менен, бир гана сүрөт менен, 1 минуталык видео менен түшүндүрүп койсо боло турган теманы, өзүбүз түшүнбөгөн усулга салып атып,  окуучунун да ойлоо жөндөмүн лабиринтке салып коюп жаткан жокпузбу? Ансыз да телефондогу миңдеген маалыматтын чын төгүнүн ажырата албай жаткан баланын мээсине ашыкча пайдасыз маалымат менен толтуруп коюп жаткан жокпузбу? Бир туруп чыгыштын, бир туруп батыштын, бир туруп СССРдин педагогикасын мактап отуруп, өзүбүздүн улуттук баалуулуктарыбызды унутуп, асманды багынтып шаңшысын деп таптаган шумкарларыбыз башкалардын зоосун мактап, шамалды багынтсын деп таптаган тулпарларыбыз башкалардын абасынын жытын даңктап  жатышкансыйт… Кимде күнөө, албетте мүнүшкөрлөрдө күнөө,  саяпкерлерде күнөө, бизде, мугалимдерде күнөө. Улуттук наркты уютуп айта албай жаткан бизде күнөө. Биздин бир гана милдетибиз бул билим берүү, ал эми тарбияга бүт коомчулук биз менен кошо жооптуу. Бардык аракетибизди, изденүүбүздү, чыгармачылыгыбызды турмуш агымынан ажыратып, эң негизги талап болгон ар күнү өтчү сабагыбыздын мазмунуна, маңызына карай көңүл бурушубуз зарыл. Алдыбызда отурган ар бир окуучу биз күтүп жаткан келечек экендигин ички туюмубуз менен сезип, ошого жараша мамиле кылып, аларды баласынтпай алардын кабыл алуу өзгөчөлүгүнө карап сабак өтүүгө тийишпиз. Кабыл алуу деңгээлине жараша суроо берүүнү, аракетине жараша шыктандырууну, максатына жараша багыт берүүнү адатка айландыруубуз зарыл. Шумкарларыбыз кайсыл жерде болбосун шаңшыганда улутубуздун улуулугу сезилип, тулпарларыбыздын туягынын дүбүртү ташты майдалап кумга айлантып, арстандарыбыздын үнүнөн аюлар да, бөрүлөр да, ажыдаарлар да сестене турган билим берүү биздин милдетибиз болуш керек эле. Азыр баарын биз өзүбүз аткара алабыз, өзүбүздө да тажрыйба бар, өзүбүздүн да билимибиз дүйнөнү багынта алат деген ишеничтемин. Мындай  пикириме Гапыр Мадаминов агайдын чакырыгы, анын усулу, тажрыйбасы түрткү болууда. Ал киши дүйнөнү кыргыз үнү менен, кыргыз сүрү менен багынтууга боло тургандыгын жыл сайын далилдеп келет. Кубандырганы агайдын бул идеясын бийлик да колдоп, биз күткөн, үмүттөнгөн күн  да келе жаткансыйт… Татыктуу тосуп алалы!

Зайнабидин МАМАСАДЫКОВ, Ноокат райондук билим берүү бөлүмүнүн жетектөөчү адиси

 

Бөлүшүү

Комментарийлер